Эл арасында Cаякбай, Сагымбай өңдүү улуу манасчылардын жолун улап келе жаткан манасчылар көп эле. Бүгүнкү каарманыбыз 10 жаштагы манасчы Үмөт да кыргызга таандык бул өнөрдү 3 жашынан бери аркалап келет. Жакында эле Маданият министирлиги тарабынан «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. Үмөт тууралуу кызыктарды билүү үчүн ал жашаган Чолпон-Ата шаарынын жанындагы Бактуу-Долоноту (мурунку аталышы Хутор) айылына барганбыз. Чоң атадай сүйлөгөн Үмөт бизге көл жээгинде манас айтып, комуз чертип, өзү жөнүндө кызыктуу кеп салып берди.
– Кандайсың, Үмөт? Окуу мезгили аяктап каникулга чыктың, кандай эс алып жатасың?
– Саламатсызбы?! Жайында апам пансионат иштетет. Атам Москвага кетет. Мен көлгө түшөм. Нарындан, Бишкектен туугандарым келет, ошолор менен ойнойм. Мен Нарын районунун Миң-Булак айылында төрөлгөм. Тынымсейит уруусунан болом. Бирок Ысык-Көлүм мага жагат, азыр бул жерде үйүбүз жок. Ушул жактан үй алып биротоло жашап калсак дейм.
– Мектепте кандай окуйсуң, канчанчы атамансың?
– Жакшы окуйм, математиканы жакшы көрөм. 1-классты окуган эмесмин. «Жакшы окуйт экенсиң» деп дароо 2-класска көчүрүп коюшкан. Класста биринчи атаманмын. Бир тентек бала бар эле, ошону өллө ыйлатып салганмын да.
– Үмөт, айтсаң, кантип манас айтып калгансың?
– Кичинемде эле столдун үстүнө отуруп алып, баарын кошуп айта берчүмүн. Анан эки улуу байкем бар, аларга атам манасты китептен окуп берип жаттатчу. Мен ошондо мээме түйүп алып айтып берчүмүн. Биринчи жолу Нооруз майрамында, андан соң 4 жашымда Роза Отунбаева катышкан майрамда манас айттым. Роза Отунбаева жакшы эже экен, менин бетимден өөп 100 доллар берген. Мен ал акчаны атама берип койдум.
– Манасчылык өнөрүң менен көп жер кыдырыпсың. Сага кайсы жер жакты?
– Ибрагим Жунусов менен Москвага баргам. Мага орустардын элчилиги «Үмөткө Москваны көрсөткүлө» деп айдоочусу менен машина берген. Ошол машина менен атам экөөбүз Москванын кооз жерлерин кыдырып чыкканбыз. Андан кийин Алмазбек Атамбаев менен дүйнөлүк конференцияга бардым. Алмазбек атам мага алтын саатын, анан акча берди. Астанага, Азербайжанга баргам. Парижге баргам, ал жакта кытайлар Манас атамды алып кетебиз дешкенде, мен алып калбадымбы манас айтып. Менден башка да манасчы байкелер барышкан. Манас атам бизге өткөндө баары кучакташып ыйлашты. Ал жакка Карганбек (ред. Самаков) байкем менен барганбыз. Ошол байкемди камакта дейт го, эмнеге? Мен угуп жаман болбодумбу. Мени ошол байкем чыгарган да. Ии, анан Түркияга да баргам, ал жактан Стамбулдун мэрине жолуктум. Андан ары Анкарага баратсак эле жолдо Нурсултан Назарбаевдин эстелиги турат. «Эмнеге Атамбаев атамдын эстелиги жок?» деп капа болдум. Мен чоңоюп министр болоюнчу, ал эстеликтен да чоң кылып жанына Манас атам менен Атамбаев атамдын эстелигин тургузам.
– Ошондо эстеликти биринчи Манас атаңа тургузасыңбы же Атамбаев атаңабы?
– Манас атама биринчи тургузам. Манас атам жок болсо, Атамбаев атам болмок эмес да.
– Чоңойгондо ким болгуң келет?
– Саякбай атамдай үстүмө чепкен жамынып манас айткым келет. Мен манасты такыр таштабайм. Жол салам, бийик кабаттуу үйлөрдү куруп, жакыр жашаган адамдарга берем.
– Сени апаң аябай тентек деди. Тентектик кылганыңда апаң кантип жазалайт?
– Ооба, тентекмин. Өпкөм көөп баратканда шорпо ичирип коёт.
– Манасты эл жок жерде деле айта бересиңби?
– Ооба, эргүү келгенде, Манас атам маңдайыма жакындап келе жатканда чөпкө отуруп айта калам. Айтпасам жолум болбой калат.
– Манас айткандан чарчап калган учурлар болобу?
– Ооба, чарчайм. Бирок мени токтоткондо кайра айткым келе берет. Жеңилдеп калгыча айтышым керек.
– Манас атаң түшүңө киреби, ал ким болгон билесиңби?
– Ооба, түшүмө кирет, бирок аны айтпаш керек. Атам айтканга болбойт деген. Манас деген баатыр болгон, мына могундай болгон (Үмөт манас айтып кирди).
– Сенден кол тамга сурап, сүрөткө түшкүсү келген күйөрмандарың барбы?
– Толтура да.
– Жакшы көргөн кызың барбы?
– Бар болчу, бирок аны азыр сүйбөй калдым.
– Эмнеге?
– Жаман болуп кетти, чектен ашып.
– Маегиңе чоң рахмат, Үмөт! Өмүрлүү бол!
Апасы Бактыгүл: «БАЛДАРЫМА КОШУЛУП МЕН ДА МАНАСЧЫ БОЛУП БҮТТҮМ»
– Бексултан Жакиев бир жолу «Үмөт манасты курсакта жатканда уккан» деп айткан эле. Мунусу чын, анткени курсакта жаткан кезден эле манас угуп чоңойду. Атасы жумушка кеткенде анын ордун басып балдарыма манас окуп берип жатып, өзүм деле манасчы болуп бүттүм. Бала бакчада балдар көчөдө ойносо, Үмөт бактын башына чыгып алып эле кыйкыра берчү. Жини чукул, бирок бат жазылат. Уйкучу, жөн койсоң түшкү 12ге чейин былкылдабай уктай берет. Анан аябай ала көөдөн, ачык-айрым, үйдө болгон нерсени төкпөй-чачпай баарына айта берет.
Роза Отунбаева президент болуп турганда бизге үй бөлүнүп берилсин деп чечим чыгарган эле. Бирок биздин айыл өкмөт тээтиги тоонун боорунан 8 сотых жер эле берди. Ал жакта суу чыкпайт, учурда Бактуу-Долоноту айылында батирде турабыз. Ушул үй маселесин чечип беришсе жакшы болмок. Уулум жакында эле «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алды. Дүйнөдө он жаштагы бала мындай наам ала элек экен, Үмөт алгачкысы болду окшойт. Буга чейин көп эле сыйлыктарды алып жүргөндүктөнбү, ал бул сыйлыкты ошолордун бириндей эле кабыл алды. Өтө кубанганын деле байкаган жокмун. Ал эми атасы экөөбүз уулумдун бул ийгилигине азыркыга чейин кубанып бүтө албай жатабыз.
Атасы Болот: «МАНАСЧЫЛЫК ӨНӨР АТА-ТЕГИБИЗДЕН КАЛГАН»
– Биздин тегибиз Нарындан болот. Миң-Булактын суусунан деп айтып калар элек. Ал жактан көп манасчылар чыккан. Биздин чоң аталарыбыз боюнда болбой жаткан аялга топусун карматса, төрөп кала турган касиети бар экен эле. Өзүм да манас айтам. Улуу эки балама тең манас айтканды үйрөтчүмүн. Үмөт ошолорду көрүп ойноп жүрүп эле өздөштүрүп алды. Манасчылык өнөр – бул өзүнчө касиет да, Үмөт кээде түшүнөн чочуп ойгонот. Манас айтып жатып ыйлап жиберет. Андыктан дайыма жанында коштоп жүрөм. Бул бир башкача дүйнө, кирсең такыр чыга албайсың. Мен да кээде буулугуп калганда машина айдап баратып Балыкчыга жеткичекти күпүлдөп манас айтып калмай адатым бар.
Лунара Бекиева
star@super.kg