УБАКЫТ БИЗДИ КҮТПӨЙТ

Мөңгүлөр эришин окумуштуулар табигый көрүнүш катары баалашууда. Ал эми шайлоо алдында упай топтоону көздөгөн тарап бийик тоолуу аймакта өндүрүш менен алектенген компанияларга доомат артып келишет. Кыргызстан боюнча учурда эң ири «Кумтөр» кенинде жана башка 14 чакан кендерде иш жүрүүдө. Булардын ичинен көзгө көрүнүктүүсү, өлкө казынасына миллиарддаган акчаларды которуп жатканы – «Кумтөр» алтын кен ишканасы. Мына ушундан уламбы мөңгүлөр жөнүндө сөз козголсо, аталган кен ишканасы Кыргызстандагы бардык мөңгүнү талкалап салгандай чуу көтөргөндөр четтен чыгат. Бирок анын баары курулай доомат экенин окумуштуулардын изилдөөлөрү тастыктап отурат.

АЛГАЧКЫ ОРУС ЭКСПЕДИЦИЯСЫНЫН МААЛЫМАТТАРЫ
Сөздүн башын мөңгүлөр тууралуу бир топ маалыматтарды топтоп чыккан кыргызстандык окумуштуу Валерий Кузьмичёноктун изилдөөлөрүнөн баштагым келип турат. Ал 1869-жылы 178 мөңгү орун алган Ак-Шыйрак тоо тутумуна эң алгач жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн бери казып чыккан. Анда Петров, Давыдов, Лысый, Сары-Төр жана Бордуу мөңгүлөрү тууралуу да камтылган. Бул беш мөңгү учурда «Кумтөр» алтын кени жайгашкан аймакка жакын деп саналат.
Валерий мырза казып чыккан 1869-жылдагы аскер ишмери жана окумуштуу географ Александр Каульбарс жетектеген биринчи орус экспедициясынын маалыматтарына үңүлсөк: Экспедиция ошол жылы алгачкы ирет Петров мөңгүсүнүн төмөнкү чегин сүрөткө түшүргөн. Сүрөттөн мөңгүнүн төмөнкү бөлүгүндө азыркыдай көл болбогонун көрүүгө болот. Болгону мөңгүнүн этегиндеги дөбөнүн ары жагында кичинекей гана көлмө көрсөтүлгөн. Ал эми 1911-жылы ошол эле орус экспедициясы мөңгүнүн чектери өзгөрүп, анын төмөнкү жагындагы дөбөнүн ортосунда кичинекей көл пайда болгонун белгилеп кеткен. Ал азыр Петров көлү деп аталып, узундугу 3 чакырымдын тегерегин түзөт.

СССРДИН ТУШУНДАГЫ ИЗИЛДӨӨЛӨР
Кийинчерээк мөңгүлөрдүн өзгөрүшү боюнча 1943, 1955 жана 1977-жылдардын аралыгындагы маалыматтардын негизинде географиялык карта түзүлгөн. Жыйынтыгында Ак-Шыйрактагы бардык 178 мөңгү 1943-1977-жылдар аралыгында баштапкы аянтынан 3,4 пайызга кыскарса, көлөмү 10,7 пайызга азайган. Булардын ичинен Бордуу мөңгүсүнүн узундугу 190 метрге, Давыдов 110 метрге, Лысый 310 метрге, Петров дээрлик 400 метрге чейин кыскарып кеткен. Ал эми Сары-Төр мөңгүсү эмнегедир ошол бойдон сакталып турган. 1960-жылдарга чейин Кыргызстанда өндүрүш ишканалары дээрлик жок экенин эске алсак, мөңгүлөр климаттын таасиринен улам эрип жатканы айкын болууда. Ал эми 1977 жана 1995-жылдар аралыгындагы изилдөөлөргө көз жүгүртсөк, айрым мөңгүлөрдүн мурдагыдан да тез эригени байкалат. Алсак, Лысый мөңгүсү 190 метрге, Сары-Төр 220 метрге, Давыдов 390 метрге, Петров 720 метрге чейин кыскарган.
Кызыгы, 1995-жылдан 2002-жылга чейинки байкоолордо мөңгүлөрдүн эригени тескерисинче жайлаган экен. Тактап айтканда, Сары-Төр 90 метрге, Давыдов 160 метрге, Петров 290 метрге жана Лысый 70 метрге кыскарган. Ишканалар мөңгүлөрдү талкалайт деген айыптоолор чындыкка жакын болсо, анда эмнеге «Кумтөр» кени ишке кирген жылдар аралыгында мөңгүлөр 1977-1995-жылдарга чейинкидей тез эриген эмес?
2003-2013-жылдар аралыгында Ак-Шыйрактагы мөңгүлөрдүн аянты болжол менен 21,9 чарчы чакырымга азайганы такталган. Анын ичинен 1,5 чарчы чакырымына гана кен ишканасы мөңгүлөрдү башка жерге көчүрүү менен түз таасирин тийгизгени айтылат. Абалды жеринен көрүү үчүн кен түз таасирин тийгизип жаткан Давыдов мөңгүсүнө барып келдим. Көргөнүмдү айтайын. Биз барганда мөңгүлөрдү көчүрүү иштери кызуу жүрүп жаткан экен. Айрымдар айткандай, ал жерде топурак, ташка мөңгүнү аралаштырып баарын бир жерге төгөт деген сөз чындыкка коошпостугуна өзүбүз күбө болдук. Тоонун үстүндөгү мөңгү өзүнчө казылып алынып, таза бойдон башка жайга көчүрүлүп жатыптыр. Буга далил катары жүк ташуучу техникалар жүктөп бара жаткан мөңгүлөрдү сүрөткө тартып алдым. Мөңгүнү көчүрүүнүн себебин алтын анын алдында жатканы менен түшүндүрүүгө болот. Аны алмайынча алтынды казууга мүмкүн эмес. Анын үстүнө мөңгү акырындык менен жылат. Улам жаңы жааган кар мөңгүнү үстү жагынан басып, төмөнкү бөлүгү ылдый көздөй жылат эмеспи. Ошондуктан “Кумтөрдөгү” алтынды алууда жумушчулардын да өмүрүнө коркунуч жаратпашы үчүн Давыдов мөңгүсүнүн оң канатын башка жерге көчүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Кенден чыккан руда өзүнчө жайга төгүлөрүн билдирген кендеги участканын башчысы
Назар Шыйытов: “Карьерде иштеп жаткан жумушчулардын коопсуздугун сактоо үчүн Давыдов мөңгүсүнүн бир гана чыгыш бөлүгүн башка жерге көчүрүүгө мажбурбуз. Мында биз мөңгүнү жөн эле ташып барып, топуракка аралаштырып көмүп салган жокпуз. Алынган мөңгүлөрдү эрип кетпеши үчүн мурда өзү 4000 метр бийиктикте жатса, кайра эле ошол бийиктиктеги башка жерге таза бойдон көчүрүүдөбүз. Ошондой эле мөңгүлөрдү бир эле жерге үйбөй, бийиктигин 40 метрге чейин гана жеткиребиз”- деди.

ИШ ТОКТОСО МӨҢГҮДӨН, АГА КОШУП КЕНДЕН ДА АЙРЫЛАБЫЗ
Алсак, “Кумтөр” жыл сайын Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн дээрлик 7 пайызын түзүп, мамлекеттин бюджетин түзүүчү өндүрүш катары саналган жападан жалгыз ишкана. 2015-жылдын алгачкы үч айында эле ишкана өлкө казынасына салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 2,92 миллиард сом которгон. Мындан сырткары кен ишканасы тамак-аш, жуунуучу каражаттарды, тетиктерди, кыскасы, кендеги иштин жүрүшүн камсыздоого жыл сайын миллиондогон доллар сарптайт. Мына ошол товарларды ишкана четтен эмес, Кыргызстандын ичинен сатып алары белгилүү жана бул тармакка кыргызстандык 600дөй фирма тартылган.
Өндүрүшкө саясий баа бербей, экономикалык жагын карашыбыз керек. Анткени өндүрүшү жок өлкөнүн эртеңи бүдөмүк. Ансыз да эрип жаткан мөңгүгө тийбейбиз десек, анда экономикабыз алсыз деп чуу көтөрбөй, тишибиздин кирин соруп тынч отурушубуз керек же Кудай берген кенди иштетип, убакыттан уттурбай экономиканы чыңдашыбыз керек.

Абай Алыкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
marik10
2015-06-22 22:27:42
кыргыз эл негизи акылдуулего анан популисттер ишканалар иштеп (бул жерде бир эле кумтор жонундо соз) монгулорду ээритип атат деп кыйкырышат
0
Doka2004
2015-06-23 02:05:29
Суроттор жокко корсок болубу
0
Altyn_
2015-06-25 05:05:58
Кумтор учурда бир тыйында пайдасы жок.Фабрика курулгандан бери Кумтордон тушкон акча бир кереке жарадыбы? Мектеп оорукана балабакча же бир спорт комплекс курулдубу. Андай кооз жаратылыш тоону бузуп жаткандан кийин Кумтордон тушкон каражатка жок дегенде бир гидро электростанция ишке кирип элдин керегин иштеш керек болчу да.Азыркы учурда эптеп убакыты чойуп калган алтынды казып бутуруш керек деп жатышатта.Ционид калдыктар ич отойун деген кишидей эптеп турат булжагы Колду булжагы Нарынды карап.
0
marmiladka9
2015-06-26 14:28:34
Жыландын башын кылтыйтпагыла! Табигый монгуну кантип кочурсун? Элди манкурт деп ойлойсунарбы .? Жаштарга бергилечи жаны кадрларга айнанайындар. Азыр убакыт бизди кутпойт. а монгу эмес! Онугууго мажбурбуз.
0
№ 659, 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан