«Ар намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов депутаттардын кулагынын кужурун алып отуруп, акыры көздөгөнүнө жетчүдөй. Буга чейин Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоодо босоголук чекти 10 пайызга көбөйтүш керектигин айтканда, эл өкүлдөрү макул болбой коюшкан. Кийин 9 пайызга көтөрүү боюнча сунушун киргизгенде да колдоп жиберишкен эмес. Бирок Феликс Шаршенович депутаттарды ыкка көндүрдүбү, айтор, 16-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети аталган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Долбоорго ылайык, парламенттик шайлоодо босоголук чек 9 пайызга чейин көтөрүлсө, ал эми аймактарда 0,7 пайыздан 0,5 пайызга чейин азаймакчы. «Босоголук чекти өстүрүү жаңыдан куралып жаткан партияларга бут тосуп, карт партияларга жакшы мүмкүнчүлүк болуп берет» деп адегенде караманча каршы чыгып жаткан депутаттар колдой баштаганына караганда бул чек боюнча «көшөгө артында» сүйлөшүп, соодалашуулар бүткөн окшойт.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg