КАРДИОЛОГ КЕҢЕШ БЕРЕТ

Ооруган адамдардын көбү врачка дароо көрүнбөй «айдоо бүтсүн» же « мал жайлоодон келсин» деп коёт. Минтип ден соолукту баалабастыктын аягы жаман болуп бүтүшү мүмкүн. Бүгүн жүрөк-кан тамыр оорусу барлар жайында өлүмгө эмне үчүн көп дуушар болушун сөз кылабыз. Суроолорго Бишкектеги дарт аныктоо жана кеңеш берүү эмканасынын башкы дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты, кардиолог АБДИМИТАЛИП ХАЛМАТОВ жооп берет.

 

КАЙСЫ АЗЫКТАРДЫ КӨБҮРӨӨК ЖЕШ КЕРЕК?

– Жайында жүрөктүн иштешин жеңилдетүүчү азыктар бар дешет. Алар кайсылар?

Света, 45 жашта, Ош.

– Жүрөктүн иштешин жеңилдетип, кан тамырлардын тартылышынын (спазм) алдын алуучу азыктар булар:
Петрушка. Мунун 1 чай кашык ширеси артериалдык кан басымды ылдыйлатат.
Помидор жана андан жасалган жашылча салат. Помидордо жүрөктүн иштешин жакшыртуучу магний бар.
Сары өрүк. Бул жемиш калийдин булагы. Ширеси кан басымды төмөндөтөт. 1 күндө 200-250 грамм ичүү жетиштүү.
Капуста. Анда кан тамырларды тазалоочу C витамини жана башка заттар бар. Ширеси кан басымды төмөндөтөт.
Сарымсак. Күнүгө 1-2 тишчеден жеп жүрсө, кан айланууну жакшыртып, кан тамырлардын тартылышынын алдын алат.
Ал эми майлуу жана ышталган, туздалган, куурулган тамактарды жебей, сыра, кофе жана ичимдиктерди ичпөө зарыл. Жашылча-жемиштерге, диеталык тамактарга басым жасоо туура.

ЫСЫКТА НЕГЕ ЖҮРӨК ООРУКЧАНДАР КӨП КАЗА ТАБАТ?
– Жакында эле апамдын жүрөгү ооруй тургандыгы так аныкталды. Жайында андай оорукчандардын өмүрүнө көп коркунуч келерин билдик. Ага ысыкта иштөөгө болбойбу?

Калима, 46 жашта, Бишкек

– Аптап жүрөк-кан тамыр оорусу барларга терс таасир тийгизет. Мисалы, стенокардия, гипертония, инсульт менен жабыркагандарга. Анткени ысыктан улам кан тамырлар кеңейип, кан басым кескин төмөн түшүп кетиши мүмкүн. Ысыктан аба кургап, кычкылтектин жетишсиздиги да күтүлөт. Ушулардын айынан жүрөктүн пристубуна кабылгандардын саны өсөт. Андыктан алар аз кыймылдоолору оң. Огороддо иштейм десе, анда эртең мененки жана кечки салкында 1 сааттан иштесе болот. Бирок ийилип, башты кечке салаңдатып иштөөгө болбойт. Мындай абалда башка (мээге) кандын барышы бузулуп, баштын оорусу жана айлануусу күтүлөт. Адам жыгылып калуусу жана эсин жоготушу ыктымал. Эгер жүрөктүн кагышынын катуулашы, баш айлануу сезилсе, дароо салкынга кирип жатуу, сунушталган дарысын ичүү керек. Кокус эси ооп калса, анда жерге башын ылдый, бутун өйдө кылып жаткызып, нашатырь спиртин жыттатуу кажет. Ал жок болсо бетин муздак сууга жуу керек. Абалы оор болсо "Тез жардам" чакырыңыз. Жүрөк пристубу кармаса, нитроглицерин таблеткасынан бирди тилинин алдына салуу сунушталат.

СУУСУНДУКТУ КӨП ИЧҮҮ ӨЛҮМГӨ ЖЕТКИРЕБИ?
– Суусундукту көп ичүүдөн бөйрөк менен кошо жүрөккө да күч келип, адам көз жумат дешет. Канчалык чындыгы бар? Дарбызды да көп жегенге болбойбу?

Жамил, 50 жашта, Жалал-Абад.

– Өнөкөт жүрөк оорусу барлар суусундукту чектен ашык ичпөө керек ( 1 күндө 1,5 литрдей). Дарбыздын курамынын 90 пайызга жакыны суудан тургандыктан, аны да суусундуктардын катарына кошууга болот. Аны 1 күндө 500-700 граммга чейин гана жегенге уруксат. Жүрөгү оорукчандардын жүрөгү алсызыраак келип, жыйрылып иштеши начар. Суусундукту көп ичкенде алар канга барып кошулуп кандын көлөмүн көбөйтөт. Алсыз жүрөккө анча канды иштетүүдө күч келет. Бөйрөк да көбөйгөн заараны чыпкалап иштетүүгө жетишпей сезгенет. Дегеле адамдын өнөкөт оорулары да козголот. Булардын айынан адамда аба жетишпей жөтөлөт, ичинде жана буттарында шишик пайда болот. Ал тургай жүрөгү токтоп калышы да мүмкүн.
Айта кетчү нерсе, жүрөгү оорукчандар дамамат заара кубалоочу дары-дармектерди ичип жүрүшкөндүктөн, жайында алардын дозасын азайтып ичүү же убактылуу ичпөө боюнча врачына кеңешүүлөрү зарыл.

ЖҮРӨК КЕМТИГИ БАРЛАРДЫ КАНТИП БАГУУ КАЖЕТ?
– Баламдын тубаса жүрөк кемтиги бар. Күн ысыгандан бери абалы начарлап кетти. Катуу ооруп калбоосу үчүн кантип кам көрө алам?

Гүлнура, 34 жашта, Токтогул.

– Жүрөк кемтиги (порок сердца) тубаса жана кийин пайда болгон деп 2ге бөлүнөт. Кандай түрү болбосун андай балдарды карап-багууга карата кеңештер бирдей.
Ысып турган балага өтө муздакты (суусундук, балмуздак жана башка) берүүгө болбойт. Анткени бул өнөкөт ангинасы барлардын оорусун козгойт. Жүрөктүн иштешине да терс таасир тийгизип, оорусун курчутуп жиберет. Балмуздак же муздак суусундукту алгач бөлмө температурасында коё туруп, анан берүү оң.
Спорттук ийримдерге барууну азайттыруу. Анткени машыгып жатып суусайт, суусундукту көп ичүүдөн жогоруда сөз кылгандай абалы начарлайт.
Бийик эмес тоого же көлгө алып барып, эс алдырса болот.
Кан басымы жогоруларга тоого чыгууга болбойбу?

– Менин эжем жогорку кан басым оорусунан жапа чегет. Врачтар аны бийик тоого чыкпа дешиптир. Чыкса кандай жапа чегиши мүмкүн?

Ханзада, 26 жашта, Бишкек

– Жүрөк-кан тамыр оорулууларга бийик тоого чыгууда ал жердеги кычкылтектин жетишсиздиги (аба суюк) коркунуч туудурат. Ошондуктан оорулууларда жүрөк пристубу жана кан басымдын кескин жогорулап кетүү коркунучу жаралат. Башкача айтканда, деңиз деңгээлинен 1500-2000 метр жогору тоолорго чыкпоо сунушталат. Ал эми бийик тоолордо төрөлгөндөр ал жердин шартына көнүп калышат.

БИЛИП АЛ

САБИЗ НЕГЕ ЖАРЫЛЫП КЕТЕТ?
Жайында кээде жамгыр күндө жаап жерди нымдаштырат да, анан 15-20 күн жаабай, жер кургап кетет. Жер абдан нымдашканда сабиз күчтөнүп өсө баштайт. Түбү да чоңоюуга өтөт. Жер кургаганда деле сабиздин түбү чоңоюусун аздан улантат, бирок нымдын жетишсиздигинен клеткалары майда болуп калат. Качан жамгыр жааганда же сугарганда клеткалары сууга толо баштайт, бирок клеткалар майда болгондуктан жарылып кетет. Демек, жарылуусунун башкы себеби – сабизди абдан суусатып туруп кандыра сугаруу. Андыктан убак-убагы менен жетишерлик өлчөмдө сугаруу кажет. Күздө сугарууну казып алардан 1 ай мурун токтотсо, сабиз кышында бузулбай жакшы сакталат.

АШ СОДАСЫНЫН, ТУЗДУН ЖАШЫЛЧАЛАР ҮЧҮН ПАЙДАСЫ
Горчица (татымал). Жөөктөгү капуста, болгар калемпирлеринин арасына горчица упасын (порошок) чачып койсо, аларга курттар, үлүл жолобой калат.
Аш содасы. Бадыраңдар өсүп жатканда жалбырагы саргайып кетпеши үчүн алдын алып 10 литр сууга 1 аш кашык сода кошуп аралаштырып, сабагынын түбүнө аздан куюп коюу кажет.
Айран. 2 литр айранды 10 литр сууга кошуп, бадыраңдардын жалбырактарына чачса, саргайбайт.
Туз. Хренди түп тамырынан бери жок кылуу максатында кетмен менен чаап салсаң деле кайра түбүнөн өсүп чыга берери маалым. Минтип кыйналбай аны түбүнөн чаап туруп, үстүнө туздан чачып коюу керек.
10 литр сууга 100 грамм тузду салып эритип алып, аны пиязга чачса, курт-кумурска жолобойт.
Кызылчага туз эң жакшы азык болуп бере алат. Ал үчүн 100 грамм тузду 10 литр сууга салып, эритип, кызылчалардын түбүнө аздан куюп чыгуу кажет.

БАДЫРАҢДЫ АЛАЧЫКТА ӨСТҮРҮҮ
Эгер бакчаңыз чакан болуп, бадыраң өстүрүү үчүн жер тартыш болуп жатса, анда аны алачык түрүндө өстүрө аласыз. Мында бадыраңдын сабагы жерге узунунан эмес, тигинен өйдө сойлоп өсө турган болот. Алгач бадыраң өстүрүлө турган жерди айланта чийип белгилеп аласыз. Анан белгиленген жердин дал ортосуна узундугу 3 метрдей келген темирди (труба) же катуу шыргыйды жерди казып, шамалда кыйшайып калбай тургандай кылып бекем орнотосуз. Эми айлананын 4 жерине катуу шыргыйлардан жакшылап орнотуп, алардын башын ортодогу шыргыйга бириктирип байлайсыз. Жыйынтыгында алачык формасы келип чыгат. Шыргыйлардын ар жеринен жип же зым менен чырмап чыгасыз. Анан алачыкты айланта жерди казып, топурагын жумшартып бадыраңдын уругун сээп, өстүрө бересиз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аптап жүрөк оорусу барларга терс таасирин тийгизет. Сактануунун жолдору
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан