БИР БҮРКҮМ

  • Акыркы 5 ай ичинде ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 330 адам каза таап, 3558 адам жабыркаган. Ал эми жаш балдардын катышуусунда 457 жол кырсыгы катталып, 25 бала каза тапкан. Ошондой эле 512 бала ар кандай жаракаттарды алган.
  • Өлкөдө 10 МАЙЫП АДАМГА 1 социалдык кызматкер туура келет. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
  • Өкмөт башчы Темир Сариевдин басма сөз катчысы болуп журналист БАКЫТ АСАНОВ дайындалды.
  • ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ кечиккен абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жарыяланат. Маалым болгондой, каттоо 10-июндан тартып 18-июнга чейин Бишкек шаарында №24-мектеп-гимназиясында жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгында жүргүзүлөт.
  • Жогорку Кеӊештеги "Ата Журт" фракциясынын депутаттары ЖЫЛДЫЗКАН ЖОЛДОШОВАНЫ фракцияны жетектөө кызматынан кетирүүгө дагы аракет кылышууда. Депутат Надира Нарматованын айтымында, фракциянын депутаттарынын көпчүлүгү депутат Дастан Жумабековду фракция лидеринин милдетин аткаруучу кызматына жактырышты.
  • Гидрометеорология боюнча агенттигинин директору З.Итибаевдин айтымында, 10-20-июнь күндөрүнүн аралыгында өлкөдөгү абанын температурасы 40 ГРАДУСКА чейин жогорулашы ыктымал. Бул акыркы 50 жыл ичиндеги рекорд болот.
  • ЖОЖдор абитуриенттерди 6-июлдан тартып кабыл алып баштайт. Экинчи тур 13-18-июль күндөрү, үчүнчү тур 20-25-июль күндөрү болуп өтөт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
luna1
2015-06-16 21:13:37
Ушул партиялык системаны жоюп салышса жакшы болмок, а то скоро начнется война
0
№ 658, 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан