Өкмөт башчы Темир Сариев иш сапары менен Тажикстанда болду. Иш сапардын алкагында ал Душанбе шаарында «Жашоо үчүн суу» аталышындагы эл аралык долбоордун алкагындагы конференцияга катышты. Анда кыргыз өкмөт башчысы: «Сууну топтоо, сактоо, башкаруу жана жеткирүү үчүн тиешелүү негизде акы төлөнүшү зарыл. Бул маселе өлкөлөрдүн ички суу саясатын жана суу ресурстарын бөлүшкөн бир нече мамлекеттин мамилелеринде курч турат»,- деп билдирди. Буга катар Темир Сариев тажик мамлекетинин президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулады. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүү керектиги айтылды.
Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз тарап июнь-сентябрь айларынын аралыгында Тажикстандан 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын 2,5 центтен (1 сом 50 тыйындын тегерегинде) сатып алууну макулдашышты. Былтыр июнь-сентябрь аралыгында Кыргызстан коӊшу мамлекеттен 1 киловатт-саат электр энергиясын 2 центтен сатып алып турган, бирок тажик тарап бааны быйыл 3,5 центке көтөрүү маселесин койгон эле. Эске салсак, Кыргызстан Казакстандан кыш мезгилинде электр энергиясынын 1 киловатт-саатын 8 центтен сатып алган.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg