Талас шаарынын Бактыбек Жээналиев аттуу тургуну 2,5 жаштагы баласын 10 ай мурун соодалап жиберген деп шектелип, учурда окуянын чын-бышыгы иликтенип жатат.
«БАЛА ЭНЕСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ»
Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү АРЗЫКАН МОМУНТАЕВА төмөнкүлөрдү билдирди:
– 15-июнда мага Мунара Болотбек кызы кайрылды. Айтымында, жолдошу Бактыбек Жээналиев 10 ай мурун Абдували аттуу 2 жарым жаштагы уулун белгисиз бирөөлөргө берип салган. Ага чейин жубайлардын ортосунда көп чыр-чатак чыгып, аялы зомбулукка кабылып келген экен. Ал баласынын сатылгандыгы боюнча Талас ШИИБине 18-майда эле арызданган экен. Жооп болбогондо бизге кайрылыптыр. Мен Талас ОИББинин башчысына айтсам, ал дароо окуяны иликтөөгө алууга кызматкерлерине тапшырма берип, бала табылып, энесине кайтарылды.
«БАЛА САТЫЛГАН ЭМЕС»
Бала чындыгында сатылганбы же жокпу? Бул суроого Талас ОИИБинин маалымат кызматынын кызматкери МАКСАТ АБДЫСЕИТОВ жооп берди:
– Бул жерде бала сатылган деген факт жок. Мунара Болотбек кызы нотариус аркылуу балдарынан баш тартканын тастыктаган документ каттоодон өтүп, мыйзамдын негизинде ал кагаз жарамдуу болуп табылган. Ошол себептен балдарды атасы багып жүргөн. Балдардын атасы Бактыбек Жээналиев эки баланы кароого мүмкүнчүлүгү жетпей калганда, кичүүсүн Нарын облусунун Кочкор районунун тургундарына убактылуу карап берүүгө берген. Ал үй-бүлө менен дагы Жээналиевдин ортосунда баланы убактылуу багып берүү тууралуу нотариус тастыктаган документ бар. Учурда чырдашкан үй-бүлө элдешип, үч баласын колго алып, чогуу жашап жатышат.
«АЛИМЕНТ ТӨЛӨБӨЙ КЕЛГЕН»
Мунара 2008-жылы Бактыбек Жээналиевге турмушка чыккан. Экөө үч балалуу болуп, 5 жылдан кийин ажырашып кетишкен. Мунара айым өзүн алданып калдым деп эсептейт:
– Жолдошум менен 5 жыл жашап, 3 балалуу болдук. 2013-жылы турмушубуз болбой ажырашканбыз. Соттун чечими менен 3 балам тең менде калды. Мыйзам боюнча күйөөм алимент төлөшү керек болчу. Бирок акчаны бербей жүрө берип, 18 миң сом болуп кеткен. Алиментти өндүрүп берчү сот аткаруучу мыйзамдын негизинде мурунку күйөөмдүн айдап жүргөн автоунаасын арестке коюп койду. Ошондо күйөөм келип «18 миң сом эмес, 10 тыйын бербейм. Унаамды аресттен чыгарт» деп мени ур-токмокко алды. Мен анда атамдын үйүндө жашап жаткам. Ачуум келип, унааңдын мага 1 тыйынча да кереги жок деп эшикке чыгып машинасынын айнегин талкалап салгам. 3 күндөн кийин Талас ШИИБине чакырышты. Көрсө күйөөм менин үстүмдөн бейбаштык кылды деп арыз жазыптыр. Анан мени күйөөм жеке нотариустардын бирине алып барды. Ал жакта кагаздын баары орусча экен. Документтерди тууралаган аялга «мен орусча түшүнбөйм, эмнелерге кол койдуруп жатасыңар? Мага кыргызча жазып бергиле» дедим. Ал аял мага «бланктын баары орусча жазылган. Сен үчүн кыргызчаны кайдан табам?» деп кагазда жазылгандарды түшүндүрүп берди. Жолдошум экөөбүз андан мурун урушуп-талашып жатып, анын «мен сага алимент бербей эле коёюн, балдарымды камкордукка алуума макул бол» дегенине көнгөн болчумун. Нотариуска ошол сөздөрдү документтештирүү үчүн келгенбиз. Көрсө, нотариаттын кызматкери «балдарга энелик кылуудан баш тартам» деген жерин мага айтпаптыр.
«СЕНИН ЭНЕЛИК УКУГУҢ ЖОК ДЕДИ»
– Мен билим алган эмесмин. Нотариустун кагазын алгандан кийин мага бир көчүрмөсүн карматты да, кызымды мага таштап, эки баламды колумдан жулуп эле алып кетти. «Сен энелик укуктан ажырагансың, балдарыңдан баш тарттың. Эми сот да эч нерсе кыла албайт»,- деди.
Мен кызым менен калдым. Бир күнү Бактыбек мага телефон чалып «Мунара, мен ичип алып балдарга зомбулук көрсөтүп, чыр чыгарыптырмын, милиция камап койду, балдарды карап кой» деди. Милицияга барып жалдырап жүрүп Бактыбекти чыгарып, балдарга барсак, кичүү балам жок. «Бала кайда?» десем «эжемдикинде» деген. Кийин дагы бир нече жолу сурадым, дайын жок. Ал мага ичип алган күндөрү «балаңды сатып жибергем, сенин колуңдан эч нерсе келбейт» деген күндөрү да болгон. Акыры Бишкекке чейин барып туугандарынын үйүн күнү-түнү акмалап аңдып, бирок баламды таба алган жокмун. Ошондон кийин шекшип, укук коргоочуларга кайрылгам. Алар 2 айга жакын менин арызымды албай жүрүштү. Акыры укугумду коргогон адамдар чыгып жардам беришти. Баламды Нарын облусунун Кочкор районунун жашоочулары багып жатышыптыр. Комиссиянын катышуусу менен баламды мага беришип, баккан адамдарга доом жок деп кол койдуруп алышты. Ошондон бери Бактыбекти көрө элекмин.
«ЭНЕСИ СОТКО КАЙРЫЛЫШЫ КЕРЕК»
Бишкектеги «НАСА» юридикалык корпорациясынын башкы директору Нурбек Абдалиев окуяга төмөнкүчө юридикалык баа берет:
– Баланын энеси нотариус берген документти эртерээк жокко чыгартып, сот аркылуу балдары менен бирге жашаган жерин аныктатсын. Эгер атасы баласын убактылуу багып берүүгө башка жарандарга берип жаткан болсо ортодо белгилүү бир мөөнөт белгилениши керек. Мындай учурда баланын атасы да, апасы да макулдук берүүсү шарт. Баланы убактылуу багууга берип жатканда түзүлгөн келишимде эмне себептен берип жатканын билдирген жүйөлүү себептери көрсөтүлүшү керек. Эгер жогорудагы шарттар аткарылбаган болсо, анда нотариус да мыйзам бузууга барган дегенге жатат.