ӨМҮРЛӨШ «ДЕН СООЛУК КЕРБЕНИ»

Дени сак улут гана өнүккөн, бакубат жана күчтүү мамлекеттин пайдубалын түптөй алат. Бардык заманда жана бардык мамлекеттерде өлкөнүн өнүгүшүнүн, бейпилдигинин эң башкы көрсөткүчтөрүнүн бири – жашаган калкынын саламаттыгы эсептелинип келген. Кыргыздын «Биринчи байлык – ден соолук» дегени тегин жерден эмес. Сөздү ушул өңүтүнөн алганда,  СДПКнын калктын ден соолугуна көрүп жаткан камкордугу колдоого арзыйт.

ДОЛБООРДУН ЗАРЫЛДЫГЫ ЭМНЕДЕН УЛАМ КЕЛИП ЧЫКТЫ?
Апрель айынан сапар алган эл арасында «Өмүр кербени» деп сүймөнчүк менен аталып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын «Ден соолук кербени» долбоорун алалы. Ал Кыргызстан социал-демократтар партиясынын активисттеринин колдоосу менен ишке ашып жатат. Жашырганда эмне, бул долбоор СДПКнын тикелей колдоосу болбогондо ишке ашмак эмес. Минтип так кесе айтканыбыз, СДПКнын ар кайсы аймактардагы активисттери аталган иш-чарага байланышкан бардык уюштуруу жана каржылоо иштерин өз колдоруна алышкан.
«Ден соолук кербени» демекчи, долбоор өз ишин республиканын алыскы, шарты катаал айылдарынан баштап, медициналык кесипкөй жардам алуу үчүн районго, облуска же борборго барууга мүмкүнчүлүгү жок элеттиктерге жардам кылууга басым жасап жатат. Айыл жерлеринде дарыгерлер аз, бирин-серини болсо тар адистикке ээ. ФАПтарда алдын ала дарт аныктоочу заманбап технологиялар, медициналык шаймандар, методикалар менен жабдуулар жокко эсе, кызматкерлеринин даярдыгы чабал экени жашыруун эмес. «Кербен» бригадаларындагы устат врачтар калктын дартын аныктоо иш-чарасы менен эле тим болбой, айылдык ФАПтардын фельдшерлерине, мээрман айымдарына тажрыйбаларынан да бөлүшөт.
Буюрса, ушул жылдын аягына чейин улана турган долбоор алкагында Кыргызстандагы алыскы айылдагылардын бардыгы толугу менен медициналык текшерүүдөн өтөт. «Ден соолук кербенинин» Тоң, Чоң Алай, Алай, Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы, Лейлек, Аксы, Талас, Аламүдүн райондорундагы иш сапары – бул долбоор өтө маанилүү жана керектүү, чыныгы элдик долбоор экенин көрсөттү. Долбоор башталгандан бери жалпысынан жыйырма миңден ашуун адам жогорку даярдыктагы кесипкөй дарыгерлер тарабынан диагностикалык текшерүүдөн өтүп, жүздөгөн адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирген дарттары аныкталып, айрымдарына чукул медициналык жардамдар көрсөтүлүп, адистик кеп-кеңештер берилип, кээ бирлерине дарыланууга жолдомо берилди. Адам өмүрүн сактап калган учурлар да болду.

ДОЛБООР ИЮНЬ АЙЫНДА ЧҮЙ, НАРЫН, ТАЛАСТА...
Долбоор 22-апрелде Тоң районунун Дөң-Талаа айылынан сапар алган. 1-майга чейин уланган «Ден соолук кербени» долбоорунун Тоң районундагы биринчи этабында 2414 адам көз доктур, тиш доктур, отоларинголог, эндокринолог, онколог-маммолог, УЗИ-адис, акушер-гинеколог, кардиолог, невролог, педиатрдын кызматынан пайдаланып, медициналык диагностикалык текшерүүдөн өттү. Анын ичинен 341и балдар.
«Ден соолук кербени» 13-майдан 23-майга чейин Нарын районунун 10 айылынын тургундарын диагностикалык текшерүүдөн өткөрүшсө, өз кесибин мыкты билген медиктердин үч бригадасы 18-майдан баштап Чоң Алай районунда, 1-июндан баштап Алай районунда 10 күн аралыгында эки райондун 7 миң 131 тургунун медициналык текшерүүдөн өткөрүштү.
29-майда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында «Ден соолук кербени» өз ишин улап, Улуттук госпиталдын врач-стоматологу Н.Асаналиева башында турган медиктер тобу Кара-Суу, Дыйкан, Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Казыбек, Жаңы-Күч, Калинин, Терек-Суу, Баш-Кайыңды, Большевик, Талды-Суу, 1-май, Өзгөрүш, Ак-Моюн, Бирлик айылдарынын 2761 тургунун текшерүүдөн өткөрүштү.
«Ден соолук кербени» 8-июндан бери Баткен облусунун Лейлек районунда, Жалал-Абаддын Аксы районунда калкты диагностикалык текшерүүдөн өткөрүү иштерин улантууда. Текшерүү Лейлек районунун эң алыскы Тажикстан менен чектешкен Достук айылынан башталды. Анда 4 миңге жакын тургун жашайт, анын 30 пайызы балдар. Аларга үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жалгыз врачы медициналык кызмат көрсөтөт. Медиктер тобу райондун 9 айыл өкмөтүнүн жана Исфана шаарынын жүздөгөн тургундарын текшерүүдөн өткөрүшөт жана кеңеш беришет. Лейлек районунан кийин врачтар Баткен жана Кадамжай районунун тургундарын текшеришет. Жалал-Абад облусунун врачтарынан түзүлгөн экинчи бригада 8-июндан баштап Кербен шаарынын жана Аксы районунун 43 айылдан турган 11 айыл өкмөтүнүн тургундарын текшерүүдөн өткөрүүдө. Аксыда 130 миңге жакын киши жашайт.
«Кербен» сапарын улап 15-июндан Талас облусунун Талас районунда, Чүй дубанынын Аламүдүн районунда тургундарды текшерүүдөн өткөрүү иши башталды.
Иш тартибине ылайык, «Ден соолук кербенинин» врачтары 12-22-июнь аралыгында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун айылдарынын тургундарынын саламаттыгын текшеришмекчи.

«КЕРБЕНДИН» ВРАЧТАРЫ ӨМҮР САКТАП КАЛЫШТЫ
«Кербен» врачтар тобунун жетекчиси, Ош облустар аралык клиникалык оорукананын врач-ангионеврологу Абдумуталиб Матисаков: «Кашка-Суу айылынын жашоочуларын медициналык текшерүүдөн өткөрүп жатканда өтө оор абалда жаткан оорулууну карап берүүнү суранып калышты. Сыркоонун үйүнө барып, карып калган (О.Т. 86 жаштагы) эненин эс-учун жоготуп, денеси от-жалын болуп жатканын көрдүк. Кан басымы көтөрүлүп, мээсине кан жетпей жабыркап, анын айынан мээси шишип, эс-учун жоготкон абалда жатып калган экен. Ага дароо медициналык жардам көрсөтүлүп, Чоң Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы ооруканага жеткирилди. Кийин чоң алайлык кесиптештер сыркоолуу акыл-эсине келип, айыгып, үйүнө чыгып кеткенин айтышты»,- деди.
«Ден соолук кербени» долбоорунун башкы максаты – алыскы аймактардын тургундарын медициналык дарт аныктоодон өтүшүнө жардам берүү, коркунучтуу ооруларды өз убагында аныктап, жыйынтыгында элдин ден соолугун жана өмүрүн сактап калуу.
Социал-демократтар буга чейин эле, 2012-2013-жылдары да мына ушундай акцияларды өткөрүп келишкен. Бул жолу да калктын ден соолугу баарынан кымбат экенин айтып, бардык саясий күчтөрдү, коомдук кыймылдарды бул долбоорго катышууга чакырууда.

Чыңгыз Аскаров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
masenya
2015-06-23 09:42:45
шайлоого жакын ушинтип иштеп калышат, шайлоо откондон кийин карап эмес сурап да коюшпайт
0
№ 659, 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан