ЖЕҢИШКЕ ЖЕТҮҮ ДА, ЖЕҢИЛҮҮ ДА КЫЙЫН

“Супер-2009”

Жолборс жылында төрөлүшкөн “Жылдын супер ырчы мырзасы” Мирбек Атабеков, “Супер ырчы айымы” Кенже Дүйшеева биз менен кубанычын тең бөлүштү. Жеңүүчүлөрдүн атаандаштары Жанета Бобкова менен Ильяз Абдыразаков да өз ойлорун кошумчалашты.

Жанета Бобкова:
“КЕНЖЕ КҮЙӨӨГӨ ЧЫГАМ ДЕБЕГЕНДЕ
ЖОЛ БОШОТМОК ЭМЕСМИН”

– Жанета, маанай кандай, нааразычылыктар жокпу?
– Эми билбейм, быйыл жакшы эле иштедим окшойт. Испанияга барып келдим, жаңы ырларды жаздырдым, жаңы клиптерди тарттырдым. “Кош жылдыз”, “Жылдыздар манежде” долбоорлоруна катыштым. Жакшы эле эмгектендим, буга эл күбө. Сайттагы добуш берүүдө бирде биринчиге чыгып, кээде экинчиде калып, айтор, көңүл тынчыбай жатты. Мени колдоп, добуш берген күйөрмандарыма ыраазымын. Кенже “быйыл күйөөгө тием, мага жол бербейсиңби?!” деп тамашалаганда күйөөгө тийсең, макул анда жол бошотом деп күлгөм. Бирок эмки жылы менин да төрөйүн деген планым бар болчу. Жеңишке жетпей калганыма жиним келген жок. Сынак деген сынак экен, эч кандай нааразычылыгым деле жок. Концерт жогорку деңгээлде өттү. Силерге рахмат, ишиңерге ийгилик. Кыргыз элимди да Жаңы жылы менен куттуктайм.


Мирбек Атабеков:
“БУЛ НААМГА ИЛЬЯЗ ДА ТАТЫКТУУ БОЛЧУ”

– Мирбек, “Жылдын супер ырчы мырзасы” деп табылдың, сыйлык кут болсун!
– Рахмат. Бул сыйлыкты 3-жолу жеңип алып жатам. Биринчи жолу “Супер ырчы мырза” аталганда аябай толкундоолор, кубануулар болгон. Үчүнчүсүн алганда деле ошондой сезимге туш болот экенсиң. Эки жолу “Супер ырчы мырза” болгонума карабай, быйылкы эмгегимди баалап тизмеге кошуп койгонуңарга ыраазы болдум. Мени күйөрмандарым баалап жаткандан кийин, албетте, татыктуумун деп ойлойм.
– Сайтка кирип өзүңө добуш бердиңби?
– Мен интернетке анча жакын эмесмин. Өзүмө добуш берген жокмун. Дос-туугандарга сайтка кирип добуш бергиле деп айтканга да дитим барган жок. Мындай кылсам атымды булгап алмакмын да. Бирок гезиттен биринчи орунда келе жатканымды көрдүм. Ким эле биринчи болууну каалабасын, мен деле жеңишке жетишсем деп Кудайдан тилеп жаттым.
– Чынын айтчы, Ильяз экөөңөрдүн ортоңордо атаандашуу болдубу?
– Негизи, накта чыгармачыл адамдардын арасында атаандашуу болбойт. Мындай нерсе шоумендердин арасында болушу мүмкүн. Биз Ильяз экөөбүз тең өз ишибизди мыкты билген, өзүбүзгө ишенген адамдарбыз. Экөөбүз чыгармачылык боюнча тыгыз байланыштабыз. Бул наамга Ильяз деле татыктуу болчу, ал да быйыл аябай иштеди. Буйрук экен, мен жеңип кеттим.
– Үч жыл катары менен сыйлык алып, супер концертке катышып жатасың, жеке оюң кандай? Туура чечим болду деп айталасыңбы?
– Менин оюмча, эң туура болду. Мисалы, мен Каныкейдин үнүн, стилин баалайм. Чындыгында эле дебютка татыктуу. Ал эми Бекчоро, чынында, стилдүү ырчы. Өзүм жөнүндө айтсам, ыр жазбай, клип тартпай, концерт койбой, эч нерсе иш жасабай эле үйдө жыргап жатып бул наамга жеткен жокмун да.
– Үчүнчү жолку алган наамың сага стимул боло алдыбы?
– Албетте, бул сыйлык эл аралык конкурс, фестивалдарга чыгам деген оюма күч-кубат берет. Эмгек жерде калбайт турбайбы. Силер, кыргыз элим колдоп турганда, буюрса, Европа, Америка, Түркия, кыскасы, чет жактарга таанылам деп турам. Андан сырткары бул
наамды алгандан кийин жөн эле жатып албай, Кыргызстанда буга чейин боло элек концерт берейин деген ниетим бар.
– Тилегиңе жет. Мирбек, айта турган акыркы сөзүң...
– Бизди эл менен байланыштырып турган “Супер-Инфо” гезитине чоң рахмат. Нускаңар быйыл 100 миңден ашса, эмки жылы 200 миңди багынтсын. “Супер-Инфону” Кыргызстанда эле эмес, Орусиянын шаарларында, андан сырткары Дубайдан да окудум. Мен да окурман катары ар бир санын сатып алам. Келе жаткан жолборс жылы менин мүчөлүм. Кыргыз элимди Жаңы жылы менен куттуктайм. Сиздерге ийгилик каалайм.


Кенже Дүйшеева:
“ЖАНЕТА ИДЕЯМДЫ ТУУРАГАН”

– Кенже эже, сыйлык кут болсун. “Жылдын супер ырчы айымы” болом деп күттүңүз беле?
– Жаштар турганда, анын үстүнө өзүм да жаш таланттарды колдогон жан болгондуктан, мен жеңгенге да, жеңилүүгө да даяр болчумун. “Жылдын супер айымы” дегенди укканда, албетте, жагымдуу болду. Мен өзүм 17 жылдан бери шоу-бизнесте эмгектенип келе жатам. Бул сыйлыкты алгандан кийин эртеби-кечпи эмгегиң сөзсүз бааланат экен деп ойлоп калдым.
– “Канчанчы орунда келе жатам?” деп кызыгып, биздин сайтка баш бактыңызбы?
– Чынымды айтсам, сайтка киргенге деле убакыт болгон жок. Гезиттен окуган эжем чалып “Жанета экөөң аябай таймашып жатыпсыңар” деп калды. Кудайдын буюрганы болот деп койгом. Баса, Жанета «18 жаш» аттуу ырынын клибин менин «Аял дебе» деген ырымдын клиби тартылган сейил бактан тартыптыр. Бул режиссёрдун күнөөсүдүр, бирок менин клибимди Жанета көргөн да. Эмнеси болсо да териштирип жатам. Себеби бул жерде менин идеям кайталанып жатат. Концертте Жанетага тамашалап жашым да, чыгармачылыктагы өмүрүм да улуу экен, эжеңе жол бер деп күлгөм. Жеңүүчү мен болуп табылганда “Жанета таарынып көзгө жаш алды” деп көргөндөр айтышты. Бирок мен эч нерсе байкаган жокмун. Күлүп-жайнап келип, эми турмушка чык деп кетти.
– Эми чындап эле турмушка чыгасызбы?
– Чыгармачылыкта жакшы эле эмгектендим, ийгиликтерге жетишип жатам. Бирок адам толук бактылуу болуш үчүн жанында жары, үйүндө балдары болушу керек. Буюрса, турмуш курууга убакыт келип жетти. Быйыл кыргыз элине жар салып, кыз каадасы менен күйөөгө чыгам деп турам. Өзүм чыгармачылык жактан бир топ тажрыйба топтогонум менен, ушул жашка келсем да жигит менен сүйлөшүп, жигит күтүү жагынан тажрыйбам жок дебейминби ха-ха-ха!..
– Куттуктоолорго көмүлүп эле калгандырсыз...
– Азырынча “Кыз-Бурактын” жамаатынан башка эч ким куттуктай элек. Себеби дос-туугандарым менин жаңылыктарымды силердин гезиттен окуйт. Эми гезит чыкканда телефондун жаагын тындырбай чалып куттукташат болуш керек.
– Элиңизге каалоо-тилегиңиз...
– Кыргыз элине Жаңы жылда ынтымак, ырыс каалайм. Ал эми «Супер-Инфо» гезитинин жамаатына ийгилик. Гезиттин нускасына, сапатына сөз жок. Мен жамаатыңардын жакшы аурасын баалайм.


Ильяз Абдыразаков:
“СУПЕР ЫРЧЫ МЫРЗА»
НААМЫН АЛБАГАНЫМА СЫНБАЙМ”

– Ильяз “Азап” ырың биринчиге татыды, куттуктайм! Сыйлыктар калыс болду деп ойлойсуңбу?
– Менде эч кандай нааразычылыктар жок. Эл чечип жаткандан кийин калыс эле болду деп ойлойм. Мен мындай нерсеге сынбайм. Буюрса, жашпыз, келечек алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерди багынтабыз. Кыргыз эли турганда өнөр адамдары бааланбай калбайт болуш керек. “Супер-Инфого” да рахмат. Биздей жаштарга колдоо көрсөтүп келе жатканыңарга ыраазымын. Дүйнөдөгү эң көп нускалуу кыргыз тилиндеги гезит болуп түбөлүккө кала бергиле.

Баяке Чааров, Ильяздын продюсери:
–Ильяз «жыйынтык калыс болду» деп айтып жатат, мен буга макул эмесмин. Эмнеге жыл сайын эле Мирбек Атабеков ала бериши керек? Бул менин эле эмес, Ильяздын бардык күйөрмандарынын пикири.
Мындай таланты менен Ильяз деле “Жылдын супер мырзасы” деген сыйлыкты багынтат болушу керек, ишиңиздерге ийгилик.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Danyel
2009-12-28 16:51:20
Tuura bul cerde el eet da?????
0
санирабегим
2009-12-28 16:53:17
всё справедливо
0
Robingud
2009-12-28 17:02:49
Ha-Ha-HA ozdorun tim ele professional sezip alat da."altin mikrofon" syilygyn alganday.Mirbek kaalagan jerine taanylganga araket kyl,birok,Tyrkiyaga emes.Turk baykuwtarga taanilip mine kilasin.
0
mikasa
2009-12-28 17:46:44
ильяз молодец. эч качан атаандашка жаман соз айтпа. ойдо болосун
0
alymbaev
2009-12-29 19:20:42
iliaz tuura aitat,talantyn bolso baary aldyda alga...mirbekke emne deibiz kutbolsun syilygyn...talantynar orkundoi bersin....ekoo ten tatyktuu syilykka..
0
Крошка
2009-12-29 21:32:52
А менимче бир эле сыйлыкты кайра кайра бир эле адамга бере берген туура эмес!я не спорю что Атабеков лучше!
0
artelow
2010-01-01 17:03:28
Сыйлынар кут болсун, чынын айтасам мен Ильяз Абдразаковдон башкалырын тааныбайт экем. Ильяз алга, эми жаны жылда АЗАПтан да жакшы хиттерди кутобуз. Алга!
0
azamatmart
2010-01-03 03:57:27
баарынар тен тормозсунар. андан коро маанилуу иш кылгылачы.
0
jazka
2010-01-04 00:05:13
крошка туура айтат!
0
ongaku
2010-01-04 01:30:50
ilyaz otlichaetsya ot mirbeka tem, chto sam pishet slova i muzyku hot kak-to, a mirbek ispolnitel. ekoo teng bir dengeeldegi yrchylar, oshon uchun kimisi tatyktuu ekenin aitysh kyiyn. kenje menen janeta bolso - no comments! kenje kim ekenin bilbeimin, janeta bolso menin jakshy korgon yrchylarymdyn biri. bul jagy kyzyk ele boldu, taanymal emes ele biroonu super yrchy dep koyushup....
0
Шаиста Шатманова
2010-01-04 11:16:35
Кенже Дуйшееваны таанымал эмес дегендерге кошула албайм. Легендарлуу "Кыз-Бурак" тобу 30 жылдан бери таанымал болсо, анын акыркы 10 жылында топтун жузу Кенже Дуйшеева болуп келатат.
0
yaka
2010-01-07 19:21:28
келечегин алдында Илкин
0
zzahra
2010-01-07 19:45:58
Robingud ne miskildaysin.emne kirgizdar adam emes beken.altin mikrofonundan da baaluu kerek bolso.ozubuzdu ozubuz kemsintpeyli tuugandar.a birok Turktorgo taanilbay ele koy degenine koshulam :))
0
zzahra
2010-01-07 19:46:01
Robingud ne miskildaysin.emne kirgizdar adam emes beken.altin mikrofonundan da baaluu kerek bolso.ozubuzdu ozubuz kemsintpeyli tuugandar.a birok Turktorgo taanilbay ele koy degenine koshulam :))
0
almasbek
2010-01-13 18:09:23
Mirbek menen Ilyas alarga soz jok!
Kenje degen kim al?
“ЖАНЕТА ИДЕЯМДЫ ТУУРАГАН” ameey kyz buraktyn
sozu da obonu da sakenderdikigo
0
№ 373, 25-31-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан