ИЮНЬ ОКУЯСЫНА 5 ЖЫЛ. КООГАЛАӉДАН ТЫЯНАК ЧЫГАРА АЛДЫКПЫ?

2010-жылдын 10-июнунан 11-июнга караган түнү Ошто жаӊжал чыккан. Кандуу окуя 3 күнгө созулуп, Оштон ары Жалал-Абадды да камтып, кыргыз тараптан да, өзбек тараптан да бейкүнөө набыт болгондор, жаракат алгандар, үй-мүлкү таланып-өрттөлгөндөр жүздөп-миӊдеп саналды. Арадан 5 жыл өттү. Элдин эсинен эзели кеткис бул каргашалуу окуядан сабак алдыкпы? Мындай тирешүүлөрдү эми болтурбай коё алабызбы? Бул тууралуу жалгыз гана бийлик эмес, Кыргызстандын ар бир жараны ойлонуп, жыйынтык чыгаруусу абзел.

КАРТТАНГАН ЖАРА КАЧАН АЙЫГАТ?
1990-жылы июнь айында болуп өткөн этностор аралык жаӊжал менен 2010-жылы июнда өткөн кандуу каргашаны салыштыргандар толтура. Туура 20 жылдан кийин
кайталанган каргашанын окшоштугу жалгыз болсо керек: ал түшүндүрүү иштеринин жеткиликтүү деӊгээлде жүргүзүлбөй келгендиги.
Азырчы? Ооба, бейкүнөө кайтыш болуп кеткендердин жакындарына жардам берилди, жаракат алгандардын кай бири бүгүнкү күндө да дарылануусун улантып жатат. Ош менен Жалал-Абадда өрттөлгөн үй-имараттардын ордуна жаӊы курулуштар тургузулуп, дүкөндөр менен ашканалар ачылды. Күл додого айланган шаарлар кайрадан гүлгө оронуп, күндөн-күнгө, жылдан-жылга Июнь окуясынын изи өчүп бара жатат.
Беш жыл мурунку окуя эмнеден келип чыкты, кандай кесепеттерге алып келди, тыянак чыгарылдыбы, тирешкен эки элдин мамилеси мурунку калыбына келдиби деген
сыяктуу суроолордун жообу бүгүн да табыла элек. Ошко отту чагымчылар жакты дегенибиз менен, эл кыргын салган башкы адамдардын жазага тартылганын көрбөдү. Каргашанын чыгышына кызыкдар болгон тарап бүдөмүк бойдон калды.

«ИЮНЬ ОКУЯСЫН УЮШТУРГАНДАР ӨЗ ЭЛИНЕ ЧЫККЫНЧЫЛЫК КЫЛЫШТЫ»
Президент Алмазбек Атамбаев Июнь окуясынын 5 жылдыгына карата кайрылуу жасады:
– Июнь окуясын уюштургандар өз өлкөсүнө, өз элине чыккынчылык кылышты. Адилет соттон качкан башкы күнөөкөрлөр мекенинен безип, бөтөн жерде жүрүшөт. Аларды жазалоо журт алдындагы милдетибиз.
  Июнь трагедиясынын отун сырткы күчтөрдүн тукуруусу менен ички бузуку күчтөр тутандырышты. Сепаратисттердин анабашчылары Кыргызстандын жаӊы бийлигине өз эркин таӊуулап, күч көрсөткүсү келди. Элдик революциянын эпкини менен кулаган мурдагы режимдин өкүлдөрү да өлкөнү бөлүп-жаруу менен болсо да, бийликке кайра келүүнү самашты.
 Бузукулар кыргыз жана өзбек коомчулуктарынын ортосунда ондогон жылдар бою топтолуп келе жаткан карама-каршылыктарды гана эмес, атайын кызматтардын эӊ булганыч ыкмаларын колдонуу менен кырдаалды курчутуп, эл ичин дүрбөлөӊгө салышты. Кагылышуу башталганда адамдар чагымчыларга алданып, кызыкдар күчтөр таркаткан имиштерге ишеништи. Бирок эки этносту кагыштырган күчтөр кыргыз элинин кеменгерлигин эске алышкан жок. Өлкөбүз этностор аралык кагылышууну токтотуп, тынчтык турмушту калыбына келтирүүнүн жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүүнүн уникалдуу үлгүсүн көрсөттү.
  Трагедиянын оор кесепеттерин жоюу боюнча татаал жана оор иштер бүгүнкү күндө да уланып жатат. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу этностор аралык мамилелер үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүлдү.
  Кыргызстандын эли ушул күнгө чейин башынан кечирген оор сыноолорду унутууга эч кимдин акысы жок. Июнь окуялары баарыбыз үчүн чоӊ сабак болууга тийиш.

ПАН ГИ МУН ОШКО БАРДЫ
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун 10-июнь күнү Кыргызстанга келди. Ал иш сапарынын алкагында 11-июнь күнү Ош шаарына кырдаал менен таанышуу үчүн барды. "Кыргызстандын бийлиги Июнь окуясынын териштирүү иштерин толук бүтүрүшү керек деп эсептейм жана мындай окуялар кайталанбашы үчүн күнөөлүүлөр жазасын алышы зарыл. Өлкөдө бардык жарандардын теӊдигин камсыз кылууга, улуттар аралык макулдашууга жетүүгө бардык шарттар бар. Жаӊжалдар кандай болбосун, анын түп тамырындагы маселелерден баштап кароо керек",- деди Пан Ги Мун.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
admin_superstan
2015-06-15 14:28:55
Angel92, бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! Эскертүү!
0
banditka
2015-06-15 15:29:04

«ИЮНЬ ОКУЯСЫН УЮШТУРГАНДАР ӨЗ ЭЛИНЕ ЧЫККЫНЧЫЛЫК КЫЛЫШТЫ» ушул соз ушул кишиден чыкканы аябай тан калыштуу. Чувствуется, будто себя описывает.
+4
EdikoKG
2015-06-15 15:46:52
Чыккынчылык кылгандарды атасам,точно бан болом го. Бирок,эл билет ким чыккынчы экенин.
+2
Nuranna_93_kg
2015-06-15 16:45:36
Баягы эле Бакиевге оодарганы жатат дагы куноону!Ким КУНООЛУУ экенин ЭЛ БИЛЕТ !!!
+5
sergo
2015-06-16 03:54:49
Катту шамал болсо да Бакиев кунолуу.ошол июнь окуясында баары бишкекте отурушканго Ташиевден башкасы.
+5
iliaz-sng
2015-06-19 10:47:20
Уялбай чыгып алып эми россия аралашпаганда булар ошту сатып жибермек. Эл билет кимдер куноолу экенин.
+2
Stervochka
2015-06-19 13:50:05
Урматтуу суперчилер Ош окуясында жабыр тарткандарга 5 жылдыкка карата акчалай компенсация толонот деп социалдык коргоо башкармалыгы жабырлануучуларды тактап, жабыр тартканым чын деген документке апрель айында эле кол койдуруп алган,бирок июнь айынын 10да эч кандай компенсация толонгон жок, жабырлануучулар компенсация алыш керек беле? ушул суроону тактап берип коюнуздарчы,ошондо кезекте турган канчалаган жабырлануучу кол койгон бирок акча берилбеди го?
0
admin_media
2015-06-19 14:25:45
Stervochka, саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
0
Sagidko88
2015-06-20 17:02:26
Ким чыкккынчылык кылганын эл билет. атын атай коюп туболук бан болбоюн чыккынчылар учун.
0
№ 658, 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан