Ишенбей турасызбы? Ооба, мындай болушу мүмкүн. Себеби белгилүү режиссёр Сүйүн Откеевге «Даңазалуу доор» сериалын тарткан TIMS Production компаниясынын жетекчилиги сунуш катары кайрылуу жасашкан. Компания аталган сериалдын уландысын, тагыраак айтканда, дагы бир тарыхый «Көсөм султан» аттуу тасманы тартышууда. Анын айрым окуяларын түрк туугандар Кыргызстандан тартууну көздөшкөн. Алардын сунушу боюнча кыргыз тарап арстанды табуусу зарыл. Ошондуктан көпчүлүктүн купулуна толгон сериалдын жаратуучуларынан тажрыйба топтоп калуу үчүн Сүйүн мырза жаны тынбай арстан издеп жаткан кези.