«Бир тууганчик» тасмасынын жаратуучуларынын бири, «Азия Микс» КВН командасынын мүчөсү Асхат Табалдиев 17-июнь күнү ата статусуна ээ болду. Мындан 3 жыл мурун сүйүктүүсү Зухра менен баш кошкон Асхат мырзанын бул тун наристеси. Ымыркай шаарыбыздагы төрөтканалардын биринде таңкы саат 5те, 3 килограмм 40 грамм салмакта жарыкка келген. Ымыркайга ата-эне Айя деген ысым ыйгарып, бала жытына мас болуп жүргөн кездери.