Орусиянын белгилүү ырчысы Жанна Фриске жабышкан рак илдетинин айынан 41 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Өмүрүнүн акырына чейин айыгып кетүү үмүтү менен жашап келген ырчы «фирменный» жылмаюусу, тасмаларда жараткан образдары менен күйөрмандарынын эсинде сакталып кала берет.
ЭГИЗДИН ТҮГӨЙҮ
Орусиялык эстрада ырчысы, актриса Жанна Фриске 1974-жылы Москвада туулган. Анын түгөйү жарыкка келери менен чарчап калган. Ата-энеси Жаннанын сулуу, ийилчээк, келишимдүү болушун кыялданып балет, спорт бийи, акробатика, көркөм гимнастика ийримдерине катыштырган. Мектеп жылдары артта калып, кесип тандоого келгенде МГУнун журналистика факультетине тапшырган. Бала кезинен өздөштүргөн өнөрү керекке жарап, ошол эле учурда хореограф болуп да эмгектенген. Фриске деген фамилия анын немец улутундагы чоң энесинен калган.
АТАКТУУЛУКТУ АЛЫП КЕЛГЕН «БЛЕСТЯЩИЕ» ТОБУ
Жанна 1996-жылы «Блестящие» тобунун курамына кошулган. Продюсерлер ырчынын үнүн, сахнада алып жүрүү манерасын, ийилчээктигин жана көрктүү кыймылын жактырышып, топко төртүнчү солист катары алышкан. Жанна окуусун таштап, музыкалык карьерага баш-оту менен киришет. Ырчы келишкен келбети менен көптөгөн клиптердин көркүн ачып, орусиялык поп-музыканын секс-символу атыгып, жаш кыздардын кумирине айланат.
2003-жылы «Последний герой» аталышындагы реалити-шоунун 4-сезонуна катышып, финалына чейин озуп чыгат. Тартуу аянтчасынан келери менен Фриске топтон кетип, карьерасын жеке ырчы катары улантарын жар салган. Атактуулуктун чокусунда турганда топтон кетип, жеке ырчы болууга бет алган Жаннанын сахнада өз ордун табарына эч ким күмөн санаган эмес. Ырчынын жеке чыгармачылыгы баш айланткан ийгилик менен коштолгон. Анын оңой жатталган ырларынын тексти булуң-бурчтагы үналгы, сыналгыларда жаңырып, ыр ышкыбоздордун оозунан түшпөй калган. Ырчы 2004-жылдан тартып кино айдыңына аралашып, актрисалык карьерасын түптөөгө бел байлайт. Анын элеси "Ночной дозор", "Дневной дозор", "Одноклассники.ru" өңдүү бир нече тасмада түбөлүк сакталып калды.
39 ЖАШЫНДА КӨЗ ЖАРГАН
2013-жылы 7-апрелде Жанна Фриске өзүнөн 9 жаш кичүү телеалпаруучу Дмитрий Шепелев экөө уулдуу болуп, атын Платон коюшкан. Бул күндөрдү жашоосундагы эң бактылуу көз ирмемдердин бири деп эсептеген Жаннанын: «Аял дайыма бирөөнүн сүйүктүүсү болушу керек. Эгер аны эч ким сүйбөсө ал тирүү жан эмес»,- деп айтканы бар.
АЖАЛГА ЖЕТКИРГЕН ООРУ
Көз жаргандан 2 ай өтпөй Жаннанын ден соолугу начарлаган. 2014-жылы январь айында Жаннага 4-даражадагы глиобластома (мээнин залалдуу шишиги) диагнозун коюшкан. Ал Германиянын, АКШнын клиникаларында дарыланган. Аны дарылатуу үчүн жолдошу каражат топтоону уюштуруп, жалпысынан 70 миллионго жакын рубль жыйналган. Коомчулуктун кол сунганы тууралуу Жанна Фриске: «Мен элдин реакциясына таң калдым. Эгер алар болбосо мен булуттун үстүндө буттарымды салаңдатып отурмакмын. Боорукер, бири-бирине жардам берип, кайгысын тең бөлүшкөн адамдардын бар экенине ыраазычылык билдирем»,- деген.
2014-жылдын жай айында ырчынын ден соолугу жакшырып, көзүнүн көрүүсү калыбына келип, шишиги тарап, арабасыз өзү басып жакындарын, күйөрмандарын сүйүндүргөн болчу. Бирок 1 жарым жылдан бери айыккыс дарт менен алышкан ырчынын өмүр суусу 41 жашында, 15-июнда соолуду. Күйөөсү Дмитрий Шепелев дарыгерлердин алдын ала берген жагымсыз маалыматын угуп акыркы көз ирмемдеринде сүйүктүүсүнүн жанында болууну каалабай, өлөрүнө бир күн калганда баласын алып Болгарияга учуп кеткен. Ал баласына энесинин өлүмүн көрсөткүсү келген эмес. Ырчы ата-энесинин, сиңдиси Натальянын жана жакын курбусу Ольга Орлованын көз алдында кайтыш болду.
Акыркы үч айдан бери Жанна Фриске комада жаткан. Ырчынын атасы Владимир Фриске: «Жанна менин колумдан көз жумду. Жанымда жубайым, кичүү кызым, Жаннанын эки курбусу бар эле. Качандыр бир кезде рактан айыктыруучу дарыны чыгарышса керек, бирок менин чабалекейим кайтып келбейт. Неберем эне мээримин көрбөй чоңоёру аянычтуу»,- деп ыйлаган.
Ольга Орлова: «Жанна айыгам деп ойлоп жаткан, бул дүйнө менен коштошуп жатканын сезген жок. Ал менин улуу эжемдей болчу. Анын акыркы мүнөттөрүндө жанында болгонума Кудайга ыраазымын».
Дмитрий Шепелев: «Биз бакыт дайыма тынчтыкты жактырат дечүбүз. Мен бул сөзгө бекем турам, анткени Жанна мен үчүн түбөлүктүү, кайталангыс бакыт бойдон кала берет. Биз ооруну жеңиш үчүн аны менен кармаштык. Жаннанын дарылануусуна акча которуп, ден соолугу үчүн дуба кылгандарга, аны ойлоп бакыт каалагандардын баарына ыраазычылык билдирем»,- деген.
Ырчы Филипп Киркоров Жанна менен чогуу түшкөн сүрөтүн интернеттеги өздүк баракчасына жүктөп: «Кош бол, сүйүктүү Жанна, кош бол, чыныгы досум. Мен ыйлап жатам. Буга ишенүү мүмкүн эмес. Бул ырайымсыздык...» деген сөздөрүн жазган.
Ырчынын сөөгү 18-июнда Москванын четиндеги Николо-Архангельск көрүстөнүнө коюлду.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg