Өткөн жумада Москва шаарында «Арт-футбол» аталыштагы дүйнөлүк музыкалык футбол фестивалы орун алганы маалым. Кыргызстан футбол боюнча эч бир орунга илинбегени менен фестивалдын алкагында өткөрүлгөн кошумча сынакта ийгилик жылмайды. Анда ар бир мамлекеттин чыгармачыл өкүлдөрү 40 мүнөттүк концерт беришип, өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Биздин бийчи жигиттер, Атай Өмүрзаков жана анын окуучулары атыккан «Тумар КР» тобу да бий өнөрүн көрсөтүшүп, «Эң мыкты шоу» деген наамды утуп алышкан.