КАЛКТЫН ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУГУ: АМАНАТЧЫЛАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

Негизги финансылык түшүнүктөрдү билүү жана аларды практикада колдонуу адамга өз каражатын туура пайдаланууга мүмкүндүк берет. Эреже катары көпчүлүк адамдардын негизги киреше булагы – бул айлык маяна. Иштеп жана айлык алуу менен, биз анын кандайдыр бир бөлүгүн сактап үнөмдөсөк болот. Аманатчылардын укук жана милдеттери тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын банктарга тышкы көзөмөл бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сатыбалдиева Айгуль Туратбековна айтып берет.

АМАНАТ САКТООДО БАНК ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ АЛЫҢЫЗ!
Калк менен юридикалык жактарды аманаттарга тартууга коммерциялык банктар, ошондой эле тийиштүү лицензиясы бар микрофинансылык компаниялар менен кредиттик союздар алектенип келет. Калктын аманаттары Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан кепилденип, мыйзам тарабынан бекитилген сумма (үстөк пайыздары менен кошо 100 миң сом) ар бир банктагы ар бир аманатчыга төлөнүп берилет. Бүгүнүкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында 24 коммерциялык банк ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Алардын ар бири өз алдынча банк продуктулары менен кызматтары боюнча өздөрүнүн тарифтери менен пайыздык чендерин бекитишет.
Акчаларды сактоо үчүн бир канча финансылык инструменттер бар. Айтсак, банк депозиттери (чет өлкөлүк валютаны кошуу менен), баалуу металлдар жана кагаздарга болгон инвестициялар. Тобокелдикти эске алуу менен акчаны сактоо үчүн ишенимдүү, актуалдуу жана учурга ылайык туура инструментти тандоо керек.
Кошумча белгилей кетсек, чет өлкөлүк валютада депозиттерди салууда, бул валютанын (доллар, евро, рубль жана башка) алмашуу курсунун тобокелчилигин эске алуу керек. Анткени валюта рыногундагы абал күнүгө өзгөрүп турат. Эгер чет өлкөлүк валютада акчаны сактоону чечсеңер, анда депозиттин болжолдонгон мөөнөтүндө (3, 6,12 ай же андан дагы ашык) алмашуу курсунун өзгөрүлүп турчу тобокелдигин баалоо керек.
Мындан сырткары, башка валюталарда дагы депозит (мисалы, доллар же евродо) ачса болот. Анткени ушул валютанын курсу сомго салыштырмалуу баасы түшүп кетсе, башка валюта боюнча курстун өзгөрүлүшү аркылуу компенсацияланып калат.
Банкты (же банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелердин тийиштүү лицензиясы бар болсо) тандоодо пайыздык ченге гана өзгөчө көңүл буруп негизделбешибиз керек. Белгилүү болгондой, жогорку кирешелүү инвестициялар чоң тобокелдикке кептелет. Ошондуктан банкка кайрылууда ар бир потенциалдуу кардар алгач банктын шарттарын жана тарифтерин карап чыгышы зарыл. Мындан тышкары банк кызматын колдонуучулар үчүн финансылык отчёттуулук толук жеткиликтүү болушу зарыл. Финансылык абал туурасында ар бир айдагы отчёттор кардарлар үчүн банктын маалымат бурчунда орун алышы керек. Буга байланыштуу аманатчылар банкттардын финансылык абалына көз салып, мүмкүн болгон учурда тобокелдикти баалап, банк менен мындан ары кызматташууну улантуу тууралуу чечимин кабыл алат.

БАНК ЭСЕБИН АЧУУ
Банк эсептерин ачуу, киргизүү жана жабуу тартиптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын нормативдик-укуктук актыларынын негизинде ишке ашат.
Банк эсептеринин иши боюнча колдонмо, ошондой эле аманаттар боюнча эсептер (депозиттер), алардын иштөө режимине жана операцияларды жүргүзүү тартиптерине минималдык талаптарды бекитет.
Банк кардарга эсепти ачып жатканда сөзсүз түрдө документтерди толтуруу эрежелерин, үстөк пайыздын эсептөө тартиптерин түшүндүрүп берүүсү керек. Ошол эле учурда аманатчылар такталган маалыматтардын тизмесин банкка бериши зарыл.
Банктан эсеп ачуу үчүн тараптардын укуктары жана милдеттери, ошондой эле кызматтарды көрсөтүү шарттары каралган келишимге кол коюшат. Ошондуктан келишимди кылдат окуп чыгып, талаш жараткан, түшүнүксүз жерлерди тактап алуу керек. Анткени депозиттердеги каражаттарга байланыштуу банк менен болгон мамилени дал ушул келишим аныктайт. Кардар келишимге кол коюп жатып анын шарттарына макул болуп жаткандыгын жакшы түшүнүшү керек.
Келишимде тараптардын негизги шарттары, алардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, депозиттер боюнча үстөк пайыздарды төлөө эрежелери, банк операцияларын жүргүзүү үчүн чендер жана тарифтер, келишимге киргизилген өзгөртүү жана толуктоолордун тартиби, анын мөөнөтү, келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн айып пул төлөө, анын ичинде келишимдин бир тараптуу өзгөрүлүшү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн жана тараптардын келишими боюнча башка шарттар каралган.
Банк менен кардардын ортосунда жетишилген келишимдеги бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын өз ара макулдашууларынын негизинде киргизилиши мүмкүн. Банктарга кардар менен болгон келишимде депозиттерди кабыл алууга байланыштуу бир тараптуу өзгөртүү киргизүүгө тыюу салынат.
Аманаттар салынгандан кийин аманатчы анын эсебине акча келип түшкөндүгү туурасында тастыктай турган документти алып, аны акчаны кайра кайтарып бергенге чейин сакташы керек экендигин эске салуу керек.
Банк ишмердүүлүгүндө исламдык финансылоо принциптери бар экендигин кошумчалай кетсек болот. Ушуга байланыштуу пайыз деген түшүнүк кредиттерде да, депозиттерде да болбойт. Киреше ченеми банк тарабынан исламдык финансылоо принциптери боюнча каржыланган бүтүмдөрдөн түшкөн накта пайдадан эсептелинет. Ошол эле учурда бул инвестициялык иштердин жыйынтыгындагы кирешелер да, чыгашалар да банк менен кардардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

КЕРЕКТҮҮ МААЛЫМАТТАРДЫ САЙТТАН ТАПСАҢЫЗ БОЛОТ
Банк көрсөткөн кызматтар туурасындагы атайын билим финансылык кызматтарды тандоодо туура чечим кабыл алууга, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укугун коргоого жардам берет. Буга байланыштуу Улуттук банк калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында ЖМК аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, финансылык кызматтардын керектөөчүлөрү үчүн сайтта керектүү маалыматтарды чыгарып турат. Бул багытта Улуттук банктын
www.finsabat.kg интернет-сайты иштелип чыккан.

Сайт атайын иштелип чыгып, өзүнүн барактарында финансылык мекемелер жана мамлекеттик ведомстволор тарабынан жарандардын экономика жана финансы темасындагы базалык билимин жогорулатууга көмөктөшүү үчүн даярдалган актуалдуу маалыматтарды камтыйт.
Мындан билим берүүчү материалдарды таап, алар аркылуу финансы жана банк системасындагы иштер, анын ар бир адамдын жашоосуна тийгизген таасири тууралуу түшүнүк алса болот. Ошондой эле биздин өлкөнүн финансылык мекемелери сунуштап жаткан продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалымат менен таанышууга мүмкүн. Эң башкысы, бул продукт жана кызмат көрсөтүүнүн колдонуучуларынын укуктары менен милдеттери тууралуу суроолорго жооп табууга болорун кошумчалай кетели.
Окурмандардын ыңгайлуулугу үчүн сайттагы маалыматтар темаларына жараша бөлүнүп турат. Алсак, «Мыйзамдар» бөлүгүндө банк кызматы жана аны колдонуучулардын ортосундагы укуктук карым-катнаштарды жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары бар.
«Колдонуучулар» бөлүгүндө акча, кредит, аманат, төлөм карталары жана башка жалпы маалыматтар камтылган. Мисалга алсак, шилтемеге кирүү менен улуттук валюта темасына туш келип, ал кантип түзүлгөн, бүгүнкү күнү алардын кандай түрлөрү бар, аларды алмаштыруунун жолдору сыяктуу кызыктуу материалдарды окуса болот.
Ал эми «ЖМК» бөлүгүндө маалымат агенттиктериндеги билим берүүчү басылмалар, гезиттеги макалалар, ошондой эле телеканал, радиостанциялардан калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу алкагында чыгарылган аудио жана видеоматериалдар орун алган.
«Балдарга акча тууралуу» деген бөлүктө Улуттук банктын адистери тарабынан кичинекей окурмандардын кабыл алуусуна карата иштелип чыккан күлкүлүү жазылган балдар китебинин электрондук вариантын көрсө болот. «Балдар үчүн акча алиппеси» аталышындагы кагаз түрүндөгү кыргыз жана орус тилдериндеги көрсөтмө курал аймактарда жайылтылып жатат. Анын максаты – балдарды күнүмдүк турмушта кездешүүчү айрым экономикалык элементтердин түшүнүктөрү менен тааныштыруу болуп саналат.
«Үйрөтүүчү видео» бөлүгүндө Улуттук банктын кызматкерлери тарабынан күндүн эң актуалдуу темалары боюнча жүргүзүлгөн видеолекциялар камтылат. Мисалга, азыркы учурда карыз алуучулардын укуктары жана милдеттери, улуттук валютанын коргоо белгилери, банк карталарынын өзгөчөлүктөрү жана башка жөнүндө лекциялар жеткиликтүү.
Өз билим деңгээлиңизди тесттин жардамы аркылуу билүүгө болот. Сайттын «Өзүңдү текшер» бөлүгү 20 суроодон туруп, бир катар жоопко ээ болгон ар кандай темадагы тестти көрө аласыз.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан