СДПК: «ТАZА.COM» ТАЗА КООМГО АЛЫП БАРАТ

Бизде «жашоо кандай?» деген суроого адаттагыдай эле «Кудайга шүгүр, жаман эмес» деген жооп угасың. Күнүмдүк турмушка үңүлүп карайлычы. Бири болбогон маселесин чечүү үчүн кайсы бир чиновниктин кабылдамасында кезек күтүп отуруп күн кечирет. Экинчиси аныктама алыш үчүн айыл өкмөтүнүн кызматкерин издеп жүрүп тойдо отурган жеринен табат да, ала турган кагазы эртеңкиге калат. Үчүнчүсү маршруттук таксиден маршруттук таксиге которуп отуруп, жол басып келген убарасына, чыгымына, короткон убактысына да арзыбаган жумушту керээли кечке араң бүтүрөт. Чоңураак жумушуң чыгып калса, же бир иш жасайын деген максатың болсо, улам бир бюрократиялык тепкичти басып отуруп, чачыңдын дагы бир тутамы агарып кеткенин байкабай каласың. Убара тартып, убакыт кетирип жумуш бүтүрүш керек да дегенге жедеп көнүп бүткөнбүз. Эгерде жумушуң капысынан эрте же өз маалында бүтүп калса өзүң да таң калышың ыктымал.

"ЖАКЫНКЫ 5 ЖЫЛДА ИШКЕ АШЧУ ЭҢ МЫКТЫ ДОЛБООР"
СДПК партиясы жогоруда сөз болгон убарачылыкты, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөгү бюрократияны, коррупцияны ооздуктоонун жолун тапкан шекилдүү. 22-июнда СДПК фракциясы «Таза.com» долбоорун талкуулады. Коомдо тамырлашып кеткен коррупциянын, бюрократиянын, мамлекеттик башкаруудагы өзүм билемдиктин негизги себептери кайсы? «Таза.com» долбоорун иштеп чыгуу боюнча топтун башчысы Алмазбек Кадыркулов «ачык-айкын механизмдердин жоктугу, маалыматсыздык, технологиялардын  жетишсиздиги, коомчулуктун ар түрдүүлүгү, шайлоо көзөмөлү, адам фактору коомдогу адилетсиздиктин, коррупциянын, кызмат абалынан кыянат пайдалануунун башкы себептеринен» деген жообун берди.
Фракция лидери Чыныбай Турсунбековдун айтымында, коомдогу терс көрүнүштөрдөн жана ар кандай бюрократиялык схемалардан арылуу, коррупцияны кыскартуу үчүн «Таза.com» долбоору таза коом түзүүгө карай кадам болуп калышы толук ыктымал. «Кыргызстанда жемкорлуктун айынан жылына 30 миллиард сом жок болот. Аны менен күрөшүү үчүн себептерин аныктап, жаңы технологияларды киргизүү заман талабы. «Таза.com» СДПКнын кийинки 5 жылда ишке ашыра турган эң мыкты долбоору болуп калышы керек»,- деп белгиледи ал, фракция жыйынында.

 

БУЛ ЭМНЕ БОЛГОН ДОЛБООР?
«Долбоор түзө койсоңор эле май көл, сүт көл болуп жатып калабы?» деген суроо болбой коймок беле. Болду. Жөнөкөй тил менен айтканда мындай экен:
– Кызмат көрсөтүүнүн бардыгы автоматташтырылат. Адамдарга көз карандылык жоюлат. Кезек күтмөй, пара бермей, жол жүрүп убара болмой кыскарат.
– ШПД (кеңири тилкедеги электрондук тейлөөгө жетишүү) өнүктүрүлөт.
– Маалыматтар базасын бириктирүү ишке ашат.
– Маалыматтарды иреттеп иштеп чыга турган борбор курулат.
– Отчёттуулукка, төлөмдөрдү ишке ашыруу боюнча электрондук кызмат киргизилет.
Айтылгандар интернеттин, уюлдук байланыштын, жаңы маалыматтык технологиялардын жардамы менен ишке ашат. Керектүү иш кагаздарын, ар кандай маалыматтарды, өзүңө шашылыш керек документтерди алуу, төлөмдөрдү төлөө, деги күнүмдүк турмушуңа керектин баарын эч жакка барбай эле үйүңдө чай ичип отуруп алеки заматта бүтүрүп алсаң болот.
Мындай карасаң – жомок. Бирок ишке аша турган жомок. Бир учурда кантип эле ошондой болсун деген нерселер азыр турмушубузда кеңири колдонулуп калбадыбы. Бул дагы ошентет. Анткени, алдыңкы технологиялардын жардамы аркылуу коррупцияга каршы күрөшүүгө белсенген бир катар өлкөлөрдө колдонула баштады. Ал эмес Орусияда, Казакстанда, Тажикстанда айрым жактары ийгиликтүү иштеп жаткан фактылар бар.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушевдин маалыматына таянсак, Монголияда «Акылдуу шаар» программасы үзүрүн бере баштаган. Жарым жыл ичинде жарым миллион справка берилген. Эч жакка барбай эле, эч кимдин көзүн карабай эле өзүнө жакын, ыңгайлуу терминалдан справка алышкан. «Коомчулукта сын пикирлер абдан көп, бул болсо мамлекеттин өзүнө ишенимдин төмөндүгүнүн көрсөткүчү. Бекем ишеним ар кыл долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган учурларда жаралат. «Таза коом» ошондой долбоорлордон болушу да ажеп эмес. Ал кыргызстандыктардын турмушуна ар тарабынан оң таасирин тийгизерине күмөн жок. Коррупция төмөндөйт, ар кандай операцияларды жүргүзүү үчүн банкка баруунун кажети жок, күйүүчү-майлоочу майларга чыгымдар азаят, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт» деген ишенимде Кутушев.

ДОЛБООРДУН НАТЫЙЖАСЫ КАНДАЙ БОЛОТ?
Долбоорду иштеп чыккандардын эсеби боюнча ТАЗА КООМ курууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, атап айтканда:
– коррупциянын алдын алат;
– мыйзам бузуулар автоматтык түрдө жазылып турат;
– жазадан качып кутула албайт;
– адамдын көзүн карамай жок болот;
– мыйзам бузууларга бөгөт коюлат;
– укуктук аң-сезимди калыптандыруу ишке ашат;
– чечим кабыл алуунун натыйжалуу жолдору табылат;
– электрондук кызмат көрсөтүүгө жетишилет;
– отчёттуулук, ачык-айкындык өкүм сүрөт;
– мамлекет менен элдин ортосундагы байланыш жакшырат;
– ачык коом курулат.
Айтканга оңой болгону менен аткара келгенде кыйын эле болот. Буга чейин деле электрондук өкмөт түзөбүз деп аракет кылып келишкени менен аликүнчө эмне болгону белгисиз. «Коопсуз шаар» деген долбоор башталбай жатып эле талпагы ташка жайылды. Демек, ар бир долбоорду ишке ашыруу ар кандай тоскоолдуктарга кабылышы толук ыктымал.
Маселенин чечилиши биринчи кезекте каражатка көз каранды. Долбоор орто эсеп менен 400 миллион долларга тете болуп, инвесторлордун жардамы аркылуу алардын өкмөт менен өнөктөштүгүнүн негизинде ишке ашууга тийиш. Бул өкмөт кепилдик берип, Кыргызстандын моюнуна жүктөлө турган сумма эмес. Таза.com долбоорун ишке ашырууга мобилдик байланыш тармагы, телеком, оптикалык була байланыш (волоконно-оптическая связь) түйүнү, маалыматтык байланыш тармактары кеңири тартылат. Аталган тармактардын Кыргызстанда мурдатан эле иштеп келатканы долбоорду арзандатып, иштеп кетүү жөндөмүн арттырат.
Таза.com 2017-жылга чейин бүт Кыргызстанды камтууга тийиш. Ага чейин 2015-2016-жылдары «Таза Бишкек», «Таза Ош» долбоорлору ишке ашырылат.

САЯСИЙ ЭРКТИ КӨРСӨТҮШҮБҮЗ КЕРЕК
Саамалыкка бут тосуулар болорун бөркүңүздөй эле көрүңүз. Бирөө жаңы технологияларга өтүү түйшүгүнөн качат, экинчиси кызматтык бюрократиясынын кыскарганына макул эмес, дагы бири өзүнө жеке пайдасы тийбегенден кийин атайылап эле бут тосот. Эгер биз дагы эл катары жаңы технологияларга өтөлү, коомубуздагы терс көрүнүштөрдөн кутулалы дей турган болсок, анда саясий эркти көрсөтүшүбүз керек. Бул – СДПК фракциясынын жыйынына катышкан депутаттардын сөзү. Бул долбоорду Президент, парламент, өкмөт колдоого алса, ишке ашыруу техникалык эле маселе болуп калат.
СДПК партиясы колдоого алып, көтөрүп чыккан Таза.com саамалыгы фракция лидери Чыныбай Турсунбеков айткандай, таза коомго алып бара турган жол. Коррупциядан, бюрократиядан, кызмат абалынан кыянат пайдалануудан, жарандардын убаракерчилигинен арылалы, жаңы технологиялар менен жаңы өнүккөн заманга өтөлү десек, анда Таза.comду ишке ашырышыбыз керек.
Ошондон улам СДПКнын фракциясы бул долбоорду кубаттап, туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясына ылайык жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлордун катарына кошууну сунуштады.

Чыңгыз Аскаров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Erniet
2015-07-01 17:50:31
Кана ошол бюрократиянарды жойгулачы тезирээк Бир паспорт алыш учун январдын чилдесинде тонуп канча кезекте туруп куткон документти кээ бири жараксыз керексиз болуп чыкты( паспорт алыш учун чогулткан справкалар) убара болуп чуркап январда бутуп алчу паспортту апрелде алдым Ошого пара берсем он кундо бутмок Паспорт столдо иштеген кыз озум бутуруп берем деген
+1
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан