ЭЛЧИЛИКТЕН БАШ ТАРТКАН ОТУНБАЕВ ШАЙЛООГО БАРАБЫ?

2012-жылдан тарта Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп иштеп келген, экс-президент Роза Отунбаеванын иниси Болот Отунбаев май айында кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, ага президент кол койгон. Элчинин өз каалоосу менен кызматын тапшырганы күзүндө өтчү парламенттик шайлоого байланыштуу экендигин божомолдогондор да чыккан. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДПнын республикалык штабын жетектеген Болот мырза бул ирет да парламенттик шайлоого даярдык көрүү үчүн атайын ат арытып келгени кеп болуп жатат. Айрым маалыматтарга ылайык, Болот Отунбаев КСДПнын түштүк аймагы боюнча координатору болуп барганы турат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Santta
2015-06-15 14:47:21
Роза эжебиздин иниси тим эле койбоптурда,ансызда бул жактагы коз бойомочулар жетишет эле Кыргызстанга!!!
0
padysha
2015-06-15 17:06:52
Germaniyada El4ilik kylyp jyrgatkan jok emi mamleketke bash4ylyk 4yrgatmak bele.
0
bakyt_2015
2015-06-19 00:39:21
Койкойот го,Роза эженин арты менен койкойдун да,куручтун аркасы менен курмок суу ичет болуп. Кудайдын ушунусуна да шугур десе эле болмок экен.
0
№ 658, 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан