КҮН ЫСЫК. ЖҮРҮ БАССЕЙНГЕ БАРАБЫЗ!

Синоптиктердин айтымында, быйылкы жай кыргызстандыктарга өзгөчө «сюрприз» даярдап жатат. Башкача айтканда, алар 50 жылдан бери кайталана элек, 40 градустан ашкан ысык күтүлөрүн айтышууда. Мындай аптаптан сактануунун ыңгайлуу, пайдалуу жана жагымдуу жолу – бул бассейндер. Төмөндө биз алардын иштөө убактысын, бааларын, дарегинен өйдө жарыяладык. Ылайыктуусун тандаңыз да, көңүлдүү эс алыңыз!

БАССЕЙНГЕ БАРГАНДА КЕРЕК БОЛУУЧУ БУЮМДАР:
Резина баш кийим (айрым бассейндерде берилет)
Купальник, плавки
Илме тапичке
Сүлгү, самын, жышынгыч, шампунь
Сууга түшүүгө ылайыкталган көз айнек
Айрым бассейндерде медициналык аныктама талап кылынат

СУУГА ТҮШҮҮДӨГҮ ТАЛАПТАР:

  • Териңизде карттанган же сырты ачык жаракат болбошу керек.
  • Бассейнге түшүүнүн алдында душка бир сыйра чайканып чыгуу зарыл.

БАССЕЙНДЕР ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР:

  • Дүйнөдөгү эң чоң бассейн Чилидеги Сан Альфонсо дель Мар курортунда жайгашкан. Анын узундугу 1013 метрге жетет. Бассейн Тынч Океандан 200 метр алыстыкта гана жайгашкан жана анда 250 миллион литр суу бар.
  • Ал эми эң терең бассейн Брюсселде жайгашкан. Ал «Немо 33» деп аталат жана тереңдиги 33 метрди түзөт.
  • Кытайда күндүн ысыгында бассейнге түшчүлөр өтө эле көбөйүп кетет. Мисалга Пекиндеги «Мао Мао» бассейнине бир эле учурда 47 миң киши түшө бериши мүмкүн. Адистер аталган бассейнди сууга түшүүчүлөрдөн бошогондон кийин текшеришкенде андагы суунун 90 пайызын адамдын заарасы түзүп калган.


Мирлан Өмүралиев
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 659, 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан