Президент Алмазбек Атамбаев өткөн аптанын аягында Орусияга барган иш сапарынан аталган өлкөдө иштеген кыргызстандык мигранттар үчүн жакшы кабарлар менен кайтты.
«КАРА ТИЗМЕГЕ» КИРГЕНДЕРГЕ ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛДЫ
19-июнь күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов менен Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын башчысы Константин Ромодановский макулдашууга кол койду. Аталган документте эки өлкөнүн ортосундагы кыргызстандыктардын Орусияда, орусиялык жарандардын Кыргызстандын аймагында жүрүү боюнча жаңы тартиптери каралган. Ага ылайык, милдеттүү түрдө каттоодон өтпөстөн 30 күн бою кыргызстандыктар Орусиянын, орусиялыктар Кыргызстандын аймагында жүрө алышат.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кошулуп жатканын эске алуу менен Федералдык миграциялык кызматы 3 жылдык мөөнөткө депортацияланган кыргызстандыктарга Орусиянын эшигин ачат. Бул чечим 3 жылдык мөөнөтүнүн тең жарымын Кыргызстанда өткөргөндөргө гана тиешелүү. Жеңилдик «кара тизмеге» кирген бардык мигранттарга тиешелүү эмес. Ошол эле учурда Орусиянын миграциялык мыйзамын бузган, тагыраагы, «кара тизмеге» кирген кыргыз жарандарына 2015-жылдын 10-июлунан тартып 2015-жылдын 1-ноябрына чейинки мезгилде Орусиянын аймагынан эркин чыгууга жана тоскоолдуксуз кайра кирүүгө уруксат берилди. Ушундай жол аркылуу шайлоо алдында кыргыз жарандарынын мекенине келип кетүүсү менен алар биометрикалык каттоодон өтүп, парламенттик шайлоодо добуш берет деген максат каралып жатышы ыктымал. Мындай чыгып-кирүү мүмкүнчүлүгү 1-ноябрга чейин документтерди мыйзамдуу түрдө оңдоп, жаңы миграциялык карта ачып алууга болот дегенди билдирет. Алар «кара тизмеге» киргизилбейт. Мурдагы мыйзам бузуулары дагы жоюлат.
Бул шарттар 19-июлдан баштап күчүнө кирет.
Маалымат үчүн: Орусиянын «кара тизмесине» кирген кыргызстандыктардын саны 80 миң кишиге жетет. Ал эми Орусияда миграциялык мыйзамды бузуп иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын саны Федералдык миграциялык кызматынын маалыматы боюнча 200 миң адамга жакын. «Кара тизмеде» бар-жок экенин Федералдык миграциялык кызматынын сайтынан текшерүүгө болот.
Эльвира Караева
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg