БИШКЕК ШААРЫНДА ӨТКӨН БАЛМУЗДАК ФЕСТИВАЛЫНДА ЖҮЗ КИЛОГРАММДЫК ТОРТ БЕРИЛДИ

Жакында эле Бишкектеги «Фламинго» сейил багында Балмуздак фестивалы болуп өттү. Балмуздак фестивалы – балдар жана алардын ата-энелери үчүн уюштурулган шаңдуу майрам.

ЖАШ СҮРӨТЧҮЛӨР СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Жарманкенин уюштуруучусу «Show Time» компаниясы кызыктуу оюн-зоок программасын даярдады. Андан сырткары кыргыз эстрада жылдыздары, куурчактар, цирктин артисттери, бий топтору жана КВН командасы көрүүчүлөрдун көңүлүн көтөрүштү. Эң кызыктуусу – квест оюнуна катышуу болду.
Балмуздак чыгаруучу компаниялар келген конокторду өзүнүн көп түрлүү продукциясы менен камсыздап жарманкени колдошту. “Шин-Лайн” компаниясы сахнага 100 килограммдык чоң тортту алып чыгып өзгөчөлөндү. Бул тортту майрамдын бардык коноктору ооз тийгенге үлгүрүштү.
Мындан тышкары фестивалдын жүрүшүндө «Шин-Лайн» компаниясы тарабынан 15-майда балдар үчүн жарыяланган сүрөттөр сынагынын жеңүүчүлөрү табылды.

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВЕЛОСИПЕДКЕ ЭЭ БОЛУШТУ
Компаниянын өкүлү Бакыт Бектеновдун айтуусунда, сынакка 250дөн ашык сүрөт сунушталган. Бул көпчүлүктөн онго жакыны тандалып алынышы керек эле. Жеңүүчүлөр 10 жашка чейинкилер жана 10 жаштан 15 жашка чейинкилер болуп эки топко бөлүнүштү.
«Сынак 1-Июнь Балдарды коргоо күнүнө арналып, сүрөттөр 2015-жылдын 15-майынан 5-июнуна чейин кабыл алынган. Сүрөттөр «Менин кооз мекеним» деген теманын негизинде тартылган. Бүгүн биз жеңүүчүлөрдү куттуктап жатабыз»,-деп маалымдады Бектенов.
Сынактын 10 жаштагы сүрөтчүлөрүнүн арасынан алтоо Бишкек шаарынан, калган төртөө башка региондордон келишкен. Ар бири компания тарабынан велосипед белекке алышты.
Сынактын жеңүүчүлөрүнүн бири, Нарын шаарынан келген Гүлзана Таалайбекова жаңы жылдын алдында 3 нерсени каалагандыгын айтат. «Алар балмуздак, велосипед жана аквариум. Эки каалоом аткарылды!»- дейт Бишкек шаарына алгачкы жолу келген Гүлзана.

МЕКЕНИҢДИ ЧАГЫЛДЫР
Жаш сүрөтчүлөр көбүнчө өзүнүн сүрөттөрүндө эмнени чагылдырган деген суроого уюштуруучулар «ар бир бала өзүнүн жактырган нерселерин тартууга аракет кылышкан» деп жооп беришти. Жаш сүрөтчүлөрдүн картиналарынан Кыргызстандын кооз жаратылышын, Ысык-Көлдү, жайлоолорду, ата-энесин, достору менен ойногондорун жана балмуздакты көрүүгө болот.




Икрам Асакеев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mirana9395
2015-06-23 18:05:39
Тарткан суротторунон жуктоп койбопсуздар да
+1
№ 659, 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан