АБАСЫ ЫСЫК, ЭЛИ МЕЙМАНДОС МАЛАЙЗИЯ

Малайзиядагы Кыргызстандын элчилигинин чакыруусу менен 6-июндан 14-июнга чейин кыргыз журналисттери жана маданият өкүлдөрү бул өлкөнүн маданияты, каада-салты, туризм тармагы менен жакындан таанышып кайттык. Бир нече ири улуттардын башын бириктирип, тынчтыкта, биримдикте, өнүгүүнүн үстүндө келе жаткан Малайзия өлкөсүнө болгон сапар жакшы маанай, пайдалуу маалыматтар менен коштолду.


Малайзиялыктардын шаардын сыймыгы болгон жайлары менен тааныштык.

Лангкави аралында болуп, туристтерди тарткан жапайы табияты, жаныбарлары менен тааныштык. Самат: "Таш бака менен селфи. Мен сулуумунбу же сенби?"

Ырчылар Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков, Асел Кадырбекова, тамашоучулар Эмил Эсеналиев жана Самат Эркинбеков Малайзиядагы мекендештерге ыр майрам тартуулашты.


ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ...

Малайзиянын ММКлары менен тажрыйба алмашуу максатында өлкөдөгү алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири болгон «Media prima» корпорациясына баш бактык. Корпорацияда маалымат таратуунун толук топтому чогултулган 4 телеканал, 3 гезит, интернет-портал, 3 радио жана жарнамалык агенттик иштейт. Корпорациянын жетекчилиги иш процесси кандай жүрөрү, кандай жабдуулар менен иш алып барышары тууралуу жана ишкана жөнүндө кенен маалымат берди. Белгилей кетчү нерсе, бул корпорация кино, сериалдарды да тартышат.

Андан кийинки сапарыбыз ушундай эле ММКлардын сап башында турган «The Star» медиа-холдингине болду. Бул ишканада 4 радио, 2 телеканал, балдарга, айымдарга, билим берүүгө арналган журналдар чыгат. Ал эми корпорациянын атын алып жүргөн гезитке токтолсок, «The Star» 44 жылдан бери жарыкка чыгат. Эң алгач 10 000 нуска менен жарык көрсө, азыркы учурда күнүнө 300 000 нуска менен чыгат. Учурдагы малайзиялыктардын 100үнүн бири бул гезитти окуса, 5,5 миллион калктуу Кыргызстанда»Супер-Инфо» гезитин 55 адамдын бири окуйт. Бул көрсөткүч менде сыймыктанууну жаратты.

САПАРДАН ЖЫЛМАЙТУУЧУ ИРМЕМДЕР
Делегация менен малайзиялыктардын каада-салты менен таанышуу учурунан.
Гүлнур Сатылганова: – Официантка столдогу бошогон тарелканы алып кет деп англисче кантип айтсам болот?
Кылычбек Султанов: – "Экскьюз ми" деп столду көрсөтсөңүз эле тазалап кетишет.
Гүлнур эже: – «Экскьюз ми?..»- деп официантка кайрылды эле, ал бош тарелканы алып кайра кетмекчи болгондо, жанындагы дагы бир бош тарелканы көрсөтүп "Тоже, экскьюз ми..."

"ЭҢ МААНИЛҮҮ ДЕП ТУРИЗМ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРДҮК"
Эл аралык туризмди өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары ИСХАК ИСМАИЛ:
– Биз алгач өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө туризмдин ролу кандай экенин изилдеп чыктык. Ошого жараша эң маанилүү деп тейлөө тармагын өнүктүрдүк. Азыркы учурда тейлөө тармагында Малайзия дүйнө жүзү боюнча 13-орунда турат. Албетте, туризм өнүгүшү үчүн өлкөдө ыңгайлуулуктар түзүлүшү керек. Бул үчүн спорт, шоппинг, эс алуучу жайлар жана башка тармактарды өнүктүрүүгө аракет кылабыз.
Эске сала кетчү нерсе, КМШ өлкөлөрүнүн жарандары 30 күндөн 90 күнгө чейин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары 90 күнгө чейин бул өлкөдө эркин жүрүшөт.

 

 

 

«ЧЕТ ЖЕРДЕН ИНВЕСТОР ТАРТУУ ҮЧҮН ӨЛКӨДӨ СТАБИЛДҮҮЛҮК БОЛУШУ КЕРЕК»
Сапарыбыздын аягында Малайзиядагы Кыргызстандын элчилигинин босогосун аттап, элчи КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВ журналисттерди кызыктырган бир катар суроолорго жооп берди:

– Кылычбек Камчыевич, Малайзиядагы кыргыз жарандары тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
– Малайзияда болжол менен 1000дей кыргыз жараны бар, алардын ичинен 200дөйү каттоого турса, көпчүлүгү келишпейт. Анткени каттоого туруу милдеттүү түрдө эмес, өз каалоосуна жараша жүргүзүлөт. Бирок кандайдыр бир чукул кырдаалдарда өзүлөрүнүн эле кызыкчылыгы үчүн каттоого туруп койсо ашыкча болбойт.

– Алдыдагы пландарыңыз кандай?
– Мен өзүмө бир нече милдеттерди коюп алдым. Биринчиси – кыргыз диаспорасынын башын бириктирүү.
Дагы бир аракет эки өлкөнүн ишкерлерин байланыштыруу үчүн түз авиакаттам түзүү. Бул жердин ишкерлерине, маалымат каражаттарына, бийлик өкүлдөрүнө биздин жердин артыкчылыктарын айтып, аларды кызыктырууга аракет кылып жатабыз. Кызыгуу болбосо эч кимди мажбурлап алып бара албайсың да.
Кийинки аракет Кыргызстанды таанытууда эки жактын маалымат каражаттарын тартуу, байланыш түзүү. Малайзияны маалымат менен камсыздап турган эки ири компанияга бардыңыздар, ишмердүүлүгү менен тааныштыңыздар. Мен келгенден бери ушул маалымат булактарынан кичинеден болсо да Кыргызстан тууралуу маалыматтар чыга баштады. Сиздер келип байланыш түздүңүздөр, эми маалымат алмашып турсаңыздар, бул кыргыз мамлекетин Малайзияга тааныштырууга өбөлгө болот. Андан сырткары кыргыз мамлекетин жарнама кылуу максатында бул жердин маданият өкүлдөрүн, журналисттерди Кыргызстанга алып барып келүү ойлорубуз бар.

– Кыргызстанга ири көлөмдө инвестиция тартуу, экономикалык байланышты чыңдоо үчүн эмне керек?
– Баарыбыз эле билебиз, чет жерден инвестиция тартуу үчүн өлкөдө стабилдүүлүк анан мыйзамдуулук болушу кажет. Бизде бир жаңылыш ой калыптанып калган, инвесторлор биздин байлыгыбызды алып кетет деген. Буга эл күнөөлүү деп айта албайм, чиновниктер күнөөлүү. 90-жылдардан бери бийликке, чиновниктерге болгон ишеним азайды. 25 жылдан бери кризис болуп келе жатат. 90-жылдардын башында Малайзия менен салыштырганда бирдей эле деңгээлде болчубуз. Бул аралыкта Малайзия алдыга өнүксө, биз тескерисинче артка кетип жаттык. Бийликтеги адилетсиздиктен улам 2 жолу бийлик күч менен алмашты. Өлкөдө стабилдүүлүк орносо, адилеттүү бийлик элди башкарса эле инвесторлор келет.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргыз делегациясынын Малайзияга болгон сапарынан видеорепортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Stervochka
2015-06-22 17:12:22
Аселди ырдатпаганы жакшы эле болуптур, ал оз уну менен ырдай албайт да, дайыма фонограммада журот го, ырдатса уят эле болмок уну чыкпай.Нурлан Насип Сайкал менен Малайзияга барса мен кемминби деп атаандашып эле барды го.Ото эле озун ашыкча "суйгон" ырчы кыз,анан ашыкча боёнгону жакпайт. Асель азыраак бойонуп,андан коро унун ондоп,жандуу ырдаса жакшы болмок. Сын айтканым учун кечирим сурайм, бирок сынды туура кабыл алат деп ойлойм.
0
bat88
2015-09-23 01:30:40
элчи эн туура жооп бериптир
+1
№ 659, 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан