РИО-ДЕ-ЖАНЕЙРО: ЖОЛДОМОНУ БИРИНЧИ БОЛУП КАЙСЫ БАЛБАН АЛАТ?

Кыргыз спортчуларынын алдыдагы ири тапшырмасы – «Рио-де-Жанейро-2016» Олимпиадасына жолдомо алуу. Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары Руслан Түмөнбаевдин айтымында, бул үчүн аракеттер көрүлүп, борбор каражат жагын убагында чечүүдө.
Азыр кыргыз спортчуларынан жолдомону жөө күлүк Юлия Архипова гана алды. Кийинки кезекти эл балбандардан күтүп жатышат. Балбандар үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан тарта 1 жыл ичинде АКШда, Түркияда, Монголияда жана Казакстанда өтө турган мелдештерге катышып, жолдомо алууга аракет кылышат. Учурда эркин күрөш боюнча курам Каракол шаарында машыгуу сборун өткөрүүдө. Бул үчүн аталган борбор
364 миң сом бөлгөн.

Мирлан Өмүралиев, Super.kg
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 659, 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан