Мен киммин? Мендей аялдар миллион, балким, андан да көптүр. Азыр эч кимге даттанып же арманымды айтып бырылдап ыйлагым келбейт. Мени кимдер эмне деп гана сөгүшпөдү?.. «Бирөөнүн жылуу уясын бузган акмак, шуркуя», «байлыкка гана кызыккан неме ал, жакшылык көрбөсүн» деп каргашты. Укпаган сөзүм калбады. Жашырбайм, чындыгында мен башында байлыкты көздөгөм. Эмнеге элде болгон үй, машина менде болбошу керек? Керек болсо мендей кыргыздын сулуулары аз. Жашмын, сулуумун, таланттуумун, акылдуумун, амбиция баштан ашат дегендей. Эл көзүндө жүргөн мырзанын колтугунда ар дайым шаӊ күлкүдө жүрүүгө эмнеге болбосун?
Калый байке эл алдында жүргөн адам эле. Акчасы, кызматы, бизнеси, келбети, акылы, кыскасын айтканда баары бар. Биз бир кечеде жолугушуп калдык да, мамилебиз башталып кетти. Кумар, жаштык, адреналин...
Менде каалаган нерсенин баары болду, бирок ошол бардыгына жеткен учурда баары башталды. Бардык нерсенин аягы болушу керек. Биздин романдын да өзүм ойлогон сценарийи бар болчу. Бирок тагдырда күтүүсүздүктөр болот тура. Мамилебиз 5 жылга созулду. Мурун мен аны оӊой эле алмаштырып кетем деп ойлосом, эми ага көнүп, күтүп баштадым. Эӊ жаманы – мен аны жакшы көрүп калган элем. Аны көпкө чейин моюнума алгым келбей жүрдү. Кийин Калый байкенин жумушу жакшы жүрүшпөй, кабагы салыӊкы боло баштады. Келсе келет, келбесе жок. Көзүмдү чачыратып күтөм, «мен үйдө болгон кезде таптакыр чалба, СМС гана жаз» деген. 50дөй билдирүү жаздым. Ошондо да көпкө күттүрүп келди. Келгенде атасын күткөн баладай чуркап чыгып, адатымча моюнуна асыла баштадым, ал кыжырдана башын буруп кетти.
– Бүгүн чарчап турам, үйдө аялым барда кабарлашпа дебедим беле...
– Сагындым...
– Эми сен сагынган сайын менин үйүмдө чыр болушу керекпи?
Кабагын сала бир аз сүйлөшүмүш болуп отурду да, кеткенге камына баштады.
– Эмне болду?
– Эч нерсе, кеттим үйгө...
– Жаӊы жыл эмеспи, жок дегенде...
– Жаӊы жылды үй-бүлөм менен тосушум керек,- деди ал корс.
Селт дей түштүм, анткени ал эч качан мага орой сүйлөгөн эмес эле. Көзүмдөн жаш кулап баратса да, куру жылмайып «макул» дедим. Ал эшикти тарс жапты да, чыгып кетти.
Кыздар, силерге айтарым, эч качан бирөөнүн көӊүлдөшү болбогула. Анткени ал эркек сен ооруп калган кезде эч качан башыӊдан сылап жаныӊда отурбайт. Маселеӊди айтсаӊ, акчасын ыргытып «ушул акча менен өзүӊ чечип койчу» дейт. Андан жакшы сөз күтүп жатканыӊ менен иши жок. Ал сен капа болгондо көзүӊдүн жашын аарчыбайт. Калп эле угумуш болгону менен анын ою, жаны, дили башка жакта. Аялында, балдарында, эӊ жок дегенде жумушунда.
Сен ал үчүн көӊүл ачуу, жаштыгын эскерүү үчүн келе турган утурумдук бекетсиӊ. Кыйналганда арманын угуп, көз жашын аарчый турган кол жоолуксуӊ. Анын чыныгы жашоосу башка жакта, а сен жөн гана...
Аны сезгенде жаныӊ кыйналат, жан далбастап анын жашоосундагы адамдардан оолактаткыӊ келет. Жадакалса телефонунун бетиндеги периште кызынан кызганасыӊ. Кызынын сүрөтүн тиктеп, эзилип турганын көргөндө ай ааламды бузуп бакыргыӊ келет. Кадимки аялдардай албууттанып буюм-теримдин баарын ыргытып, чачыӊды жулгуӊ келет. Бирок анте албайсыӊ. Анткени андай кылууга сенин укугуӊ чектелүү. Баарынан жаманы – майрамдар. Себеби анын мындай күндөрү сага таптакыр убактысы жок, жок дегенде эч ким жок жерге барып СМС жаза койгонго убактысы жок.
А сен бечара андан үмүт үзүп, көчөгө чыгып көӊүл ачып кете албайсыӊ. Бошсуӊ, бирок кишенделген адамдайсыӊ. Эркинсиӊ, бирок туткунсуӊ.
Менин ушундай жашоодо жашап жатканыма бир топ убакыт болду. Мамилени эчен жолу үзүп салып басып кетким келди. Мен дагы башка аялдарга окшоп бала сүйүп, күйөөмдүн жумуштан келишин күтүп, бакыт даамын таткым келет. 25 жашымда жолуккан элем, эми жашым 30га келип калды. Мен курактуулардын керек болсо 5 баласы бар. А мен жалгызмын, менде баары бар, сыртымдан көрүп суктангандар толтура, а балким, аягандар андан да көптүр. Менин бул жашоомдун акыры азырынча көрүнө элек...
Балким, кимдир бирөө мага кеӊеш берер.
Айдана