«Акыркы учурда бир аз сыркоолоп, дарыгерлерге текшерилип бүтпөй жатам. Гайморит менен ооручумун. 8 жылдан бери дарыланбай өтүшүп кетиптир. Кыргызбыз да, болбой калганда ооруканага чуркайбыз»,- деген Кайрат Примбердиев ооруганына да карабай чыгармачылыктын чыйыр жолунда катуу иштеп келет.
Ал «К 52» деп аталган музыкалык топко ырчы болуп кирди. «Топтогу жигиттерди шоу-бизнеске алып келүүнү көздөп жүрөм. Алардын баары кабакта иштеп көнүп калышкан, ошентсе да аларды чоң сахнага алып келүүгө аракет жасап жатам» дейт ырчы.