Жеңиш Майрамбек уулу: «КЕЗЕКТЕГИ ТАСМАБЫЗ «БОМБА» БОЛОТ»

Бул аптанын каарманы Жеңиш. Бул ысым сизге эч нерсе тууралуу кабар бербей элеби? «Сүйүктүүмдүн каарманы», «Бир тууганчик» тасмасындагы арыкчырай, бою узун, дайыма жасаган жумушу оңунан чыкпай, түрдүү окуяларга кабылып жүргөн жүдөмүш жигитчи? Эми эстедиңизби? Ооба, бул тамашоучу, эми актёр жана сценарий жазуучу деген да атка конуп келе жаткан Жеңиш Майрамбек уулу. Бул жигит менен мурун такыр маектешип көргөн эмесмин, андыктан чыдамсыздык менен күтүп жаттым. Экөөбүз макулдашкан күнү Жеңиш мырза такыр чалууларга жооп бербей, жоголуп кетсе болобу. Эмне болду экен десем, көрсө тамашакөй жигит катуу чарчагандыктан чалууларды укпай уктап калган экен.

– Жеңиш, менден актриса кыздардын номерин сурап чалганыңа караганда дагы тасма тартуунун алдында турасыңарбы?
– Ооба, дагы жаңы тасма тартып, көрүүчүлөрдүн жүзүнөн жылмаюу көргүбүз келип жатат. Буюрса, күз айларында эмгегибизге эл күбө боло алат деп жатабыз. Мурун «Моника Беллуччидеги» жигиттер тарап, Бакыт экөөбүз эле калганбыз. Эми баарыбыз бирге жаңы тасмага кириштик. Ой да «бомба» болот го.

– Сыр эмес болсо айтсаң, бул жолу да «лох» баланын образын жаратасыңбы?
(Күлүп) Менин жараткан образым адамдарга аябай кызык го. Чыныгы жашоодо андай адам жок да. Эгер чын эле ошондой адамды жолуктурсак «и-и, кичине жетишпейт го» деп аны акылы кем кишидей кабыл алмакпыз. А экран аркылуу бул тамашалуу көрүнөт, адамдарга жагат, күлкү тартуулайт дегендей. Сиз таптыңыз десем болот. Бирок бул жолу милиция кызматкеринин образын жаратам.

– Өзүңөр сценарий жазып, өзүңөр тартылып кирешенин жакшы булагын таап алдыңар өңдөнөт...
– Сценарийди жазып жатып оюңда бир актёрду элестетип жазасың да? Сценарийди окуп элестетип алып күлүп отуруп эле өзүм тартылгым келип кетет (күлүп). Бирок кыйратып киреше таап жатабыз деп айтууга али эрте. Себеби биз бир тасманын үстүнөн аябай эмгектенебиз. Жасап жаткан жумушубуз «конфетка» болмоюнча эл сынына койбойбуз. Эгерде бизге кезектеги тасмаңар аябай кирешени көп алып келет, бирок элдин купулуна анча толбойт же кирешеси аз, бирок элге аябай жагат, экөөнүн бирөөнү тандагыла десе, албетте, элге жаксын, кирешеси экинчи орунда демекпиз. Элестете аласызбы, залда «Бир тууганчик» тасмасын көрүп отурган адамдар ичип жаткан суусун төгүп алгыча күлүп жатышты. Аны көргөн сайын адамдарга позитив тартуулаганыбызга кубанабыз. Коомубузда ансыз деле негатив, капалуу көз караштар көп да. А кинозалдан адамдар күлүп, жакшы маанайда чыкканын көрүп ушунчалык ырахат алам. Негизгиси киреше эмес, күлкү жаратуу. Биздин негизги миссия – адамдарга көңүлдүү маанай, позитив тартуулоо. Ал үчүн мен «лохтун» образын жаратканга деле кайылмын.

– Сени биринчи жолу көргөн адамдар көбүнчө кандай суроо менен кайрылышат?
– Көпчүлүк «жашоодо да ошондойсуңбу?» деп сурашат. Бирок жашоодо өтө токтоомун. Жакын адамдардын гана тегерегинде ачылып, тамашакөй жигитке айланам. Жумушумда, досторум менен жүргөндө мага тамаша жетиштүү да. Мээмдин баары тамашага толгон, ошондуктан күнүмдүк жашоодо башкаларга күлкүлүү нерселер мага жөнөкөй эле туюла берет. Мурун юмористтер жашоодо аябай токтоо болушат десе, эмнеге деп ойлочумун. Эми өзүм да ошого кабылдым. Кээде тааныштарым телефонунан бир видеону көрсөтүп, жанымды койбой «карасаң, карасаң, сонун да тим эле» дешет, анан мен аларды карап күлгөн жеринде көңүлү калбасын деп кошулуп каткырып коём.

– Мындан 3 жыл мурун «сүйлөшкөн кызым бар, аты Нурайым» деп маек берип, бирок былтыр эки ажырым жолго түштүк дедиң эле. Жакында бир кечеден кайрадан жетелешип жүргөнүңөрдү көрүп калдым...
– Ооба. Ортодо бир аз тыныгуу болду. Сүйлөшкөнүбүзгө 6 жыл болуп калды. Жашоодо ар кандай кырдаалдар болот экен. Негизгиси ар бир абалдан туура тыянак чыгаруу зарыл. Мага ушул кыз керек экенин түшүндүм.

– Кайра табышып жатсаңар, үйлөнүү тууралуу кеп козголот экен да?
– Бул нерсе оюбузда бар, бирок мен азырынча бутума туруп, алдыга койгон максаттарымды орундатып алуум керек деп ойлойм. Сүйлөшкөн кызым аны түшүнөт, мени колдойт.
Нурайым барга каниет кылган адам. Анан да ушунчалык жөнөкөй, мени арбаган эң негизги сапаты да ушул. Кайсы жерде, кандай абалда болбосун дайыма жөнөкөйлүгүн сактап калат. Экөөбүздүн мамилебиз убакыт менен текшерилген. Ал мени катардагы жөнөкөй жигит кезимде сүйгөн.

– Сенин оюң боюнча идеалдуу үй-бүлө кандай болушу керек?
– Мен айымдар үйдө отуруш керек дегенге каршымын. Алардын да максаттары, ой-тилектери бар. Буюрса, эртең менен жубайым экөөбүз чогуу жумушка жөнөп, бирок ага чейин келинчегим эрте туруп тамагымды даярдап, ата-энеме ысык чайын берип койсо. Анан түшкү тамактануу болгон кезде жолугуп тамактанып, келечекке пландарды түзүп... Кайра кечинде үйгө келсең жубайың эбак келип тамак-ашы даяр сени күтүп алса...

– Демек, баары бир сенден эрте келиши керек экен да?
– Ой, болбой эле аялдардын укугуна шек келтирип алдым окшойт, ээ (күлүп)? Жакшы эле аракет жасап жаткам.

– Анда кыялдарың орундалсын дейин. Бажы кызматкери болом деген кебиңдин орундалчу убактысы келе элекпи?.
– Ии, андай да оюм бар болчу. Бир жолу кеңседе иштеп көрдүм. Берилген тапшырманы түшкө чейин эле бүтүрүп коём. Анан жигиттер «жүрү, даярданабыз, жакында Сочидеги күлкү фестивалына барабыз» деп азгыра башташат. Жумушумду бүтүп коюп жетекчиден сурансам, «эмне сага айлыкты жөн эле төлөп жатабызбы, отур» дейт. Ошентип төрт дубалдын ортосунда отура берип сыгылып кеттим. Кыскасы, алдымда Сочидеги 2 жумалык фестивалга баруу же жумушта калуу деген тандоо турду. Сочиге барсам жашоом өзгөрүлчүдөй фестивалды тандап алдым. Көрсө, эч нерсе деле болбойт экен, мүйүз деле чыккан жок. Бирок жумуштан кеткениме өкүнгөн жокмун. Мага кеңседе иштеген жарашпайт да, жакпайт да экен. Азыркы жумушумдан шашылып кетким келбейт, тажабай ырахат алып иштейм.

– Анда иштериңе ийгилик.
– Рахмат.

"Сүйүктүүмдүн каарманы" тасмасын тартып жаткан кез. Бул жерде КВНчи Асхат Табалдиевге окшошкум келип жаткан учур.

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жеңиш Майрамбек уулу: "Романтикадан алысмын"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Diana92kg
2015-06-29 11:04:47
Аябая позитивдуу бала хехе! ийгилик сага.
0
jarkyn_jakta_jasha
2015-06-29 11:26:32
азамат жигит экенсиз... онорунуз оркундой берсин
0
nurbolot122
2015-06-29 12:14:01
Жениш байке кореяга келгенде жолугуп суротко тушуп суйлошконбуз. Абдан жонокой экен.Менменсинуу сапаты жок экен
-1
Nazyk
2015-06-29 12:15:38
Гулжамал ийгилик сага,Женишге да.
+2
Amantur.
2015-06-29 12:42:07
Тартылган тасмаларын көрө элек жатып бир нерсе деш кыйын экен.Кандай болгон кырдаалда да ийгилик каалап кетем.
0
Gulzat86
2015-06-29 15:27:48
Бул баланын озу турушу кулкулуу да.Шуриктеги коркок кишинин образын коро берем ушу балада.:)
0
chynara-84
2015-06-29 20:56:13
Абдан жакшы
0
kepka
2015-06-29 22:34:23
Бизнес тасма--бирок ал бомба тасманар тарыхта калабы? ушуга ойлонуп жооп таап алгыла.А так талантын бар.
0
Positive
2015-06-29 23:00:47
ууууууууууу мен жактырган суйгон тамашоууучугооо, иштерине чоооооооооооон чоооооооон ийгилик. Сени жакшы кором!!!!!!!!
0
Suiunbekova_kg_Seket
2015-06-29 23:33:25
Ушул баланы аябай сыйлаймын Бакытка Караганда талантуу, жонокой, Ар бир созун орду менен суйлойт
0
karasuu
2015-06-30 12:11:24
жашоодо да ушундай болсо "ТамаШоуго" деле бара албаса керек эле. ХХХ ХХХ
0
Izdeim_seni.
2015-06-30 16:12:22
Бир да киносу "конфетка "эмес,кыргызча эле "момпосуйдун" уровени.
0
Kara-kulzha
2015-07-01 19:33:17
Бул жигит тамашаны катыратда, Жеңиш менен Самат тартылган кинолор сөзсүз квзыктуу болотда
0
guljigit88
2015-07-04 19:45:24
Алып баруучу кыз кайда кетти чачы узуун кыз бар элего админ
0
IUB
2015-07-04 22:43:25
Кинолору качан чыгаткен интернеттен?
0
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан