28 панфиловчунун эрдиги ушул убакка дейре даңазаланып келет. Кыргызстандык Дүйшөнкул Шопоковдун ошол панфиловчулардын арасында эрдик көрсөтүп, Советтер Союзунун Баатыры болгону эле канча сыймык. Бирок жакында Москвада өткөн Орус басма сөзүнүн дүйнөлүк конгрессинде Орусиянын мамлекеттик архивинин директору Сергей Мироненко «28 панфиловчунун эрдигин кайра-кайра кайталап даңазалай берүүнү токтотуу керек, ал ойдон чыгарылган уламыш болчу» деп чыкты. Маалыматтарга караганда, панфиловчулардын бири Иван Добробабин майданда курман болду делип, ага Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Бирок ал тирүү бойдон 1947-жылы камакка алынган. Мына ушундан улам иликтөө иштери башталып, Добробабиндин 1941-жылы душмандардын туткунуна түшкөнүн, андан качып, 1942-жылы немис баскынчыларга жардамдашууга өтүп кеткенин аныктап чыккан. 1948-жылы СССРдин башкы аскердик прокуратурасы 28 панфиловчунун эрдиги болгон эмес, ал «Красная звезда» гезитинин кабарчысынын ойдон чыгарылган окуясы экени аныкталды деп чечим чыгарылганын Мироненко айтып түшүндүрдү.
Генерал Иван Панфиловдун небереси Казакстандагы Коргоо кеңешинин аскердик-согуштук музейинин жетекчиси Айгүл Байкадамова чындыкка жетүү үчүн Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын адистери менен биргелешкен комиссия түзүп, тарыхты тактап чыгууга чакырды.
Аталган маселе боюнча Кыргызстандагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин кеңешине кайрылганыбызда, окуя боюнча пикирин жакынкы күндөрү билдиришерин айтып өтүштү.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg