«Мен ысыкчанмын же суукчанмын» деген сөздөрдү көп уксаңыз керек. Сиз кайсы типке кошуласыз, билгиңиз келеби? Же ысыкчан, суукчандар кандай белгилерди, кандай ооруларды алып жүрөт? Бул суроолорго медицина илиминин доктору, профессор, Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын чыгыш медицина кафедрасынын башчысы Рыскулбек Канаев жооп бермекчи.
ЫСЫК, СУУК ДЕГЕН ЭМНЕ?
Ысык, суук деген түшүнүк расмий медицинада жок. Эмнеге жок дегенибизде, илимде органдар, алардын функцияларына көп көңүл бурулуп, ага таасир берген нерсени унутта калтырышкан. Бирок ар бир улут байыртадан адамдын өзгөчөлүктөрүнө карата ооруларды айыктырып келген. Ысык, суукту кыргыздар тамак-аш менен дарыласа, кытайлар ийне менен, ал эми тибеттиктер чөп-чар менен теңдеп келишкен.
ЫСЫК, СУУК ЭМНЕНИН ТААСИРИНЕН ПАЙДА БОЛОТ?
Генден. Адамга ата-эненин генинен берилет. Ата-энеси ысыкчан же суукчан болсо, бала да ошондой болот. Көп учурда кыз бала эненикин, уул бала атаныкын алат. Гендик жактан организминде ысык же суук көбүрөөк болсо, тамакты да ошого жараша иче баштайт.
Тамактан. Суугу ашынып баратса адам күчтүү тамактардан качып, жалаң күчсүз тамакка качырып калат. Суукчандардын ашказаны күчтүү тамакты сиңире албайт. Ысыкчандардын боору, ашказаны ченемден ашык иштеп, тез-тез тамак сурап турат. Күчтүү тамак ичпей калса, мууну калчылдаганын сезет.
Органдардан. Ысыкка жооп бере турган бирден бир орган – боор жана өт. Булар күчтүү болсо эле ысык көп болуп кетет. Суукка жооп берген органдар – көк боор менен бөйрөк. Булар алсызданып кетсе организмде суук басымдуулук кылат.
ЫСЫКЧАН, СУУКЧАН ЭКЕНИН СЫРТКЫ КӨРҮНҮШҮНӨН БАЙКАСА БОЛОТ
Тибетте адамдын дипломуна, билимине, тажрыйбасына эмес, ысык, суукка аябай маани берилет экен. Мисалы, жетекчилик кызматка келген адамды карап туруп сырткы келбетинен ысык же суук экенин билип алышат. Демек, адамдын кыймыл-аракетинен, сүйлөгөнүнөн, үнүнөн ысыкчан же суукчан экени билинет. Көбүнчө жетекчилик ишке ысыкчандарды алышаарын маектешим айтып берди.
ЫСЫКЧАНДАР АЛЫП ЖҮРГӨН БЕЛГИЛЕР
СУУКЧАНДАР АЛЫП ЖҮРГӨН БЕЛГИЛЕР
Ысык менен сууктун тең салмактуулугу бузулганда адамда оорунун белгилери пайда болот.
ЫСЫКЧАНДАР КӨП КАБЫЛЧУ ООРУЛАР
СУУКЧАНДАР КӨП КАБЫЛЧУ ООРУЛАР
ИДЕАЛДУУ БАЛАНС КАНДАЙ?
Ысык менен суук тең салмакта сакталса, адамдын ден соолугу чың болуп, көп жашайт. Балансты сактоо үчүн төмөнкүлөр керек.
1. Адам жан дүйнөсүн гармонияга алып келиши зарыл. Стресс, депрессия балансты бузуп жиберет.
2. Ар бир адам өзүнүн организмин жакшы билиши шарт. Организмде суук көп болуп баратса ысык тамак жеп, ысык көбөйүп баратса суук тамак жеп туруу керек.
3. Тамактануу
Ысыкты пайда кылуучу тамактар: Жылкы, кой, эчки, үйдө багылган тооктун эти, жумуртка, кургатылган жер жемиштер, курма, жаңгак. Бул тамактарды суугу көбөйүп бараткан адамдар жеши керек.
Суукту пайда кылуучу тамактарга: Айран, жер жемиштердин баары, үркөр жылдызы чыга электеги бээнин сүтү. Ысыгы көп адамдар ушул суук тамактар менен тамактанганы жакшы.
Ортодогу тамактар: Мисалы, күрүчтү сууга, сүткө бышырса муздак тамак болот, эгерде койдун майы кошулуп бышырылса ысыкка өтүп кетет. Камыр эт бышкан шорпого салып бышырса ысык болот, сууга бышырса суукка айланат.Нан ортодогу тамак, ысыкка да, суукка да болот.
4. Чөп-чар менен ысык, суукту теңдөөгө болот (чөптү мыкты билген дарыгер менен кеңешүү керек).
5. Суук орун алган жерге ысыкты алып келүү үчүн чыгыш медицинасы боюнча ийне саюу менен дарылоого болот.
Ата-энеси ысык, суук болгонуна карап уул же кыз төрөлөт деген маселени да Рыскулбек Канаев менен талкууладык. Рыскулбек мырза «ысык, суук баланын жынысына таасир бербейт» деп жооп берди. Гезитибиздин кийинки сандарында бул суроо боюнча да кеңири сөз кылмакчыбыз.
Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg