Өмүрбек Текебаев: «СЫЯЗБЕК КУРАМАЕВ БИЙЛИККЕ ЖЕ КЫЗМАТКА УМТУЛБАЙ, АКЫЙКАТСЫЗДЫК МЕНЕН АДИЛЕТСИЗДИККЕ КАРШЫ КҮРӨШТҮ»

16-июнда «Ата Мекен» социалисттик партиясынын Талас облустук партиялык конференциясы дубандын борбордук стадионунда болуп өттү. Ага облустун Бакай-Ата, Манас, Кара-Буура, Талас районунан келген миңдеген делегаттар катышып бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелерин ортого салышып, партиянын Курултайына делегаттарды шайлашты.

БОЛОТ ШЕР «ЦИАНИДСИЗ КЫРГЫЗСТАН!» ДЕГЕН ДЕМИЛГЕ МЕНЕН ЧЫКТЫ
Конференциянын жүрүшүндө таластыктар социалдык-экономикалык маселелерге кеңири токтолуп, элдин жашоо-тиричилигиндеги көйгөйлөрдү ортого салышты. Эл депутаты Болот Шер «Цианидсиз Кыргызстан!»  демилгесин көтөрүп, өлкөбүздөгү кендерде цианиддин колдонулушуна каршы чыкты. 
Өмүрбек Текебаев «Кумтөр» кенин иштетип жаткан канадалык «Центерра» компаниясы кыргыз өкмөтүн кол жоолуктай алмаштырганын айтып мындай деди: «Кыргыз премьерлеринен биринчи болуп «Аткинсонду алмаштырамын!» деген Жоомарт Оторбаевди да Аткинсондор алып түшкөнгө жетишип, мына эми жаңы бекиген өкмөткө «биз жер алдынан казбайбыз, кымбатка түшөт экен, бизге мөңгүлөрдү чапчып иштөөгө шарттарды түзө турган мыйзам кабыл алып бергиле» деп жатышат. Биздин партиянын туусунда ак мөңгүлүү Ала Тообуз шаңкайып турат. Мөңгүлөрдү коргоо ыйык милдетибиз, анткени мөңгү – кол тийгис байлык. «Жер-Үйдү» иштеткени келгендер да мыйзамдарды өзгөртүүгө, болбосо парламентти таратууга аракет кылат. «Жер-Үйдү» дагы «Кумтөр» сыяктуу күрөшсүз кармата берсек, ал биз үчүн кечиримсиз!”.
Таластыктар лидердин сөзүн коштоп, «Кумтөр» көйгөйүнөн кутулбай жатып, «Жер-Үйдү» иштетем деп жаткан Бажаевге тутулбайлы» дешип, азырынча бул кендин ишинин башталышына каршы экендигин билдиришти.

«АТА МЕКЕН» ПАРТИЯСЫ    – АЗИЗГЕ АТАСЫНАН КАЛГАН ЫЙЫК МУРАС
“Ата Мекен” партиясы – аталардан балдарына, агалардан инилерге калган ыйык дөөлөт. Анткени атасы, агасы баштаган партиялык ишти баласы же иниси эстафета катары андан ары улап кетүү «Ата Мекен» партиясында салтка айланган.
– Мына азыр Азиз Курамаев жана анын атасы Сыязбек Курамаев жөнүндө айткым келет. Ата менен баланы эмне бириктирип турат?.. Ал өз уулунун жаркын келечеги үчүн, ашууда ызгаардуу суукта калган казак баланын өмүрү үчүн, Кыргызстандын уул-кыздарынын аруу максаттары үчүн күрөштү. Ошондуктан Сыязбектин уулу атасынын ишине сыймыктанат жана анын жолун, күрөшүн улантат. Анткени «Ата Мекен» партиясы Азизге атасынан калган ыйык мурас.
Ал эми «Ата Мекен» партиясын негиздөөчүлөрдүн бири Эркин Шерниязов ыраматылыктын инилери, коомчулукка белгилүү инсандар Болот жана Садык Шерниязовдор агасынын ишин улантып «Ата Мекен» партиясынын жүгүн кошо тартышкан шерлерден. Мындай салтты карманган “ата мекенчилер” катарыбызда толтура, биз алар менен сыймыктанабыз.
Алдыда парламенттик шайлоолор келе жатат. Шайлоо – бул “тандоо” дегенди түшүндүрөт. Мыкты талапкерлер менен гана мыкты ийгиликтерге жетишебиз. Алар силердин араңарда, тандагыла!- деди партиянын лидери Текебаев суроолорго жооп берип жатып.

ТАЛАСТЫН ЖИГИТ-КЫЗДАРЫ ШАЙЛООГО «АТА МЕКЕНДИН» АТЫНАН АТТАНЫШТЫ
Партиялык конференцияда «Ата Мекен» социалисттик партиясынын «Жаңы адамды жаратуу менен жаңы коом курабыз!» деген аруу тилеги жөнүндө айтылып, партиянын максаттары белгиленди. Ошондой эле Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекет үчүн башкаруунун парламенттик системи абдан ыңгайлуу жана пайдалуу экендиги айтылды.
Таластагы партиялык конференциянын жүрүшүндө партиянын лидерине Конституцияга кирүүчү өзгөртүүлөр жөнүндө да суроолор берилди. 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Конституциясын парламент алмаштыра албайт деген жобо бар. Анткени 2010-жылкы шайлоолордон кийин Конституцияны өзгөртөбүз дегендер көп болгон, бирок коюлган жогорудагы чектен улам алар өзгөртө алышкан жок. «Бүгүн Конституцияны мамлекеттин алдында турган максат-милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн өзгөртүүгө мажбур болуп жатабыз. Мисалы, премьер-министр үчүн чечим кабыл алууга муктаж болуучу кырдаалдарда анын ыйгарым укуктары кеңири болушу керек. Биз Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүн сактоо максатында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө барып жатабыз»,- деп сөзүн жыйынтыктады Өмүрбек Текебаев. 
Конференцияда Садык Шерниязов, Дуулат Турдумалиев, Рина Шүкүралиева, Сагынбек Жаманкулов, Улан Ниязбеков, Бектур Базакечев, Мухтарбек Айткуловду  «Ата Мекен» партиясынын атынан күздө өтүүчү парламенттик шайлоого элдин батасы менен аттанары белгилүү болду.
Алдыда Жалал-Абад, Ош, Баткен, Чүй, Ысык-Көл облустары жана Бишкек, Ош шаарларында партиялык конференциялар жана Курултай өтөт.

Кудайберди Жумабаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
marik10
2015-06-22 22:25:26
цианидсиз деген демилгени которсо, пенсиясыз, айлык акысыз депта айтпайт беле? бир эле кварталда 3 млрд сом берген ишкана барбы дагы бизде?
0
№ 659, 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан