БӨЙӨН МЕНЕН БУКАЧАР ИДЕАЛДУУ ӨНӨКТӨШ

Астрологдор мамиле курууда, сүйүүдө кайсы бир деңгээлде жылдыз белги таасир берерин айтышат. Демек, муну көңүлдөн тыш калтырууга болбойт. Анда бөйөн жылдызы алдында төрөлгөндөр кимдерге ылайык келет, карап көрөлү.

(Бөйөн. 22-июндан 22-июлга чейин төрөлгөндөр)

БӨЙӨН – КОЙ
Кой менен бөйөндүн ортосундагы мамиле достук менен чектелип калганы дурус. Кой жылдызынын алдында төрөлгөндөрдүн өз оюн таңуулаганы, оюна келген нерсени тарс айтып салуусу өтө сезимтал бөйөндөрдүн жинине тиет. Табиятынан сылык бөйөндөр үчүн алардын оройлугу жагымсыз. Эркек бөйөн менен аял койдун союзу бири-бирине ыңгайлашып жашашса туура келиши мүмкүн, ал эми эркек кой менен аял бөйөндүн мамилеси көпкө узабайт. Кой кызганчаак бөйөндүн чеңгелинен тез чыгып кетүүнү каалайт.

БӨЙӨН – БУКАЧАР
Мыкты шайкештик. Үйдүн жайлуулугун биринчи орунга койгон бөйөн эркектер үчүн аял букачар идеалдуу жубай боло алат. Аял бөйөндөр үчүн басмырт, токтоо букачар эркектер мыкты күйөө болуп берет. Эки белги тең үйгө карамдуу, үй-бүлөнү биринчи орунга койгондуктан аларда дээрлик кызганыч, жаңжал, уруш-талаш чыкпайт. Эгерде түгөйлөр жашоосуна бир аз өзгөчөлүк, шаң, жаңычылдык кошуп турушса, эң бактылуу түгөйлөрдөн болот.

БӨЙӨН – ЭГИЗДЕР
Бөйөн өзүнүн таарынчаактыгын, кызганчаактыгын бир аз азайтып, эгиздердин табиятын түшүнө алса, бул союз бир топ ийгиликтерге жетишет. Анткени бирдей ой жүгүртүп, ийгиликке жетишүү үчүн күч жумшай ала турган адамдар. Бөйөн эркек менен аял эгиздердин жашоосу туруктуу болот. Бирок эгиздер эркекти өзүнүн жанында кармап туруу үчүн аял бөйөн бир топ күч жумшашы керек болот. Мезгилдин өтүшү менен эгиздер токтолуп, бөйөн каалагандай камкордук бергенге жетишет.

БӨЙӨН – БӨЙӨН
Өтө камкорлукка жана туруктуулукка муктаж болгон бөйөндөр мамиледе өздөрүн таба алышат. Жаман жагы – экөө тең кежир, урушуп кеткенде бири-бирине кадам таштабай коюшу мүмкүн. Андыктан тез элдешүүгө баргандары дурус. Экөө тең баласаак болгондуктан көп балалуу болууну каалашат. Союз бир калыпта жана кызыксыз болбошу үчүн экөө өздөрүнүн маселесинен четтеп, кээде дос-туугандардын чөйрөсүнө да кошулуп турушкандары оң.

БӨЙӨН – АРСТАН
Ар дайым элдин алдында, күлкү-шаңда жүргөн лидер арстан менен кызганчаак бөйөндүн союзунда бир топ келишпестиктер болот. Бөйөн арстанды өз ыңгайына түшүрөм, башкарам деп ойлойт. Табиятынан лидер арстан бул нерсени кабыл алгысы келбейт. Аял арстан менен бөйөн эркектер дос боюнча калганы дурус, анткени баары бир мамилелери келишпейт. Ал эми арстан эркек менен бөйөн аялдын союзу бекем болушу күтүлөт. Арстанды жеңем деген бөйөн аял анын мүнөзүн билгенден кийин тактикасын өзгөртсө, мактоо менен эпке келтире алат.

БӨЙӨН – БИЙКЕЧ
Бөйөндөр менен аналитикалык ой жүгүрткөн бийкечтер жакшы шайкештик жаратат. Экөө бардык жактан ийгиликке жетише алат. Эң негизгиси, бөйөндөр өтө муктаж болгон сүйүү, көңүл буруу, камкордук көрүүнү бийкечтер толук эле эмес, ашыгы менен бере алат. Эркек бөйөн менен бийкеч аялдын биримдиги ийгиликтүү болот. Аял бөйөн менен бийкеч эркектин союзунан бир аз материалдык жактан маселе чыгышы мүмкүн. Анткени бийкеч эркектер үй-бүлөнүн бюджетин өз колдорунан оңой менен чыгарышпайт жана көп чыгымдарга жол беришпейт.

БӨЙӨН – ТАРАЗА
Экөө эки башка дүйнөдө жашаган жылдыз белгилер. Бөйөн түгөйүнөн сүйүү издесе, тараза өнөктөшүнөн гармония, колдоо издейт. Тараза үчүн биринчи интеллект болсо, бөйөн терең сезимдерди баалайт. Бөйөн таразанын токтоолугун муздактыгы деп жаны кашайса, ал эми таразалар үчүн бөйөн өтө көңүл бурууну каалаган жаш баланы элестетет. Натыйжада экөөнүн ортосунда көп чыр чыгышы күтүлөт. Аял тараза менен эркек бөйөн ыңгайлаша алса да, бөйөн аял менен эркек таразага чогуу жашоо кыйынга турат.

БӨЙӨН – ЧАЯН
Экөөнүн тең стихиясы суу болгондуктан жакшы тил табышат. Алар романтиканы, терең сезимдерди, туруктуулукту баалайт. Эркек чаян менен бөйөн аялдын союзу бекем болот. Анткени чаяндын түгөнбөгөн энергиясы, күчтүү эрки аял бөйөндөргө коргоо сезимин тартуулайт. Эркек бөйөн менен чаян аялдардын мамилесинде бийлик талашуудан маселе жаралышы мүмкүн. Эки жылдыз төлгөнүн тең ички туюму жакшы өнүккөндүктөн бири-биринин көзүнө чөп салып жатканын тез эле сезип коюшат.

БӨЙӨН – ЖААЧЫ
Бири суу, бири от болгон белгилер кайсы бир учурда тил табыша алса да, ортодогу маселелерден качып кутула алышпайт. Табышкер, лидер жаачылар бөйөнгө материалдык жактан камсыздап бергени менен бөйөндөрдүн көз карашындагы чоң сүйүүнү, берилгендикти бере албайт. Шекчил бөйөндөр жаачынын ар бир кадамын көз жаздымдан калтырбай текшере берет, бул жорук эркиндикти сүйгөн жаачыларды кыйнап жиберет. Бул союзда уруш-талаш көп болгондуктан алар дос боюнча калгандары дурус.

БӨЙӨН – ТЕКЕЧЕР
Туура келген шайкештик. Булар эки башка мүнөздөгү адамдар, бирок бири-бирин жакшы түшүнүп жашап кете алат. Эркек текечер аял бөйөндүн бардык каалоосун аткара алат жана коргой алат. Эркек бөйөн менен текечер аялдын союзунда бөйөндүн мыйзамдары менен жашоого туура келет. Бул текечер аял үчүн анчалык деле кыйын эмес. Токтоо, айтканын аткара билген, бир сөздүү текечерин бөйөндөр сыйлап, урматтап кете алат.

ИЛЬЯЗ АНДАШТын жылдыз белгиси бөйөн, ал эми жубайы Сүйүүнүн жылдыз белгиси текечер экен. Үй-бүлөсү тууралуу Ильяз мындай дейт:
– Мен негизи жылдыз белгиге көп ишенбейм. Бирок бөйөн бардык эле белгилер менен айкалышат болуш керек. Бир гана укканым бар, чаян белгисиндегилер менен дал келбейт экенбиз. Келинчегим Сүйүү экөөбүздүн мүнөзүбүз дал келишет деп ойлойм. Ал токтоо, көпкө ойлонуп, анан бир кадамга барат. Урушуп кеткенибизде ал биринчи элдешүүгө барат, анткени мен көк бетмин. Көп маселени сүйлөшүп эле чечип алабыз. Учурда кызыбызды тарбиялап, бактылуу жашап жатабыз.

БӨЙӨН – СУУ КУЯР
Назик, сезимтал бөйөн кайдигер суу куярдын жанында соолуп калышы мүмкүн. Бир буту үйдө болсо, экинчи буту сыртта жүргөн өнөктөшүн бөйөн тарбиялай албай убара тартат. Бирок суу куярдын эпчилдиги, көп адам менен тил табыша алгандыгы, кандай кырдаал болсо да кың дебей чыгып кеткени бөйөндөрдү таң калтырат жана сыймыктантат. Эркек бөйөн тынып тынчыбаган суу куяр аялды эптеп кармап калышы мүмкүн, бирок бөйөн аял суу куяр эркекти өмүр бою өзүнө байлай албашы мүмкүн. Бири-бирине ыңгайлашса гана жашап кете алышат.

БӨЙӨН – БАЛЫК
Шайкеш келе турган союз. Мында эркек бөйөн менен аял балыктын союзу бекем болот. Анткени балык жай агым менен агып бөйөндүн айтканындай боло алат. Ал эми бөйөн аял эркек балык менен болгондо маселе чыгышы мүмкүн. Кыялкеч балыктын кыялдарын ишке ашыруу үчүн бөйөн талбай иштеп реалдуулукка ашырышы мүмкүн. Экөө тең романтик болгондуктан бири-бирине кубаныч тартуулай алышат.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
zaika.tvo9.1990
2015-06-22 10:09:57
Ооххооо чын эле
0
kirgizstan
2015-06-22 15:21:24
Админ тараза менен текечерди да Айтып бергилечи мумкун болсо
0
GOLOS
2015-06-22 17:26:19
kirgizstan, http://www.super.kg/article/show/30431 издоо деген жерге жазса эле бардык жылдыздардыкык чыгат экен корсо
0
chika2292
2015-06-22 17:26:40
Тараза тууралуу да жазгылачы плиииз...
0
suiuktuujar
2015-06-22 17:53:52
жакшыго чын элего
0
Serenada
2015-06-22 22:51:34
Админ арстан менен арстанды да айтып койгулачы
0
AykaMer
2015-06-23 00:09:12
Оохоо... Биз идеалдуу оноктош экенбиз да. Мен бойон жолдошум букачар...)))
0
tea23
2015-06-23 17:51:15
Чындап эле бойондор букачарлар менен тил табышат. Менин балдарым букачар менен бийкеч. Букачар экообуз жакшы тамак жасап жеп базарлап эле журо берсек кечке. Бийкеч балам жалкоосунар деп урушат. ))
0
aydarken
2015-06-28 13:50:18
Мен издесем табылган жок деп чыгып жатат.Суу куйду эркек мн Жаачы аялды да жазып койсонуздар алдын ала рахмат.
0
nukura-kyrgyz-bala
2015-06-29 15:15:11
кой менен арстанды айтып койгулачы
0
№ 659, 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан