Аалы Карашев: «БАШКАРУУ ӨНӨРҮ ӨЗГӨРДҮ, ЖАҢЫЧА МАМИЛЕ ЗАРЫЛ»

Аалы Карашев – мамлекеттик башкаруу боюнча дасыккан адис. Болгондо да бул өнөрдү теория эле эмес, иш жүзүндө өздөштүргөн мамлекеттик ишмер. Соңку кызмат орду – Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси. Мамлекеттик аппаратты кантип элге иштетиштин сырларын жакшы билет десек болот.

– Аалы Азимович, эгемендүү өлкөбүздө мамлекеттик курулушка дээрлик чейрек кылым болуп калды. Бул мезгил ичинде келип-кеткен премьерлердин саны отуздай болуптур. Өкмөт түзүмү канча жолу өзгөргөнүнө санак жетпейт. Башкаруу сапаты жакшырдыбы?
– Башкаруу сапатына эл баа бергени туура. Баалоо индикаторлору жөнөкөй эле, – бул жашоо деңгээли, коомдук коопсуздук, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баарына жеткиликтүүлүгү жана сапаты.
Албетте, жетишкендиктер бар. Бийлик институттары калыбына келип калды. Демократиянын өнүгүү жолуна айныгыс болуп түштүк. Биз дүйнөлүк демократиялык системанын өрнөгүн алуу менен бирге улуттук руханий жана маданий дөөлөттөрүбүздү сарамжал сактап, жандантып да жатабыз. Эми ийгиликтин шарты – мамлекеттик башкарууга эл деген, ишинин үзүрү үчүн үзүлүп түшкөн устаттарды тартуу.

– XXI кылымда жаңы технологиялар туш-туштан баскан доордо жашап жатпайбызбы. Ошолордун күчү аркылуу башкаруу системасын жөнөкөй жана ачык-айкын кыла алабызбы?
– Жаңы технологиялар бул системанын ачыктыгын арттырууга өбөлгө түзүп жатат. Өлкөбүздө мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасы иштей баштады, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка алууда компьютердик сынак, бийлик менен жарандар ортосунда электрондук байланыш, калкты электрондук сурамжылоо жана башкалар киргизилди. Маалыматтык жана электрондук технологиялардын киргизилиши маселе чечүүдө адам факторун азайтууга көмөкчү болду. Компьютер менен жабдылган система коррупциянын жаралуу коркунучун азайтууда. Эми ушул жол менен илгерилей берүү керек.
"Электрондук өкмөт" жөнүндө өзүнчө сөз. Аны бизде 2010-жылга чейин башкарууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу деп бир беткей түшүнүп келишкен. Башкача айтканда, "электрондук өкмөт" деп компьютер жана интернет менен жабдылган өкмөттү ойлошкон. "Электрондук өкмөттү" компьютерди иштеткен министрлер деп гана түшүнбөш керек. Бул деген эң оболу жарандарыбыздын электрондук байланыш, интернет аркылуу мамлекеттик кызмат алуу мүмкүнчүлүгү.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн баарына жеткиликтүү жана сапаттуу болушу үчүн мамлекет күч үрөп жатат. Парламент болсо "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" мыйзамын кабыл алды. Кызмат көрсөтүүлөр боюнча өкмөттүк комиссия иштөөдө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баарына жеткиликтүүлүгү жана сапат стандарттары иштелип чыгып бекитилүүдө. Эми кызмат көрсөтүүлөрдүн бир бөлүгүн электрондук форматка салуу жагы калды. Мына ушуну аракеттеги "электрондук өкмөт" десек болот. Жакынкы күндөрү болсо "Таза.com" долбоорунун бет ачары болду, бул өлкө жетекчилигинин жана Социал-демократтар партиясынын колдоосуна татыды. Долбоордун түзүүчүлөрү электрондук өкмөттүн элементтерин мамлекеттик каржылоосуз, жеке инвестиция тартуу аркылуу киргизебиз деп сөз берип жатышат.

– Бийлик вертикалынын канча деңгээли болууга тийиш деген ойдосуз?
– Администрациялык-аймактык бөлүштүрүүнү кайра жамаачылоо аймактык жамааттарды өнүктүрүүгө алып бара турган жол дегенден алыс болуш керек. Беш деңгээлдеги бөлүштүрүүдө иштеген өлкөлөр дүйнөдө аз эмес, мисалы, Германия, Франция жана башка. Ошондой эле башкаруунун эки деңгээли, айрым жерлерде бир гана борбордук деңгээли бар өлкөлөр да бар (Европанын кичине мамлекеттери – Ватикан, Монако жана башка).
Менимче, башкаруунун өнүгүшүндө кыйла маанилүү маселелер бар. Биринчи – администрациялык бирдиктер үчүн жетиштүү экономикалык базанын калыптанышы. Булар финансылык жактан өзүн өзү бага алышына жетишүүсү зарыл. Экинчи – мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо механизмдерин кармоо менен ыйгарым укуктарды так бөлүштүрүү. Үчүнчү – жергиликтүү жамааттар менен бийликтин өз ара алакасында коммуникациялык механизмдер менен жоболорду өркүндөтүү. Ошондой эле бир канча конушту камтыган аймак ичинде да айылдык жамааттардын борбордук калк конушу менен алакасында да ич ара түшүнүшүү, урматташуу мамилеси болууга тийиш. Ар ким жеке пикирин айтууга акылуу, аны уга билүү керек. Бирок чечим бардык жамааттын кызыкчылыгын эске алуу менен кабыл алынууга тийиш. Жергиликтүү өзүн өзү башкарууну жана муниципалдык түзүмдүн ичинде: айылдык аймак – айыл өкмөтү – айыл – көчө – квартал – үй ирети менен башкарууну өркүндөтүү керек. Бул иш кандай жасалат? Ага менин билимим да, тажрыйбам да жетет.

– Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жагын өркүндөтүү керек дедиңиз, кандай жолдорун айтат элеңиз?
– Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жагы дайыма реформага муктаж. Мен азыр эле айткандай, күчтүү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана күчтүү борбордук бийлик бирдей керек. Биринчиси жок болсо, демократия да, эркиндик да жок, экинчиси жок деген мамлекеттин бүтүндүгү, улуттук өзгөчөлүктүн, тартиптин жоктугу дегенге тете болот.
Азыр дүйнөдө мааниси жагынан ар башка эки идея өкүм сүрө баштады, бири – «Күчтүү аймактар – күчтүү өлкө», экинчиси – «Ири экономикалык борборлор – чыгымдуу калк конуштарын жоюу». Албетте, бири-бирине коошпогон эки башка көрүнүштү ар тараптан изилдөө зарыл. Кыскасы, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу идеясынын тегерегинде тынымсыз ойлонсок болот.
Дүйнөдөгү бардык өлкөлөр өз салтына жараша башкаруу системасын реформалашкан. Байыртан бери тоо арасындагы чакан өрөөндөрдү байырлаган кыргыздар тагдыр жазмышы менен өзүн башкаруу салтын өздөштүрүшкөн, мына ошону бүгүн биз кайра жаратып жатабыз.

– Тарыхый бир ишмер айтмакчы, «мамлекетте баарын кадрлар чечет». Бизде мамлекеттик кызматка керек кадрлардын сапаты тууралуу эмнелерди айтасыз?
– Чиновникке ишеним жок болсо – бийликке ишеним жок. Калк менен бийлик ортосунда өз ара ишеним болгондо гана мамлекет бекем болот. Мындай ишенимге жол оңой эмес болсо да, тапса болот.
Биринчиден, мамлекеттик кызматка мыктынын мыктысы гана кирүүгө тийиш. Администрациялык кызматтар үчүн бизде конкурстук тандоо системасы бар. Экинчиден, кызматчылар жүрүм-туруму жагынан башкаларга өрнөк, үлгү болушу шарт. Бул үчүн мамлекеттик кызматчылардын Этикалык кодексин алга сүрөө зарыл. Мындай документти иштеп чыкканбыз, азыр макулдашуу иши жүрүп жатат.
Кадрлар резервине келсек, бул жагында маселе бар. Мамлекеттик органдар алдында кадрлардын ички резерви бар, ага аттестацияда жана конкурстарда мыкты баага татыгандар киргизилет. Эгер улуттук кадрлар резервине келсек, ачыгын айтканда, ал иштебей турат. Себеби мындай улуттук резерв бирдиктүү кадрдык орган аркылуу талапкерлерди кызматка борборлоштурулган тандоо системасы бар өлкөлөрдө өз үзүрүн берет. Ал эми ички резерв болсо баалоо, көтөрмөлөө аркылуу бирдиктүү улуттук резерв түзүү үчүн иштейт.
Ал эми саясий ишмердик үчүн кадрлар мектебинин ролун саясий партиялар аткарышат. Кадрлар резервинин бул жолун, балким, саясий чөйрөдө колдонуу жагын карап көрөрбүз.

– Аткаминерлердин санын кыскартып, анын ордуна айлык маяналарын көтөрүү мезгили келген жокпу?
– Эми тарыхта аппаратты кыскартуу аракеттери далай жолу көрүлгөн, бирок иш жүзүндө тескерисинче көбөйүп келгенин билебиз. Башкаруу системасына телефон, компьютер сыяктуу жаңы технологиялар киргенине карабастан, натыйжа аз.
Албетте, чакан, бирок кесипкөй мамлекеттик аппарат болсо кана? Бир нече жолу аткаминерлер санын 10-20 пайызга, андан көп кыскартуу аракети жасалган. Бирок мамлекеттик милдеттерин салмактабастан, баарын окшош кылып, бирдей пайызга кыскартып көргөнбүз. Чынында кээ бир мамлекеттик мекемелерде 30-40 пайызга кыскартуу зарыл болсо, дагы бир мекемеде мамлекеттик кызыкчылык талап кылса көбөйтүү керектир!
Ишинен майнап чыкпай калган же бири-бирин кайталаган бирдиктерди кыскартуу керек. Мисалы, буга эч кимге кереги жок маалымдамалар, отчёттор, уруксат берүүлөр жана башкалар кирет. Мындай иштер аппаратка керек, эмне дегенде эч нерсе жооп бербейсиң, бирок уруксат берүү, жактыруу же жактырбай коюу сыяктуу укуктарың болот да. Ошентип мамлекеттик органдар уруксат берүү иш милдеттерин сурап алып, штатын кеңейтип алышат. Мына ошондуктан мамлекеттик башкаруу теориясында көзөмөлдөөчү иш милдеттер коомго пайдалуулугу жагынан керексиз деп саналат.
Аппаратты кыскартууга жолтоо болгон дагы бир себеп – иш милдеттер менен жоопкерчиликтерди бытыранды кылуу. Бөлүмчөлөр өзүнө ылайыктап алган кичине иш милдеттерин гана аткарышат, эч ким эч нерсеге жооп бербейт, баары эле бири-бири менен бир нерселерди эртеден кечке макулдашып, кайра-кайра такташып эле отурушат, ошентип чечим да кечигип кабыл алынат. Баягы азил сөз эске келет: «Кийимге мен жооп бербейм. Мен топчуга гана жооп берем, топчусуна доомат барбы?» деген тура.
Ток этер жери – ар бир кызматчыга так тапшырма берилип, анын натыйжасына жооп бергидей система түзүү зарыл.
Аппаратты кыскартуу жолунда үчүнчү тосмо бар, бул – иш милдеттердин кайталанмасы. Башкача айтканда, ар башка мамлекеттик органдар бир эле ишти кайталай бергени, ал аз келгенсип, бири-бирине жолтоо болгону.
Администрациялык реформада маанилүү нерсе – иш ыргагын колдон келишинче кыскартуу, бул деген милдеттерди чечүүдө жана максатка жетүүдө иш-аракеттердин аздыгы, артык баш бөлүүчүлөрсүз, ортомчуларсыз так түзүлгөн логистика. Кыскасы, ортодогу кайталанма, мите кызматтардан баш тартуу зарыл. Мына ушул иштерди аткарганда гана администрациялык реформа үзүрүн бере баштайт.

Абдыжапар Султанов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
azureya19
2015-06-23 00:07:19
Ммм жакшы жакшы. Кайсы партия менен шайлоого барасыз ошондо?
0
№ 659, 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан