Нурайым Азыкбаева, ырчы, скрипкачы: «СКРИПКА ЖЫГАЧ БОЛСО ДА МЕНИ АДАМДАРДАН ЖАКШЫ ТҮШҮНӨТ»

Нурайым Азыкбаева деген ысымды укканда көз алдыңызга скрипка кармаган кыздын элеси тартылса керек. А мен Лара Фабиандын «Adagio» деген ырын созгон кызды элестетем. Негизи эле Нурайымды көп кырдуу талант десек жаңылышпайбыз. Шайыр кызыбыз маегинде жеке жашоосундагы, чыгармачылыгындагы соңку жаңылыктары менен бөлүштү.

– Куш келипсиң, Нурайым! Сага байланышканыбызда «учурда өкмөттө иштеп, колум бошобой жатат» деп калдың?
– Саламатсыздарбы? Ооба, өткөн жылдын ноябрь айында өзүбүздүн үй-бүлөлүк «Эне-Сай» ансамблинин негизинде «Агым» деген президенттик оркестрди түзгөнбүз. Оркестрдин милдети – дайыма президентти коштоп, анын расмий жолугушууларында чакан концерттик программа көрсөтүү. Ага консерваторияны аяктаган, музыкалык билими бар, бир нече аспапта ойноп, бир нече тилде ырдай алган музыканттарды топтогонбуз. Коллективде 25тей музыкант бар, чет өлкөгө кезектешип барып турушат. Мурун тойго барып ырдап, жыргап эле жүрө берчү экенмин. Жалаң иш кагаздары менен иштеп жаткандыктанбы башында кыйналдым. Эми гана такшалып келе жатам. Майда жумуш, ар бир кеткен сомдон бери эсеп-кысап бересиң. Ар бир концерттик программаны сценарийинен бери өзүм түзүп, уюштуруп келем. Атам Курмангазы Азыкбаев оркестрдин директору, мен көркөм жетекчисимин. Ал бошобой калганда директордун милдети моюнума жүктөлүп калат.

– Мурда эле чет жерге көп каттачу элең, эми оркестр менен мурункудан да көп каттап калсаң керек?
– Негизи чыгармачылыктын арты менен көп өлкөгө бардым, эл-жер көрүп, маданияты менен тааныштым. Мага батыш өлкөлөрүнүн бир жыныстуу никелерди мыйзамдаштырыш керек деген өңдүү жат көрүнүштөрү жакпайт. Болбосо эли искусствону, маданиятты өтө баалашат. Көчөдө сейилдеп, сонун жерлерин сүрөткө тартып жыргап жүргөнүңдө жаныңдан эркек менен эркек кучакташып өтүп баратса, кадимкидей маанайың түшөт. Алар үчүн кадимки көрүнүш болсо, бизге өөн учурайт экен. Мындай учурда кыргыздын салт-санаасы, улуу-кичүүнү сыйлоо деген түшүнүк бар экенине сыймыктанып кетем.

– Чет өлкөлүктөр талантыңа кандай баа беришет?
– Мен дайыма концертти комуз, ооз комуздун коштоосундагы чыгарма менен баштайм. Чет өлкөлүктөр «ии, булар ушинтип эле концертти бүтүрүп коюшса керек» деп ойлошот. А мен эң аягында скрипкада да ойноп, өздөрүнүн тилинде ырдап салсам, таң калган бойдон эле калышат. Былтыр Парижде «Манас» үчилтиги маданий мурас катары ЮНЕСКОдон каттоодон өткөндө французча ырдаган элем. Ырдап бүткөнүмдө бир француз жаныма келип өз тилинде бирдеме деп сүйлөдү эле жылмайып тура бердим. Ал мени французча суудай сүйлөйт деп ойлоду окшойт. Негизи кыргыздардын тили абдан жатык, бат өздөштүрөбүз. Бир жолу Германияда концерт берип немисче ырдасам, «биздин элдик ырды кантип акценти жок таза ырдадың?» деп аябай суктанышкан.

– Кызың Арууке да чоңоюп калса керек?
– Аруукешка октябрда үчкө чыгат. Ооба, бала бакчага барат, такылдаган тың кыз болуп чоңоюп калды. Тамакты көп жейт, бирок арык. Ийилип, чоюлуп гимнастикага жөндөмдүү жана чет тилдерди үйрөнүүгө шыгы бар окшойт деп калам. Англисче санаганды үйрөнүп алыптыр. Мени туурай берет. Концерттик костюмдарымды кийип даярданып калсам «мама, сен сикирипка ойногону кетип жатасың, ла-ла-ла деп ырдап мага таттуу алып келесиң, ээ?» деп калат. Азыр тойлорго барганда уялбай эле уучтап сумкама таттуулардан салып ала турган болдум.

– Үйдө бош отурганды жактырасыңбы?
– Жөн эле убакыт өткөрүп үйдө отурганды жек көрөм. Жадакалса кош бойлуу кезимде да ырдап жүргөм. Азыр окурмандар айтышы мүмкүн «кош бойлуу кезинде үйүндө эле отурбайбы» деп. Тойдо ырдап жатканымда толгоом башталып, такси чакырып төрөтканага баргам. Аман-эсен көз жарып, баламды эмизип коюп анан үйдөгүлөргө сүйүнчүлөгөм. Ошондо «өзүң эле төрөп койдуңбу?» дешип баарынын төбө чачы тик турган.

– Сенин көп кырдуу талант экениңди билебиз, өзүңө аспапта ойногон жагабы же ырдаганбы?
– Мага аспапта ойногон жагат. Скрипкада 6 жашымдан бери ойноп келем. Ал менин досум. Жыгач болсо да менин ички туюмумду адамдардан жакшы түшүнөт. Ага эч кимге айтпаган, жүрөгүмдүн түпкүрүндө катылган сырларымды айтам. Ал мени түшүнгөнүн мукам үнү менен жооп берет. Мисалы, ырда сөз бар, баары айтылат, аны дароо түшүнүшөт. Ал эми обондо катылган сезимдерди түшүнүү кыйын. Ага жакшы табит, терең чеберчилик керек деп ойлойм.

– Жеке жашооңдо абал кандай?
– Мени да бирөө катуу жактырып, менсиз жашоосун элестете албагыдай сүйүшүн каалайм. Бирок ал да өз убактысы менен келсе керек. Андыктан убакытты шаштырбай эле коёлучу (күлүп).

– Маегиңе чоң рахмат, жеке жашооңдо да ийгиликтер болсун!

«Атам менин эң жакын кеңешчим, болгон сырларымды аны менен бөлүшөм».

«Гастролдоп көп күн үйгү келбей калсам, кызым таарынып сүйлөшпөй коёт».

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Аялдык бакытты кыялданам" дейт Нурайым Азыкбаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Adil706070
2015-06-22 10:16:30
гастролдоп коп кун уйго
+1
ailam14
2015-06-22 16:01:46
Бакыт каалайм
0
zzz---zzz
2015-06-22 23:05:03
анда ошо жыгачтар менен жашай бер (тамаша)
+2
surgut.86.96
2015-06-23 04:15:56
Бизде Ыыыыы сы жок маек берген жан барбы?
-2
ZHaziko
2015-06-24 14:32:37
гострольдоп журо бер уйдогу тошокту ким жыйат (Тамаша )
-1
Gulzat86
2015-06-25 17:44:18
Толгоосу башталгыча той-кечелерде журо бергени кызык экен.Аз жерден озунун да тою башталайын деген тура.Бирок азамат кыз кыйла сыпаа болуп калыптыр.
0
ajara.
2015-06-26 00:10:32
Урматтуу супер.инфо Омурканов Туратбек агайдан интервью алыныздарчы сураныч!!!!!биздин каалоолорубузду орундатасыздар деген ишеничтебиз!алдын ала чон рахмат.
0
admin_media
2015-06-26 18:52:40
ajara., саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабар кылып коёбуз.
0
№ 659, 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан