БИР БҮРКҮМ

  • 2014-жылы өлкө ичинде АЛКОГОЛДУК ичимдиктерге көз каранды 39 миңден ашуун киши каттоого турган. Алардын ар бир сегизинчиси аялдар.
  • Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоодо республикалык БОСОГОЛУК чекти 7ден 9 пайызга көтөрүүнү колдогон жок.
  • Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, өкмөт азырынча АКЧА АЛМАШТЫРУУЧУ жайларды жаппай турган болду. Өлкөдө 1 миңдей акча алмаштыруучу жайлар бар, анын 300ү гана мыйзамдуу иштейт.
  • 1916-жылдагы ҮРКҮН окуясында кайтыш болгондордун сөөгүнүн калдыктарын издөө боюнча иштер июлдун орто ченинен Ысык-Көл облусунда башталат.
  • Чүй жана Талас облустарында БУУнун фонду жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, 18 жаштан улуу кыздардын 43 пайызы «күйөөм атама окшош болбосо экен» деп айтышкан. Ал эми мектеп окуучуларынын 40 пайызы да өз аталары үлгү алчу киши эместигин билдиришкен.
  • Жогорку Кеңеш парламенттин ичинде ДЕПУТАТТЫК ТОПТОРДУН түзүлүшүнө тыюу салган документти кабыл алды.
  • Президент Алмазбек Атамбаев Сузак районунун Кыр-Жол айылында СЕЛ АЛЫП КЕТКЕН 8 үйдүн курулушуна 11 миллион 400 миң сом бөлдү.
  • Кыргызстанда Вена конвенциясынын бардык талаптарына жооп берген жаңы үлгүдөгү АЙДООЧУЛУК күбөлүктөр бериле баштады. Улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнүн баасы 12 евро, эл аралык айдоочулук күбөлүктөрү 7,5 евро турат.
  • ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨДӨН быйылкы жылы эң көп баллды (236) Бишкек шаарындагы №-61 мектебинин окуучусу Вадим Курочкин алды.
  • ДОЛЛАРДЫН КУРСУ кайрадан көтөрүлүп жатат. 25-июнга карата Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында 1 доллар 62 сомдон сатылды. Июнь айынын башынан бери доллар 2 сом 50 тыйынга кымбаттады.
  • Быйылкы жылы жайлоодогу бала бакчаларда 2 МИҢГЕ жакын бала тарбияланат. Былтыркы жылы бул көрсөткүч 800 баланы түзгөн.
  • Кыргызстан Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкө болуп таанылды. Бул тууралуу 2015-жылга карата отчётту "Freedom house" эл аралык уюму жарыялады. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия – авторитардык режимдүү өлкөлөрдүн тобуна кирди.
  • Парламент 25-июнь күнү акыйкатчы БАКТЫБЕК АМАНБАЕВДИ мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирди.

Эльвира Караева
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Azura
2015-07-02 00:20:00
Айдоочулук куболук баасы эмне учун евро менен берилген? Биз кыргызстанда жашайбызбы? Улуттук валютабыз барбы?
0
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан