Качан абанын температурасы адамдын дене температурасынан өйдө болгондо организмде терморегуляция процесси (денедеги жылуулукту бир калыпта сактоо) бузулат. Бул жүрөк-кан тамыр системине күч келтирет. Андыктан ысыкты жакшы көргөндөр дагы аптаптан коргонуу чараларын көрүүсү кажет.
ЭМНЕ ҮЧҮН ЫСЫКТА ӨТӨ МУЗДАК ИЧСЕ БАШ ООРУЙТ?
Кээ бир адамдар өтө ысып туруп муздак суусундук ичсе башы дароо ооруп чыгат. Бул эмнеден? Анткени муздак ичкенде же муздак жегенде баштагы артериялык кан тамырдагы басым өтө кескин көтөрүлүп кетет да, баш ооруп чыгат. Бул бардык адамдарга сезиле бербегени менен шакый жана төмөнкү кан басым оорусунан жапа чеккендерге дароо сезилет. Андыктан аларга өтө муздак ичүүгө же жегенге болбойт.
МУЗДАК СУУДА НЕГЕ БУЛЧУҢДАР ТҮЙҮЛӨТ?
Муздак сууга түшкөндө бөйрөк үстүндөгү бездер атайын гормондорду бөлүп чыгарат. Анын таасиринен клеткалар энергияны кескин бөлүп чыгарууга өтөт. Мунун айынан капиллярларда кан уюп калышы мүмкүн. Ошондой эле өтө муздак сууга дароо кирип кетүүдө кан тамырлар, булчуңдар, тери диртилдеп баштайт. Булчуңдар түйүлүп калуусу мүмкүн. Айрымдардын ал тургай жүрөгүнө күч келип, инфаркт, инсультка кабылуусу же жүрөгү токтоп калуусу мүмкүн. Бул айрыкча жүрөк-кан тамыр оорусу барларга тиешелүү. Андыктан муздак сууга дароо чумкуп кетпей денени муздакка акырындап көндүрүп барып анан түшүү керек.
КАПУСТАНЫН ЖАЛБЫРАГЫ ЫСЫК ӨТКӨРБӨЙТ
Аюрведаны (индиянын салттуу медицинасы) кармануучулар «Жашылчалар Ай менен байланышта, андыктан нерв системин тынчсыздандырат. Ошол себептүү баш ооруганда капустанын жалбырагын башка таңып койсо, баш оору басылат. Ысык да өткөрбөйт. Индияда дарбыздын ичин оюп жегенден кийин калган кабыгын каска сымал кийип алышат, бул шакыйды басат» дешет.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg