3 жашынан баштап манас айтып келе жаткан Үмөт Дөөлөтов 10 жашында «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. Былтыр Үмөт 220 мамлекеттин катышуусунда Бакуда өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаш таланттардын өнөрүн өркүндөтүү боюнча өткөн конференциянын алкагында жарыяланган сынакта манас айтып 1-орунду алып кайткан.
Ошондой эле Москвада президенттердин катышуусунда өткөн иш-чарага кыргыздын маданиятын көрсөтүү максатында өлкөбүздүн президенти Алмазбек Атамбаев менен барып, иш-чараны манас айтып ачып берген. Буга чейин Кыргызстанда 10 жаштагы бала мындай сыйлык алган эмес. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов мындай деп билдирди:
– Өзүӊүздөр билгендей чыгаан, уникалдуу манасчы Үмөт Дөөлөтов кыргыздын маданиятына чоӊ салымын кошуп келет. "Манас" үчилтигин ЮНЕСКОго киргизүүдө Манас кыргыз элиники экенин, кыргыздарда жаш баладан тартып карыяларга чейин манас айтарынын бир далили болуп келе жатат. Мына ушундай эмгектерин баалап, бул жеткинчекке «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин берүүнү туура таптык.
Ал эми Үмөттүн атасы Болот: «Апасы экөөбүз баламдын ийгиликтерине кубанып жатабыз. Манас айта баштагандан бери эле көптөгөн сыйлык, дипломдорго ээ болуп келе жатат. Роза Отунбаева президент болуп турганда ал кишинин да назарына түшкөн. Экс-президент бизди колдоп, Бишкекке чакыртып "1 бөлмө болсо да батир бергиле" деп тапшырма берген эле. Бирок үй эмес, Ысык-Көлдөн жер бөлүп беришти»,- деп билдирди.