ЗАЙНИДИН КУРМАНОВ СПИКЕР БОЛДУ

Жогорку Кеңештин 24-декабрдагы жыйынында Зайнидин Курманов 84 депутаттын добушу менен ЖКнын төрагалыгына шайланды.

Зайнидин Курмановдун талапкерлигин жыйынга катышкан эл өкүлдөрүнүн баары бир добуштан колдоого алышты. 23-декабрда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Зайнидин мырза Жогорку Кеңешке төрага болуп дайындалып калса, мамлекеттик тилде сүйлөөдө маселе болбой турганын билдирген эле. “Коммунисттер” фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиев талапкердин мамлекеттик тилди билер-билбесине кызыкты. “Мен мамлекеттик тилди жакшы билем. Алтургай лекция окуп, жыйын башкарып жүргөм”,- деген жооп узатты Курманов. Ал өз кезегинде парламенттин аброюн көтөрүүгө аракет жасарын баса белгиледи. “Парламентте модернизация жасаш керек, убакыт күтпөйт. Бул боюнча аракет жасайм. Ал эми жаңы келген кадрлар сынактан өтүп, кабыл алынышы керек”,- деди спикер.


“КАМБАР-АТАДАГЫ” ЖАРДЫРУУ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

22-декабрда “Камбар-Ата-2” ГЭСинин жанындагы тоо жардырылып, Нарын дарыясы бөгөлдү. Жаңы тосмого үч күндө суу толуп, андан жарылган тоо аркылуу мурдагы нугуна түшмөкчү.

УТРК уюштурган теле-көпүрө аркылуу жардырууга күбө болгон өлкө башчысы Курманбек Бакиев “Камбар-Ата-2” ГЭСинин суу тосмосунун пайда болушу Кыргызстан тарыхындагы ири окуялардын бири экенин белгилеп, буга чейинки көпчүлүк аткаминерлер мындай курулуштун ишке ашарына ишенбегенине токтолду. “Биз мындан ары да Нарын дарыясын пайдаланып
ГЭСтерди кура беребиз. 10 жыл, 20 жыл, 30 жылдык программаларды түзөбүз. Аны менен катар экономикабыз өсөт. Энергетикалык көз карандысыздыкка толук жетишебиз
”,- деди ажо. “Камбар-Ата-2”
ГЭСинин биринчи агрегаты келерки жылдын май-июнь айларында ишке киргизилмекчи. Үч жыл ичинде ГЭС курулушуна 5,5 миллиард сом сарпталган. “Камбар-Ата-2” ГЭСин толук ишке киргизүүгө дагы 16 миллиард сом керек болот”,- деп билдирди өкмөт башчы Данияр Үсөнов.
Жардыруунун эпкини 2-4 чакырым аралыкта сезилип, жердин силкинүүсү 9 баллга чейин жетти. Суу бөгөтүнүн (платина) бийиктиги 60 метр болду, дагы 10 метри бетон курулушу түрүндө көтөрүлмөкчү. Жердин силкинүүсүнөн жабыр тарткандар болгон жок.


БЕЛГИЛҮҮ ЖУРНАЛИСТ ГЕННАДИЙ ПАВЛЮК КИШИ КОЛДУУ КАЗА ТАПТЫ

Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк 16-декабрда киши колдуу болуп, оор абалда Алматыдагы ооруканага түшкөн. Журналист бир апта ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө эсине келе албай жатып, жарык дүйнө менен кош айтышты.

Ибрагим Рустамбек аттуу псевдоними менен белгилүү Геннадий Павлюктун денеси 16-декабрда Алматыдагы Фурманов көчөсүнөн орун алган көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан табылган. Ошол эле күнү ММКларда журналист алтынчы кабаттан буту-колу байланган абалда ыргытылганы жөнүндө шектүү маалымат тараган. Казакстандын тартип коргоо органдары журналистке кол салуу боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Кыргызстандык укук коргоочулар жана саясатчылар журналисттин өлүмүн анын кесиптик ишмердиги менен байланыштырууда. Журналисттин сөөгү 24-декабрда Чолпон-Ата шаарында жерге берилди.
Г.Павлюк “Аргументы и факты – Кыргызстан”, “КП в Кыргызстане” гезиттеринде баш редактор болуп иштеген. Акыркы мезгилде “Белый пароход” интернет-басылмасын чыгарып келген. Ошондой эле ал “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен кызматташып, интернет-басылма чыгарууну көздөп жүргөн. “Алматыга кетерден мурун жолугуп, интернет-басылма тууралуу кенен сүйлөшкөн элек. Анын келечекке пландары көп болчу. Мындай адам өз өмүрүнө кол салып, өзүн терезеден ташташы мүмкүн эмес”-, деп билдирет Өмүрбек мырза.


КЫТАЙ КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ЧЕК АРАСЫН ЖАБАТ

“Торугарт” автожол бекети 2009-жылдын 30-декабрынан 2010-жылдын 3-январына чейин, “Эркештам” автожол бекети 28-декабрдан 2010-жылдын 3-январына чейин жабылат.

Бул тууралуу Чек ара кызматы: “Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды”,- деп билдирди. Ошондуктан Чек ара кызматы аталган багыттар боюнча жүрүүнү 3-январдан кийинкиге калтырууну эскертет.


ОҢ РУЛДУУ АВТОУНААЛАРДЫ ТАКСИ КАТАРЫ ПАЙДАЛАНУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ

Жогорку Кеңештин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда “Автомобилдик транспорт жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, бир добуштан кабыл алынды.

Эми бул мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынында каралмакчы. Жаңы мыйзамга ылайык, оң рулдуу автоунааларды такси катары пайдаланууга тыюу салынат. ИИМдин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылы автокырсыктардын 64,8 пайызы оң рулдуу автоунаалардын айынан келип чыккан.


АЖЫЛЫК САПАРГА БАРГАНДАРДАН ЖЕТӨӨ КАЙТЫШ БОЛДУ

Быйыл Меккеге бардыгы болуп 4782 адам ажыга барып, алардын экөө кайтыш болду. Ажылардын акыркы тобу 20-декабрда Кыргызстанга кайтып келишти.

Муфтий Муратаалы Жуманов бул тууралуу маалымат берип жатып, быйылкы ажылык сапар Кыргызстанда биринчи жолу жергиликтүү “Манас эйр” авиакомпаниясы аркылуу ишке ашырылгандыгын белгилеп өттү. Буга чейин депутат Н.Айдаров парламент жыйынында “Манас эйр” аркылуу ажылыкка кеткендердин акыркы тобу аталган авиакомпаниянын техникалык себептеринен улам мекенине кайта албай кыйналышууда”,- деп билдирген. Бирок муфтий бул кыйынчылыктардын аба ырайына байланыштуу болгонун билдирди.


ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН САНЫ АЗАЙДЫ

Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясы лицензиялык нормативдерге жооп бербеген 14 жогорку окуу жайынын билим берүү ишмердигин токтотууну чечти.

Мындай окуу жайлардын тизмегинде ЕККУ академиясы, Укук жана мамлекеттик кызмат боюнча кыргыз-казак академиясы, Москва мамлекеттик экономика, статистика жана информатика университетинин Бишкектеги институту да бар. Министрликтин чечими менен жабылган окуу жайлардагы студенттер башка окуу жайларга которулмакчы. Ошондой эле министр Абдылда Мусаевдин айтымында, Коллегия лицензиялык нормативдик кемчиликтер орун алганы үчүн 15 окуу жайынын 70тен ашык адистик боюнча лицензиясын кайтарып алды.


Блиц маек

Экс-министр, генерал-лейтенант Исмаил Исаков:
“ЧЕЧИМ СОТТУН АДАМДЫК КАСИЕТИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ”

2008-жылдын 30-декабрь күнү генерал-майор, экс-министр Исмаил Исаковдун үстүнөн Бишкек гарнизондук аскер соту 3 айып менен кылмыш ишин козгогон. Бир жылдан бери сот иши аягына чыкпай келет. “Сот процесси качан жана кандайча жыйынтыкталат?” деген суроого жооп издеп, И.Исаковго кайрылдык.

– Исмаил мырза, сизге каршы козголгон кылмыш иштеринин канчалык деңгээлде чындыгы бар?
– Чындыкты айтсам, мага козголгон кылмыш иши – саясий буйрук. Мен эч качан кызмат абалымдан пайдаланган эмесмин. Мага 3 кылмыш ишин тагышууда.
Биринчиси. Коргоо министри болуп турганда Балыкчыдагы жарактан чыккан аскер техникаларын мыйзамсыз сатты” деген айып.
Экинчиси. Министр учурунда баласына эки бөлмөлүү батирди мыйзамсыз алып берген(балам аскер кызматкери, ал үйдө азыр башка прапорщик жашайт) деп.
Үчүнчүсү. Майрамдарда, шаан-шөкөттөрдө министрликтин бюджетинен ашыкча акча короткон” деген айып.
Далилдер табылбагандыктан, биринчи айыпты сот жокко чыгарды. Себеби мен 2008-жылдын май айында министрликтен кеттим. Ал эми аскерий техникалар 2008-жылдын август-сентябрь айларында сатылганын документтердин негизинде далилдедик.
– Эми сот чечимди кимдин пайдасына чыгарышы мүмкүн?
– Бүгүнкү күндө бийлик мыйзамды одоно бузуп, каалаганындай бурмалап жатат. Азыр бийликке бардыгы көз каранды. Эл, сот, прокуратура... Анан ушундай кырдаалда кайдагы адилеттүүлүктү издесе болот?! Сот жыйынтыгы бийликтин жеңиши менен аяктап калышы толук мүмкүн. Соттордун арасында да акыйкат иштегендери бар. Менин ишимди карап жаткан сот аскер кызматкери экен. Кудай бар, балким, Бишкек гарнизондук соту көрүнүп турган чындыкты танбай, адилет чечим чыгарар. Менин бир гана үмүтүм ошол соттун чындык үчүн иштеген адамдык касиетинде...
– “Чубактын кунундай чубалып” сот процессинин узакка созулушунун себеби эмнеде?
– Мени “кечирим сурайбы, кызмат сурап келеби же ушинтип коркутсак башка өлкөгө чыгып кетеби?” деген ойдо сот иштерин ушул убакка чейин созуп келишти.
Эл ичинде “камалгандан көрө башка өлкөдөн башпаанек сурап кетпейби?” деген сөздөр айтылууда...
– Эгер жаңылдым-жаздым, иттик менден кетти, саясатыңызды колдойм, сиздин командаңыздамын деп бийликтин колтугуна башымды катсам, анда мага кылмыш ишин козгомок эмес, козгосо да жаап коймок. Мен андай кылбай, сот башталгандан бери чындык үчүн күрөшүп келдим. Эл-журтум бар, бийлик алдында айыптуу болсом да, элдин алдында жүзүм жарык. “Бийлик бар жерде теңдик жок” деп коёт элибизде, баары бир акыйкаттык жеңерине ишенем.

Айбек Кочкоров, Амантур Султанкулов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Robingud
2009-12-28 17:25:24
Bawka jaktan bawpaanek tapkan4a KIRGIZSTANDA kamakta jatlanyn 1000 ese jakwy,
0
Robingud
2009-12-28 17:26:52
mezgil korsotot ko toraganyn KIRGIZ4AGA bolgon mamilesin.ajep emes baardyk kyzmatkerlerdi jalan KIRGIZ4A suyloogo undoso.oz olkondo KIRGIZ4A suyloy albasan.ooo,KUDAY kanday kundorgo kabyldyk.
0
№ 373, 25-31-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан