Футбол сезону кызыгына батып жаткан учур. Берлинде Чемпиондор Лигасынын финалы жаӊыдан гана аяктаса, Москва шаарында 5-июндан 14-июнга чейин «Арт-футбол» аталышындагы музыкалык-футбол фестивалы орун алууда. Быйылкы жылы бул мелдешке Кыргызстан курамасы алгачкы жолу катышууда.
АТАКТУУЛАР ТОП ТЕПКЕНДЕ
Мелдеш «Жакшылыктын желегинин астында» аттуу кайрымдуулук акциясынын алкагында өтүп, ага 16 улуттук курама команда катышууда. Бул мелдештин өзгөчөлүгү – аталган командалардын жалаӊ гана чыгармачыл адамдардан түзүлүшүндө. Биздин курамда бийчилер Атай Өмүрзаков, Жан Воинов, «Тумар КР» бий тобунун бийчилери бир тууган Саламат жана Азамат Абдрахмановдор, ырчылар Тола Турсуналиев, Курал Чокоев, Тынай Алыбаев, музыкант Адил Чекилов жана башкалар бар. Ал эми өлкөбүздүн командасына Pro категориясындагы лицензиянын ээси, израилдик Альберт Соломонов башкы машыктыруучулук кылууда.
«Арт-футбол» – бул жыл сайын өтүүчү эл аралык музыкалык-футбол фестивалы. Алгачкы жолу футбол оюндары Сочи шаарында 2007-жылы старт алган. Быйылкы чемпиондук 5-ирет өткөрүлүүдө.
ФИФАнын алдында өтүп жаткан бул мелдеш расмий түрдө «Артисттер арасындагы Дүйнөлүк чемпиондук» деп аталат.
КЫЗУУ ӨТКӨН БЕТТЕШТЕР
Кыргызстан курама командасы чүчүкулактын жыйынтыгында Казакстан, Түштүк Корея жана Германия курама командалары менен «В» тайпасына түшкөн.
Мекендештерибиз футбол талаасында алгач 7-июнь күнү коӊшулаш Казакстандын артисттери менен кез келди. Оюн курч мүнөздө өтүп, артисттер профессионал футболчулардан кем калышпастыгын көрсөтүп жатышты. Өз кезегинде коӊшулар оюндун 80-мүнөтүнө чейин эсепти 2:0 кылганга жетишишти. Ардана түшкөн кыргыз футболчулары жооп кайтарууга белсеништи бейм, аягында Азамат Абдрахманов менен Евгений Пилипас намыска жарап беришти. Эсеп 2:2.
Ал эми экинчи оюн бул мелдештин эӊ күчтүү командаларынын бири Германия менен болду. Кызыктуу өткөн бул беттештин жыйынтыгында 1:1 эсеби менен теӊ чыгуу катталды.
3-турдук чечүүчү делген Түштүк Корея менен болгон беттеш гезитибиз басууга кетип жаткан маалда орун алды.
«В» тайпасы. 2-турдан кийинки жыйынтык:
Тола Турсуналиев, ырчы: «БАРДЫГЫН ТАӉ КАЛТЫРУУДАБЫЗ»
– «Арт-футбол» фестивалына чет элдик жылдыздар айлап даярданышат экен. Биз 2 жума гана даярдандык. Машыктыруучубуз Альберт Соломонов алгач Кыргызстанда бардык чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнүн арасынан тандоо жүргүзүп, техникасы жогорку делген оюнчуларды тандап алды.
Оюндар жогорку деӊгээлде өтүүдө. Казактар биздин ойноо чеберчилигибизге баа беришти. 16 команданын арасынан эӊ күчтүү делинген германиялыктар менен теӊ чыкканыбызда баары таӊ калышты. Алар биринчи таймда кыйналышты. Азыр болсо түштүк кореялыктар менен болгон оюнга даярданып жатабыз. Кореялыктар ылдам ойношот экен, бирок биз болгон аракетибизди жасайбыз. Калыстарга суроолорубуз барган сайын көбөйүүдө, себеби алар башкаларга тартып коюшууда. Бирок кандай болгон күндө да күчтүү команда экенибизди оюн талаасында далилдешибиз керек!
Адилет Керимбек уулу
star@super.kg