"Ата Мекен" партиясы Акипресс агенттиги 6-майдан 6-июнга чейин жүргүзгөн "2015-жылдагы парламенттик шайлоодо кимге добуш бересиз?" деген сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча 1-орунга чыкты. Анын артынан "Бир бол", "Өнүгүү-Прогресс" куушуп келди. Бардыгына каршы добуш бергендер 3-орунга чыкса, бийликтин партиясы КСДП эмнегедир бул жолу 5-орунда калган.
Сурамжылоонун катышуучулары партиялардын ишмердигине, убадага бектигине, принципти карманганына жараша баалагандай көрүнөт. "Ата Мекен" партиялык системинин пайдубалын бекемдеп, республиканы түрө кыдырып шайлоочулар менен жолугушуп, көйгөйүн уккан жападан жалгыз партия болгондугу үчүн да элдин сый-урматына ээ болуп отурат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg