КУМАР АЗАБЫ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Садыр менен Жылдыз жок деп айтпаса экен деп үмүттүү карап отурушту. Капталдан түшкөн сунушка эмне деп айтарын билбеген Жаныбек саамга үнсүз отуруп калды.
– Жок деп айтпа,- деди Садыр ичинен тынчсызданганы билинип.
– Садыр аке, кызым азыр жаш, окусун, чын эле эки жаштын көңүлдөрү болсо күтө туралы.
– Эгер жок десең туугандыктан кечем. Жалгыз уулумдун шагын сындырба!
Садыр олуттуу сүйлөдү. Жаныбек эмне деп айтарын билбей, жубайын көзүнүн кыйыгы менен карап, чекесинен кеткен терди жеңи менен сүртүп отуруп калды. Айгүл жолдошунун чечкинсиз отурганына ачууланып, «жок деп айтпайсыңбы?» дегенсип жаман карады да, сөзүн улантты.
– Сиздер капа болбоңуздар. Бирок кызыбызды азыр турмушка бере албайбыз.
– Кой, антип айтпа. Буюрса, миң жылдык кудалардан болобуз. Эки жаштын бактысына балта чаппайлы,- деди Жылдыз.
– Бактысына балта чапкандай экөө кыз-жигит эмес.
Аркы бөлмөдө Бермет куда түшүп келгенин угуп маанайы чөгүп турган эле. Анын тагдырын сыртынан чечип жаткандарына ызаланып бөлмөгө кирип келип:
– Мен азыр турмушка чыкпайм. Акылга башка кыз карай бериңиздер,- деди.
– Кыздын жообун уктуңуздар. Капа болбой кетиңиздер,- чоң азаптан кутулгандай кудуңдаган Жаныбек ушундай жооп узатты.
– Дагы сүйлөшүп көргүлө. Биз үмүтүбүздү үзбөй туралы.
Макул болбой койгонуна маанайы түшкөн Жылдыз көчөгө чыгары менен:
– Акылга макул дебей койду десек чыр салат го?
– Алар дагы кеңешип көрөлү дешти дейбиз да.
Ата-энесинин келишин чыдамсыздык менен күтүп отурган Акыл алар үйгө кирери менен:
– Эмне, макулдаттыңарбы?- деп сурады.
– Ким эле өзүнүн канынан бүткөн кызын дароо эле ал деп бере койсун. Ойлонуп көрөлү дешти.
Атасы баласынын шагын сындыргысы келген жок.
– Ойлонуп көрүшсө жок деп айтуусу да мүмкүн экен да?
– Андай деп айтпай тур, балам. Буюрса, Берметти келин кылып алабыз,- деди Жылдыз.
– Куда түшүп барсак жок дебейт дебедиңер беле? Эми минтип эки колуңарды төбөңөргө коюп келдиңер.
Бала кезинен алам дегенине жеткен Акыл дароо макулдук берилбегенине кыжырданды. «Куда түшүп барганын Адыл укса ортобузда дагы чатак башталат экен да. Мага тийгенче сүйгөнүмө жетейин деп Адылга тийип кетсечи?» Ушундай ойлор туш-туштан келип, башы жарылчудай болду.
Кудалар кеткенден кийин Бермет ата-энесине жалынып ыйлады.
– Кайра келсе макул дебегиле. Ал мени ала качып алгандан кайра тартпайт. Акыл менен бактылуу боло албайм.
Кызынын көзүнөн аккан жашты көрүп ата-энеси да жашыды.
– Азыр сени турмушка бербейбиз, сарсанаа болбо. Бир жуманын ичинде шаарга кетесиң.
Апасы көзүнүн жашын аарчып, чекесинен сылап сооротту. «Берметке куда түшүп келиптир» деген сөз айылга желдей тарады. Адыл уккан кулагына ишенбей, сүйүктүүсүнө жолукканга шашты. Бермет дагы анын келишин күтүп отурган эле. Адылдын жанына келери менен көзүнөн аккан жашын тыя албай, ийинине башын жөлөп буркурап ыйлап алды.
– Акылдын мындай кыларынан шегим жок болчу. Дос деп жүргөм, касым экенин кийин билбедимби? Адыл тиштенип, муштумун түйдү.
– Алып качып кетпейби? Эми эмне кылабыз?
– Мен үйдөгүлөргө айтам. Экөөбүз баш кошобуз.

(Уландысы кийинки санда)

Жакында... Мени бакыт аралынан издебе...
Элдин баары майрамдап жаткан Сүйүү күнү Адель үчүн каргашалуу болду. Ал күнү жөн гана курбу кызынын чакыруусу менен келген Адель мындай жаӊжал чыгып кетерин билген эмес. Ал жерде чырактай жаш жигит киши колдуу болду.«Качкыла, качкыла!» деген жапан үндү угуп, бирок калтыраган денесин токтото албай, шок абалда тура берди. Дендароо болуп турган кыздын колуна кан бычакты кармата койгон бирөө түн коюнуна сиӊип жок болду. 
Ошентип Адель жок жерден 18 жашында түрмөнүн суук босогосун аттады. Күчтүү адвокат аны түрмөдөн алып чыгарын, өзүнөн улуу адамга баш байлаарын, эч кимдин оюна келбеген байлыктын ээси болорун, андан кийин баш айланткан сүйүүгө жолугарын, тагдырына дагы далай кызыктар жазылганын билген эмес. 
Чыккынчылык, чыныгы сүйүү, жашоонун катаал мыйзамдары камтылган чыгарма жакында сизге сунушталат. Андыктан сан сайын кууп окуганга даяр болуӊуз, окурман!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Biinura
2015-06-22 09:11:26
Ото аз жазылыптыр(((.
+1
Gulgamal
2015-06-22 10:53:04
Кобурок жазса болмок ото аз жазылган
+1
Pantherka
2015-06-22 11:09:19
Бутуруп салбайбы эрте эле уже жакпай бара жатат.
+1
saipi
2015-06-22 13:08:54
Акыркы убактарда чыккан сериалдар кызыксыз эле болуп бара жатат. Эптеп эле убакытты созмой. Мен бир дагы сериалды калтыра элекмин. Ошолордун баарынын ичинен Тагдыр оюнунун 1-2-болуктору жаккан. Калгандары эптеп-септемей эле.
+4
medina.
2015-06-22 20:09:31
saipi,men da ushunu aitmakmyn myna azyrky chygarmanyn takyr kyzygy jok je,bir okuya norm bayandalbait ХХХ ХХХ
0
admin_media
2015-06-23 14:19:15
medina.,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
Memory
2015-06-24 18:46:39
Мага да жакпай баратат. Кызыксыз болуп калды акыркы убакта чыгармалар.
0
№ 659, 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан