БИШКЕКТЕГИ «ЖЕҢИШ» СЕЙИЛ БАГЫНДА ЖЕР САТУУГА БАЙЛАНЫШТУУ ДАГЫ ЧУУ БАШТАЛГАНЫ ТУРАТ

25-июнда кечки саат 7де Бишкек шаарындагы Түштүк дарбаза аймагында жарандардын демилгелүү тобу флешмоб өткөрөт. Акциянын катышуучулары 1916-жылдагы окуянын курмандыктарына багышталган мемориалдык комплекс куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкесин кайтарууну талап кылмакчы. Акциянын демилгечилеринин айтымында, 4,5 гектарга жакын жер тилкеси Үркүнгө арналган «Өмүр көчү» жүрүшүнөн кийин 1991-жылы Бишкек шаардык кеңештин токтому менен бөлүнүп берилген. Мыйзам боюнча, сейил бактардын аймагында курулуш жүргүзгөнгө болбойт, ошентсе да ал жерде бүгүнкү күндө кафе-ресторандар иштеп жатат.
Демилгечилердин бири Назикбек Кыдырмышев: «1916-жылдагы көтөрүлүшкө бүгүнкү күнгө чейин саясий баа жана бирдиктүү илимий жыйынтык бериле элек. Ошондуктан президент биздин окумуштууларга эң биринчи кезекте тарыхый баа берүүгө тапшырма берди. Менимче, Үркүн окуясынын тегерегинде саясий алып-сатуучулукка жол берилбеши керек. Эң негизгиси, ошол окуядан сабак алып, эркиндикти туу тутуп, элдин тагдыры башка державалардын колунда эмес, өз колунда экенин баалай билүүсү зарыл»,- деди. Эске салсак, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Үркүн окуясынын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча жарлыкка кол коюп, ага өз фондунан 10 миллион сом бөлүп берген.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Rahim76
2015-06-22 15:42:52
Ошол 100 жылдыктан коро бир жаны мектеп,оорукана же жолдорду ондобойсунарбы.
10 миллионго Уркун кетти отуу келечекти ойлонойлу.
0
kyranbek
2015-06-25 17:43:17
Жер саткыча каныңды сатсаңчы
0
ZHaziko
2015-06-29 11:09:25
Шаар бийигинен эмес туурасынан осуп кеттиго! Деги ушу жер тилкеми дегн теманы ким баштаган?! Жакында айдоо жер калбай тоо таштарга эгин эгип калбасак болду!
0
№ 659, 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан