Немис машинасынын дүйнөнү дүңгүрөтүшү кечээ жакында эле болуп өткөндөй болгон. Бирок кезектеги 2018-жылкы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондугуна тандоо оюндары башталды. Анда 11-июнь күнү Кыргызстан курама командасы да старт алып, эки оюн өткөрдү.
ӨЛКӨ БАШЧЫСЫ КОЛДОДУ
Алгач кыргыз футболчулары 11-июнда Бангладеш менен беттешип, 1:3 эсебинде жеңишке жетишти.
Футбол майрамы 16-июнь күнү Бишкекте Кыргызстан курама командасынын Австралия курама командасы менен беттешүүсүндө уланды. Учурдагы Азия чемпиондорунун көпчүлүккө таанымал Тим Кэхилл, Майл Единак, Митчелл Лангерак сыяктуу футболчуларынын келиши олуттуу курам келгенинен кабар берди.
Бул арада өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев улуттук курама команда менен машыгуу учурунда жолугуп, демине-дем кошту. Мамлекет башчы «Татыктуу оюн көрсөткүлө. Силер үчүн бүт өлкөбүз күйөрман болот. Биз силерге, силердин жеңишиңерге ишенебиз!» деп ийгилик каалап кетти.
Оюн алдында «Бул футбол талаасы мал айдаганга жана картошка айдаганга гана жарайт» деп Австралиядан келген журналисттер биздин короого таш ыргытканга да үлгүрүштү.
1-ТАЙМ. «А» ДЕГИЧЕКТИ АЛГАЧКЫ ГОЛ
Көрүүчүлөр ордуларын тапкычакты Кыргызстандын дарбазасына биринчи гол кирип кетти. Дээрлик 25 метрлик аралыктан тебилген Майл Единактын соккусу жана топту дарбазадан алып чыга бер... Дарбазачы Валерий Кашубанын олдоксон кыймылы топту тосуп калганга жардам бере алган жок. Эсеп ачылды. Эл дагы канча топ биздин дарбазага кирет болду экен деген ойго чөмүлүп калды.
Өздөрүнө келе түшкөн биздин футболчулар чабуул артынан чабуул жасап, не бир деген соккуларды узатышты. Тилекке каршы, баары түз эмес. Бул учурда көрүүчүлөр арасында «сары түстөгүлөр Азия чемпиондорубу же көчөдөгү сүйүүчүлөр арасындагы курам келгенби?» деген сөздөр угулуп баштады. Ооба, бул мүнөттөрдө Австралия курама командасы оюн талаасына көнө албай, коргонууда гана баш калкалап жатты.
2-ТАЙМ. АКЫРКЫ СЕКУНДДАРГА ЧЕЙИН...
Экинчи жарым бөлүк да биздин чабуулдар менен башталды. Мына-мына каршылашты кысып, аракеттер күчөп калганда экинчи гол бизге кирди. Бул сапар каршы чабуулда алмашууга чыккан «Утрехт» командасынын жарым коргоочусу Томми Оар айырмаланды.
Кыргыз футболчуларынын маанайы сууса да, өздөрүн ташташкан жок. Жок, алар акыркы секунддарга дейре ойношту. Негизги убакытка кошумча берилген мүнөттө бурчтан чыгарылган топко Азамат Байматов биринчи жетип, дарбаза тарапка сүзгөнгө үлгүрдү. Аны алмашууга чыккан чабуулчу Алмазбек Мирзалиев башы менен сокту! Го-оо-ол!!! Стадион бир жарылды. Айкырык-сүрөөн. Тең чыгууга үмүт бар!..
Бирок башкы калыстын ышкырыгы оюндун бүткөнүнөн кабар берди. Дагы 1-2 мүнөт болгондо мүмкүн Азия чемпиондору менен тең чыгуу катталмак беле...
«11 ФУТБОЛЧУ ЭМЕС, 18 011 ФУТБОЛЧУ МЕНЕН ОЙНОГОНДОЙ БОЛДУК»
Башкы машыктыруучулар оюндан соң өз ойлору менен бөлүшүштү. «Соккеруз» машыктыруучусу Ангелос Постекоглу: "Албетте, мыкты оюн болду. Башында эле оюн оңой эмес болоруна көзүм жеткен.Ушул курамдагы футболчулар менен көбүрөөк беттеш өткөрсө, Кыргызстан күчтүү команда боло алат. Фанаттардын колдоосун көрүп жеңилип калабызбы деп да чочуладым. 11 футболчу жана алардын 18 миң көрүүчүлөрүнө каршы ойногондой эле болдук".
Ал эми Кыргызстан насаатчысы Александр Крестинин «Менин оюнчуларым беттешке толугу менен өзүлөрүн арнашты. Ошентсе да биз бирден көп гол киргизишибиз керек болчу. Тең чыгуу бул оюнда адилеттүү жыйынтык болмок деп ойлойм. Эми бир оюнда көп нерсеге жетишүү мүмкүн эмес. Башкысы биз эмгек кылып, келечекте ийгилик жаратууга аракет кылабыз».
ЧЕТ ЭЛДИК ММКЛАР ОЮН ТУУРАЛУУ..
Азия чемпиондору менен кашык каны калгыча кармашкан Кыргызстан курама командасы чет элдик басылмаларында уу-дуу жаратууда. Алсак, Британиянын The Guardian басылмасына: «Намыстуу кыргыздар Австралиянын айласын кетирди» деген макала чыкты.
The Sydney Morning Herald: «18 миң көрүүчү ордуларына баргыча, Кыргызстанга алгачкы гол кирди. Андан ары да голдор шагырайт деген ойдо оюн алып барган Австралия катуу жаңылышты».
foxsports.com.au: «Бул оюн австралиялыктар өткөргөн оюндардын өзгөчөлөрүнүн бири болду. Алар өмүрүндө болуп көрбөгөндөй кызуу сүрөөнгө жана үзгүлтүксүз чабуулга кабылды. Кыргызстандын оюнчулары соңку мүнөттөрдө гол киргизгенде талаа ээлери менен 18 миң көрүүчү Дүйнө чемпиондугун уткандай кубанышты».
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg