Алмазбек Мирзалиев, Кыргызстан курама командасынын чабуулчусу: «ГОЛДУ КИМ КИРГИЗГЕНИ МААНИЛҮҮ ЭМЕС. АЛ ҮМҮТТҮН БИР ҮЗҮМҮ ЭЛЕ»

Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан Австралияга 0-2 эсеби менен утулуп жатат. Стадионго жык толгон күйөрмандар бул беттеште өз сүймөнчүктөрүнүн жок дегенде бир гол киргизишин эңсеп, күтүп жатты. Оюндун 80-мүнөтүндө оюн талаага чабуулчу Алмазбек Мирзалиев кошулду. Дал ушул футболчу командалаштарына экинчи дем кошуп, акыркы мүнөттөрдө шамдагай кыймылдап Азия чемпионунун дарбазасына топту таамай мээледи. Бул гол күйөрмандарга майрам тартуулады. Оюндан соң голдун автору менен беттеш тууралуу маек курдук.

– Алмазбек, куттуктайм! Чынында, мыкты беттеш өткөрдүңөр. Тең чыгуу болсо адилеттүү болот беле?
– Эми бул буйрук экен. Бирок татыктуу эле беттеш өткөрдүк. Күйөрмандардын ыраазычылыгы муну тастыктаса керек.

– Сиз бул беттеште биринчи мүнөттөн баштап ойногон жоксуз...
– Негизи оюнга ким чыгат, ким чыкпайт муну башкы машыктыруучу чечет. Албетте, машыктыруучунун чечимин ар бир футболчу сыйлашы керек. Оюнду сырттан биз спортчу катары байкап жаттык. Элге окшоп кыйкырык-сүрөөнгө ала албайсың да. Оюнду сырттан байкоодо да толкундоолор болбой койгон жок. Өзүбүздүн футболчуларга, досторубузга жан тартып, бардыгыбыз (алмашууга чыкчу оюнчулар) жеңсек экен деп тиленип отурдук.

– Атаандаш Азиянын учурдагы чемпиону, бир кыйла күчтүү команда. Ага карабай, алар менен тең тайлашып ойнодуңар...
– Туура айтасыз. Австралия тайпабыздын гана эмес, Азия чөлкөмүндөгү эң күчтүү командалардын бири. Атаандаштан корккон жокпуз. Эгерде оюн алдында кымындай эле сүрдөнүү болсо, анда оюн талаасына чыгуунун кереги деле жок болчу. Тең тайлаша ойной аларыбызды атаандашыбыз да күтпөсө керек. Ошондой эле буга алгачкы мүнөттөрдөгү биздин дарбазага гол кирип кетиши да себеп. Бул бизди чабуулга чыгууга аргасыз кылды.

– Бул машыгуулардын жыйынтыгынан кабар берсе керек?
– Ооба, ошондой эле 90 мүнөт бою жогорку ылдамдыкта оюн өткөргөнүбүздү белгилесек болот. Машыгуу сбору Дубайда болуп өткөн. Анда биз 10 күн бою ушул оюндарга карата даярдык көргөнбүз. Силер билгендей, алгач Бангладеш курамасын жеңип келдик.

– Улуттук курамга жаңы оюнчулардын келиши да жаңы дем берип, күч кошкондой. Оюн талаасында бири-бириңерди түшүнүү канчалык деңгээлде болуп жатты?
– Башкы машыктыруучунун аракети менен улуттук курамга Германияда ойногон Эдгар Берндхарт, Виталий Люкс жана Сербиянын клубунда ойногон Антон Землянухин чакырылган. Булардын баары Кыргызстанда төрөлүп, кийинчерээк көчүп кетишкен. Алар бизге жакшы күч кошушту деп айта алам. Оюн талаасында бири-бирибизди түшүнүү анчалык деле оор болгон жок. Башкы машыктыруучубуздун тактикалык жактан берген көрсөтмөлөрү жардам берди.

– Австралиянын кайсы оюнчусуна баа бересиз? Ким мыкты оюн көрсөттү?
– Ортодо оюн алып барган «Кристал Пэлас» клубунун жарым коргоочусу, Австралиянын курамасынын капитаны Майл Единакты белгилеп кетмекмин. Ал оюнда эң көп пас берген жана оюнду алып барган футболчу болду. Ошондой эле дарбазачы Меттью Райан жогорку деңгээлде оюн өткөздү.

– Атаандаштардын дарбазасына кирген гол боюнча эмне айта аласыз?
– Азамат Байматовдун чыгарып берүүсү ыңгайлуу болду. Мен да туура жерден орун алып, сокку узатууга жетиштим. Голдун автору ким болот, аны Азия футбол конфедерациясынын өкүлдөрү чечет. Ким киргизгени анчалык маанилүү эмес. Ал гол биз үчүн үмүттүн бир үзүмү эле. Тең чыгууга жакын элек. Кантсе да, Азия чемпиондору менен тең тайлаша алдык деп ойлойм. Ошондой эле топту сүзөрдө колум менен да ойноп кеттим окшойт. Бирок алгач башым менен сүзүп, топ дарбаза сызыгынан өткөндөн соң тийгендей туюлду...

– Маегиңизге ыраазычылык!

Азамат Байматов, улуттук курама команданын капитаны: «ТАТЫКТУУ ОЮН КӨРСӨТТҮК»
– Бул оюнду биз күткөнбүз. Австралия бул жөнөкөй команда эмес, Азия чемпиону. Ооба, башында кирип кеткен гол оюнга болгон тактикабызды бузду. Бирок биз чабуулубузду токтоткон жокпуз. Жыйынтыгында жооптуу бир сокку узата алдык. Бул гол бардык күйөрмандарыбыздын жеңиши катары бааланды десек болот. Муну менен биз кандай гана команда болбосун тең тайлаша ойной аларыбызды далилдедик. Жакшы ойной алдык, гол киргизүүгө да көптөгөн мүмкүнчүлүктөрүбүз болуп жатты. Биздин команда жаңыдан өсүп келе жатат, жаш балдар тажрыйба топтошууда. Ар бир тайпада 8ден оюн болот. Биз 2-турдан кийин 3-орунда келе жатабыз. Алдыда эң башкы атаандаштар Иордания жана Тажикстан болмокчу.

 

 

 

 

Майл Единак, Австралия курамасынын капитаны:«3 УПАЙ БИЗ ҮЧҮН ЖЕТИШКЕНДИК»
– Оюн абдан оор болду. Биз жеңишке жетишип, 3 упай алганыбызга сүйүнүшүбүз керек. Башка тайпаларда деле аутсайдерлер фавориттерге каршы катуу ойноп жатканын көрсөк болот. Бул оюн бизге тажрыйба, сабак болду. Биз мындан да жакшы оюн көрсөтүүгө күчүбүз жетет. Оюндун жүрүшү менен салыштырсак, 3 упай биз үчүн чоң жетишкендик болду.

 

 

 

 

 

Тим Кэхилл, Австралия курамасынын чабуулчусу: «АЛГАЧКЫ МҮНӨТТӨРДӨ ГАНА МЫКТЫ ОЙНОДУК»
– Биз башынан эле жогорку ылдамдыкта оюнду баштап, биринчи голду киргизишибиз керек эле. Айып соккудан кирген гол абдан маанилүү болду. Азия чемпиондору үчүн ушул мүнөт гана калган убакыттын ичинен эң татыктуусу болду окшойт. Тыныгуудан кийин эсеп боюнча биз алдыда болуп, каршы чабуулда ойноого мүмкүнчүлүк болду. Антсе да, кыргыз футболчулары бизди бир далай чуркатышты.

 

 

 

 

ИНТЕРНЕТТЕ ЖЫЛДЫЗГА АЙЛАНГАН ЧОРА
Бул оюнда футболчулардан тышкары кызыктуу күйөрмандарды да көрүүгө болду. Алардын арасынан өзүн тамашалай Чора деп тааныштырган күйөрман учурда интернет айдыңында популярдуу болууда. Анын 1-таймдан кийинки тыныгуудагы өзгөчө бийи калың элдин көңүлүн көтөрдү. Учурда аны көпчүлүк талкууга алып, позитивдүү аракети үчүн мактап жатышат. SUPER.KG порталына маек курган тамашакөй жигит биздин футболчуларды колдоп, беттешке Австралияга чейин барганга аракет кыларын билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Sagidko88
2015-06-22 10:22:29
Колу ойноп кетсе деле гол эсептелди, демек колу мн киргизген жок. Азаматсынар! Кайынатам экообуз тим эле мониторго кирип кетчудой болуп кордук. Ишеничти актадынар. "Сухой" утулуп калганда кантмекпиз?! Жакшы оюн болду.
+1
Akylai_aktan
2015-06-22 10:59:10
Ushunchalyk syimyktandym,daje kozumo jash keldi.Kyrgyzdyn azamattary bar bolgula!Dagy kop kop iigilikterdi bagyndyryshynarga ishenebiz!
0
Zarema94
2015-06-22 11:08:59
Ооба, мындай сыймыктуу мун0ттордо козго жаш албай коюу мумкун эмес! Ийгилик!
0
jaskaaa
2015-06-22 11:12:33
Мен аябай суйундум.
0
jaskaaa
2015-06-22 11:13:27
супер. Гоолл бактылуу кыйкырык!
0
gumi94
2015-06-23 01:18:55
От души эле суйундукгоооо ...... админ тиги чоранын озгочо бийи бар болсо киргизип койгулачы че то корбой калыпмын...
0
admin_media
2015-06-23 14:18:10
gumi94, саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/media/stv/143569/
0
№ 659, 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан