ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (22-июндан 28-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Бар-жокту өзүңүз чечкиңиз келгени менен, жоопкерчиликти алуудан моюн толгоп турган кезиңиз. Андыктан натыйжа чыгуусу үчүн башкарууну өз колуңузга алыңыз же башкалардын айтканына макул болуңуз. Аптанын башында күтпөгөн жактан кабар келет. Апта ортосунда конок күтүшүңүз мүмкүн. Апта аягында сизди жакын тааныштар менен жолугушуу, баарлашуу күтөт.  Алардан жаңы нерселерди үйрөнүп, тажрыйбаңызда колдоно баштайсыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жан дүйнөңүз толкуп турган учуру. Чыгармачыл адамдарга жакын болуп, моралдык жана материалдык жардамга муктаждарга колдоо көрсөтөсүз. Бирок ашыкча чыгымдарга жол бербей, үнөмдүү да боло билүү керек. Артында маселелер чыкпашы үчүн документ иштерин юридикалык жактан бекитүү зарыл. Эски пайдасыз достордон кутулуу кези келгенин кайсы бир окуядан улам билесиз. Жаракатка кабылбоо үчүн курч нерселер менен иштөөдө этият болуңуз.          

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын ортосунда кошумча чыгымдар талап кылынат, ошол себептүү акчаңызды коротпой туруңуз. Бирок жалпы жонунан апта жакшы өтөт. Сүйүктүүңүз жагымдуу сюрпризи менен кубандырат. Келечегиңиз жашоого болгон көз карашыңыздан жана  курган пландарыңыздан көз каранды экендигин эске алып, баарын кайрадан анализдеп көрүңүз. Ийгиликтүү адамдардын сыры эмнеде экендигин билиңиз.   Гардеробуңузду жаңыртууга убакыт келгенин унутпаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Иштер абдан көп болот. Жумуш боюнча сапарга чыгып же коомдук иштерге катышып, олуттуу маселелерди чечүүгө белсенесиз. Бирок коркпоңуз, алардын баары кубаныч гана тартуулайт. Үйдө балдар жүрүш-турушу менен бир аз кыжалат кылуулары мүмкүн. Абалды сиздин акылгөйлүгүңүз оңдоп кетет. Сырдашкан досуңуздун сиз билбеген жактары ачылып таң калтырат. Бойдоктордун айрымдары үйлөнүү тоюна кам көрүшөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Чогуу иштешкендер менен кыйынчылыктар жаралуусу мүмкүн. Эртең эле сөз кылып чыкпоолору үчүн сырларыңызды жашыра туруңуз. Жолго чыгууну кийинкиге жылдырыңыз. Болбосо убаракерчилиги көп болот. Ден соолукка көңүл бурбасаңыз өнөкөт оорулардын козголуу коркунучу бар. Жакындарыңыздын биринин чакан ийгилигин белгилөөгө катышып, кызыктуу адамдардан жаңы досторду күтөсүз. 

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жашоонун майда көйгөйлөрүн     көңүл сыртынан кетирип, ички жан дүйнөнүн өсүүсүнө көңүл буруңуз. Жакындарыңыздын маселелерин угуп, кеңеш айтыңыз. Керектүүлөрүн алып берүүгө аракет кылыңыз. Оңой жол менен акча табуу тилегиңизди жыйыштырыңыз, майнап чыкпайт. Соттошуп калуу коркунучу да бар. Күтпөгөн жерден буюмдуу болуп, сүйүнүүңүз ыктымал. Сыртта иштеген жакыныңыз жер көрүүгө чакыруусу мүмкүн. Ойлонуп көрүңүз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жакынкы аралыкта сизди түйшөлтүүчү нерсе – балдардын маселеси болмокчу. Чарбакта да бүткөрүүчү иштер чыгат. Ага карабастан өзүңүздү караганга аз да болсо убакыт табыңыз. Тааныштар сизге белгилүү бир иштер боюнча нааразычылыгын айтып, артында кечирим суроолору мүмкүн. Үй буюмдарын оңдоо же жаңыртуу планыңыз ишке ашып, карыздарыңызды кайтарып беришет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Көпчүлүктүн көңүл чордонунда болууну, сизди барктаган адамдар менен убакыт өткөрүүнү самайсыз. Муну жан дүйнө талабы деп түшүнсө болот. Бирок чектен чыкпаңыз. Каржылык иштериңизди жөнгө салбасаңыз, акча тартыштыгына кабыласыз. Андыктан киреше,чыгашаларыңызды эсептеңиз. Кыймылсыз мүлк жаатындагы маселени аягына чейин чечүүгө ылайыгы келип турганын жылдыздар эскертет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Энергияңыз ашып-ташат. Бирок иштердин баарын бир учурда бүтүрүп салууга умтулбаңыз. Анткени кетирген катаңызды кийин оңдоого кеч болуп калат. Ички туюмуңуз азыр жогорку деңгээлде, андыктан ага таяныңыз. Мал-жандык сатып алууну пландап жүрсөңүз, каалаганыңызды ала аласыз. Кээ бирлер саламаттыгын чыңдоо үчүн бассейнге же спорт залдарда машыгууга жазылышат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бирөөлөрдү бир нерсеге ишендирүүгө убакыт коротпоңуз. Өзүңүздүн ак экениңизди сөзүңүз менен эмес, ишиңиз менен далилдеңиз. Ойлоп табуучулук жөндөмүңүздү колдонсоңуз, ишиңизди алга жылдырып аласыз. Тобокел иштерге аралашпаңыз. Жаңы адамдар менен таанышуу, үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөө жагынан жолдуу болосуз. Жакшы көргөн адамыңызды алыска узатасыз же тосуп аласыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Максат кылып жүргөн жерде эс алууга жетишерлик акча топтоп, көңүлүңүз жай алат. Мүмкүн эмгек өргүүсүнө чыгасыз. Баштаган иштерди аягына чыгарып, достор менен жолугушууга жетишесиз. Кыскасы, жалгыз калууга аптада мүмкүнчүлүк болбойт. Шеригиңиздин жаңы сунуш, идеясы келечекте киреше алып келет, ошондуктан ага маани берүү кажет. Стилди өзгөртүү тилегиңизди ишке ашырчу убакыт келип жетти.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Көндүм жашоо образыңызды өзгөртүүнү самап чыга келесиз. Мисалы, жаңы ишке өтүү же башка жакка көчүү,  машина сатып алуу дегендей. Мындай каалоо күтүүсүз жаралат. Ойлогонуңузду ишке ашырууга ашыгып, план түзбөй эле киришүүңүз ыктымал. Улуу туугандарыңыз бир иштерге жардам берүүнү өтүнүшөт.  Жылдыздар жол жүрүүдө этият болууну эскертишет.    

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Nursultan
2015-06-22 20:06:52
Чындыка жакыныраак окшойт а.
0
ularik_kg
2015-06-23 01:37:38
Жаачы: Мага жакпады.
0
Gulzat86
2015-06-23 18:57:38
Мен омуру ишенбейм ушундай толгого.
-1
kmLove
2015-06-26 14:54:02
Бул болбогон нерсе ишенбеш керек буга
0
№ 659, 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан