ДҮЙНӨЛҮК ШОУ-БИЗНЕС ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

“ДҮЙНӨ СУЛУУСУ - 2009ДУН” ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
Өткөн аптада болуп өт­көн “Дүйнө сулуусу–2009” сынагынын же­ңүүчүсү деп гибралтардык 23 жаштагы Кайэн Алдорино аттуу сулуу табылды. Экинчи орунга Мексиканын Перла Бельтран аттуу бийкечи, үчүнчүгө болсо ЮАРдын периси
Татум Кешвар ээ болду.

“PUSSYCAT DOLLS” ТОБУ ТАРКАЙБЫ?
Көптөн бери “Pussycat Dolls” тобу тарайт” деген маалымат айтылып келет. Бирок топтун кыздары бул жөн гана ушак деп тим болушчу. Учурда бул имиш чындыкка айланды. Ажарлуу кыздардан түзүлгөн топтун таркашына негизги жүзү деп саналган Николь Шерзингердин жеке ырчы болуп чыгам деген чечими себеп болуптур. Мындан ары топтун кыздары өзүнчө ырдап кетеби же такыр эле таркайбы азырынча белгисиз.

ГАЛКИН АЯЛЫ МЕНЕН АЖЫРАШТЫ
Актёр Владислав Галкин мыйзамдуу түрдө аялы актриса Дарья Михайлова менен ажырашты. “Мунун башкы себеби ортодогу бири-бирин түшүнбөстүк” деп айтылып келген. Бирок такталбаган маалыматтар боюнча актёрдун ичкиликке тартылуусу үй-бүлөсүнүн бузулушуна жеткирген. Эскерте кетсек, жубайлар 10 жыл бирге жашашкан.

ЖЕКСОН ЭМГЕГИ ҮЧҮН ДАЛЕ СЫЙЛАНУУДА
Майкл Жексон бул дүйнөдөн узап кетсе да ага берилүүчү сыйлыктардын арты тү­гөн­бөчүдөй. 2010-жылдын январь айында тапшырылуучу “Грэмми” сыйлыгына Майкл үчүн дагы бир өзгөчө категория кошулду. Бул сыйлык ырчынын кайсы бир ыры же альбому үчүн эмес, музыка дүйнөсүнө кошкон салымы үчүн берилет.

ВИКТОРИЯ БЕКХЭМДИ ТОНОП КЕТИШТИ
Виктория Бэкхем атактуу ырчы гана эмес, дизайнер экени да белгилүү. Жакында эле ырчынын ишинде жагымсыз кабар болду. Ал жаңы даяр болгон кийимдер топтомун дүкөнгө жөнөткөн. Жарым жолдон тоноочулар кийим ташып бараткан автоунааны токтотуп, коркутуп-үркүтүп, болгон кийимдерди алып кетишкен. Викториянын айтымында, уурдалган кийимдер жарым миллион долларга жакын сумманы чапчыйт экен.

ПУГАЧЁВАНЫН АЙЫБЫ АЧЫЛДЫ
Алла Пугачёва салтка айланып калган “Жыл ыры” музыкалык шоу-программаны эмне үчүн быйыл алып барбайт? Примадоннанын аброю түштүбү?” деген суроого жооп табылбай келген. Программанын продюсери Игорь Крутойдун айтымына караганда, буга ырчы өзү күнөөлүү экен. Көрсө, Пугачёва шоу-программаны алып баруу үчүн Крутойдон 3 000­ 000 евро гонорар талап кылган. Бирок Крутой макул болбой койгон. Учурда программа тартылып, алпаруучулукка Ангелина Вовк менен Евгений Меньшов бекитилди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
new_hacker
2016-06-15 05:42:12
жаман
0
№ 372, 18-24-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан