Ырчы Айнура Салахидинова уулу Бекханга жентек той берди. "Баламдын кыркы чыккандан кийин сахналаш досторум "көрүп келебиз" дей башташты. Анан ырчы, чоорчу кесиптештеримдин башын бириктирип, бир кафеде чакан той өткөрүп койдум. Анткени эки бала менен үйдө конок тоссоӊ кыйналып калат экенсиӊ. Ал эми чоӊ тойду күзүндө үй тойго кошуп белгилейли деп чечтик. Аны менен катар чыгармачылык менен алектенүүдөмүн. Ыр жаздырып, концерттерге катышып жатам. Төрөгөндүн эртеси күнү эле кайрымдуулук концертине барсам, элдин баары таӊ калган",- дейт ырчы айым.
Ошондой эле тамашоучу Санжар Мыкыев жубайы Наристе экөө да кызы Фатимага Бишкектеги ресторандардын биринде жентек той беришти. Куттуктап келген коноктор кичинекей Фатимага баталарын берип, узун өмүр каалап узашты.