8-июнда болуп өткөн катуу шамал борбор калааны алай-дүлөй кылып, чаӊын асманга сапырып кетти. Ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге жеткен шамалдын кесепетинен бир катар турак үйлөрдүн чатырлары учуп, дарактар кулап унааларды басып калса, «Ала-Тоо» аянтындагы желектин тамтыгы чыгып айрылды. Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарында 80ге чукул бак кулаган. 10 бак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 12 автоунаа бак астында калган.
Бишкек шаарынын Горький көчөсүндөгү жарнамалык такта кулап түшүп, мунун айынан эки автоунаага зыян келтирилгендиктен, жарнактын ээлери кеткен чыгымды төлөп бермей болушту. Ал эми дарак басып калган унаалардын ээлерине жардам каралбагандыгы маалым болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалдын кесепетинен келип чыккан Бишкек шаарындагы, Чүй облусундагы жана башка аймактардагы чыгымдарды атайын комиссия эсептеп жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, эсептелип бүткөн соӊ турак жайларына залалы тийген жарандарга жана социалдык мекемелерге курулуш каражаттары бөлүнөт. Эӊ кейиштүүсү, катуу шамалдын айынан 2 адам каза болду. Ысык-Ата районунун 74 жаштагы тургунун үйүнүн жанындагы дарак басып калгандыктан, ошол жерде көз жумган. Ал эми Аламүдүн районунда 13 жаштагы өспүрүм кызды дарак басып калып, ал ооруканада эсине келбей каза тапты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg