Жүрөк сыры
Колумдагы шакекти карап отурам. Жөпжөнөкөй шакек мен үчүн ааламдагы бардык нерседен кымбат. Анткени Жаңы жыл күнү сенден белекке алгам. Балким, так ошол күндөгүдөй бул жылы да бактылуу жылмайып кирип келеттирсиң. Ким билет?..
КОКУСТУК...
Студенттик күндөр. Дем алыш күн болгондуктан, үйдө жалгыз элем. Кокусунан телефон шыңгырап калды.
– Алло...
– Асылбек үйдөбү?- деди жигит жагымдуу үн менен.
– Жок, сиз адашып калдыңыз,- деп телефонду койгону жатсам тигил жигит шашып кетти.
– Жок, койбой турсаң, чоң кыз. Атың ким болот?
Эмнегедир телефонду коё албадым. Үнүнө тартылдымбы, айтор, сүйлөшүүбүз көпкө созулду. Жагымдуу үндүн ээси өзүн Арсен деп тааныштырды. Ошол күндөн баштап жашоомдо Арсен аттуу адам пайда болду. Күндө үйгө кирип эле телефонду карап алам. Менин кирип келгенимди сезгенсип телефон “чыр” дейт. Сагынышып, сөзүбүз бүтпөйт. Кээде чырт деп таарыныша да түшөбүз.
– Өтө таарынчааксың ээ,-деп калчу Арсен кээде.
– Өзүңчү, сен болсо грубиянсың,- деп тултуңдайм. Кайрадан жарашып калабыз. Бир күнү сабактан кийин курбуларым менен маршруткага түштүм. Арткы орундукта төрт жигит отурушуптур. Колумда бир куту конфет бар эле. Алардын бири: – Чоң кыз, шоколадыңдан бөлүшпөйсүңбү?- деп калды.
Эмнегедир мага үнү өтө тааныш сезилди. Албетте, күндө ушул үндү күтүп, телефон чалбаса жаным жай албай тырпырап кетчү мен кантип тааныбайын?!
– Сизге эмес, дареги башка,- дедим тамашага салып.
– Чоң кыздын тили да шоколаддай ширин го,- деп калды, ал да көзүн күлүңдөтө.
– Байкап көрбөйсүзбү?- деп бир тиктеп алып түшүп кеттим.
Үйгө келгенден аз убакыттан кийин эле Арсен телефон чалып калды.
– Мен сени көрдүм,- дедим аларым менен.
– Кайдан?
– Маршруткадан кимдир бирөөдөн конфет сурап жатыпсың го.
– Э-эй, шоколад жеп отурган кыз сен белең?
Экөөбүз каткырып алдык. Ошол күнү эмнегедир кубанычыбыз койнубузга батпай көпкө сүйлөштүк.
ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕК
Ортобузда сезим пайда болду. Өзүм катуу жанмынбы же тарбияманбы, Арсенге башка кыздардай жабышып, кылыктана алчу эмес элем. Атүгүл сүйүүм алоолонуп турса да сүйөм деп айтпагам. Кызганыч, сүйүү жанымды жеп турса да башымды чулгуп, ага билдирбегенге аракет кылчумун. Ушул убактарда арзыбаган таарыныч болуп, ортобуз алыстап кетти. Мен чөнтөк телефонумду уурдатып, батиримди алмаштырып байланышыбыз үзүлүп калды. Арадан төрт ай өтүп, Жаңы жыл да кирип келди. Студентик күндөр ай. Барга-жокко, ысыкка-суукка карабай жалындап турган учурубуз. Сессиябызды ийгиликтүү тапшырып, так 30-декабрь күнү болгон акчабызды майрамдап салдык. Эртең менен курбум экөөбүз үйгө келсек, каткан-куткан нандан башка эч нерсе калбаптыр. Айылга кетели десек айылыбыз алыс. Кеч киргенде акчаларыбызды санасак, бир бөлкө, эки кукси келе турган. Тиктешип алып бир күлкүбүз келсе, бир ыйлагыбыз келет. Ошентип, саат 12ге жакындап келгенде эшиктин коңгуроосу шыңгырап калды. Эшикти ача салсам Арсен турат. Ушунчалык сагынганымдан моюнуна асыла ыйлап жибердим. Заматта Арсен алып келген таттууларды жайната салдык. Саат жебеси он экини кагарда курбум салют аттырганы сыртка кетсе, Арсен экөөбүз балконго чыгып, шаардын жайнаган отторун карап турдук.
– Мен сени сүйөм, таарынчаак кыз,-деди ал аста шыбырай.
Көзүмдөн мөлтүлдөп жаштар агып жатты. Ал чөнтөгүнөн чакан кутуну алып чыкты да, андагы шакекти алып колума такты.
– Сага арнап алгам. Жаңы жылың менен!
Жалт-жулт эткен оттор менин бактымды куттуктап жаткандай сезилди...
«Чыныгы сүйүүнүн убактысы ченемдүү» дешет. Экөөбүздүн сезимибизге да тоскоолдуктар болду. Биринчи себеби экөөбүздүн жердигибиз башка эле. «Менин ата-энем «современный» адамдар. Андай нерседен маселе чыкпайт» деп айтчу Арсен. Бирок менин ата-энем көлдүк жигитти күйөө бала кылууга каршы болмок. Ал тууралуу канчалык ойлобоюн деген менен акыры ошол маселеге кабыларыбызды ичимден сезип калчумун.
– Арсен, ата-энебиз каршы чыкса эмне кылабыз?
– Эмнеге каршы болушат?
Сөз таба албай мукактанып калсам, ал мени кучактай каткырып калды.
– Мени көрөрү менен эле мендей сүйкүмдүү күйөө балалуу болгондоруна кубанып кетишет. Биринчи тааныштырчы...
Курулай эле кабатыр болгон экем. Арсенди көрөрү менен эле апам батасын берип, менин бактылуу болушумду каалады. Бирок окуусуна байланыштуу Арсен Москвага жөнөп кетти. Кийинки келечегибизге карап, анын окууга кетишине макул болдум. Ошентип, көптөн күткөн үйлөнүү тоюн артка жылдырууга туура келди. Кетерде адатынча жүрөктү жылыта күлүңдөп алганы да эсимде.
САГЫНЫЧ, ШАКЕК, КҮТҮҮ...
Сагыныч. Эч кимге, эч нерсеге баш ийбеген күчтүү сезим экенин бүгүн билип отурам. Башта менде ушул сезим болгон же болбогонун билбейм. Ата-энемди, үйүмдү сагынчумун. Бирок ал таптакыр башка нерсе. Азыр жан дүйнөм Арсен деген жанга арналган ыйык толкундун кучагында калып муңайым, мусаапырдай абалдамын. Уйку-соонун ортосунда калгансып, ушул эки жыл убакыт ичинде Арсенсиз жашап жүргөнүмө таң калам. Менимче, ошол сезимди билдирбеш үчүн, өзүмдү жоготуп албашым үчүн деле шайыр-шатман жүргөндөймүн. Азыр жүрөгүмө үңүлгөн адам андагы сагынычтын, сүйүүнүн бороонунан чочуп кетсе керек.
Арсен шартка байланыштуу азыр Москвада окуп, иштеп жүрөт. Жаңы жыл жакындаган сайын шакегимди карап, бакытымды күтүп келем. Дагы эле күтүп отурам...
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg