Интернет айдыңына жүрөк титиреткен сүрөт жарыяланды. 9-июнда британиялык журналист Жоанна Паращук өзүнүн социалдык баракчасына Ислам мамлекети делген террордук уюмдун (ИГИЛ) согушкери жаш балдар менен түшкөн сүрөттү илип, «Ирактагы Ислам мамлекетинин кыргыз балдардан турган согушкерлери» деп жазып койгон.
Маалыматтарга караганда, бул сүрөт Казакстандан барып Ислам мамлекети террордук уюмуна кирген Артём аттуу согушкердин интернет баракчасынан алынган дешүүдө. Сүрөттө 10-12 жаштардагы азиат улутундагы 2 жаш бала сөөмөйлөрүн өйдө каратып түшүшкөн. Биринин колунда курал бар.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы бул сүрөт боюнча атайын иликтөө иштери жүрөрүн белгиледи. Азырынча балдардын кыргыз же кыргыз эмес экендиги тактала элек. Эсиңиздерде болсо, буга чейин да интернет айдыңында казак жаш балдарынын курал кармап Ислам мамлекети террордук уюмунун согушкерлери менен бирге жүргөн видео жарыяланган болчу. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, учурда Сирия жана Ирактагы согуштарга 350дөн ашуун кыргыз жарандары катышып жүрөт. Айрымдары үй-бүлөсүн, бала-чакасын чогуу ала кеткен деген маалыматтар бар.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg