САЯСАТЧЫЛАР ИДЕЯ УУРДАГАНГА ЭЛЕ МАШПЫ?

Кыргызстанда жай аптабы өтө ысык башталды. Айрым партиялар министрлик-ведомстволордун жетекчилерин алдына салып, айыл-кыштактарды кыдырып жөнөдү. Байкуш мамлекеттик кызматкерлер моюнунан байлаган иттей эле «жумушумдан айрылып калбайын» деп, айдаган жерине барып, кошоматка коюн союп берип жатат. Бирок анысы «көңүлү жоктун кылганы курусун» дегендей эле болуп калды.
Айыл жериндегилерди түшүнбөйт, кандай мамиле кылсак дейби, айтор, барган жерлерде эптеп эле кол учунан текшерип жатканын эл нааразы болуп айта баштады. «Сөз келгенде сөздү айтпаса, сөздүн атасы өлүптүр» дегендей, дарыгерлер тобу мындан үч жыл мурда эле «Өнүгүү-Прогресс» партиясы баштаганын угуп-билип жүрөбүз. Ушунча жылдан бери бир адамды нааразы кылганын укпадык. Кардиолог Абдимиталип Халматовдун гезиттердин бирине: «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери, эл өкүлү Бакыт Төрөбаев менен 2 жылдын ичинде өлкөбүздүн дээрлик бардык аймактарында 30 миңге жакын жаранды жүрөк-кан тамыр оорулары жактан текшерүүдөн өткөрүп, керектүү кеңештерибизди бердик. Буюрса, бул демилгебиз дайыма улана бермекчи»,- дегенин жакында эле окугам.
Минтип элдин саламаттыгын текшерүү, жардам берүү деген иштерди айрым партиялар эми баштап, болгондо да биринчи ирет өздөрү ойлоп тапкандай жарыялай башташты.
Ошондой эле «Өнүгүү-Прогресс» партиясы «Жарык шаар» долбоорун сунуштап, канчалаган турак үйлөрдүн алдын жаркыратып жүрөт. Бул идеяны да бирөөсү уурдап, өздөрүнө жармаштырып алышты. Бул мындай калсын, дагы бир бийликтин партиясы шаардагы жашоочулардын көңүлдөрүн өздөрүнө буралы дешип, ар кандай мүнөздөгү шаан-шөкөттөрдү уюштура баштады. Эми мындай кадамдар менен саясий упай топтой коёбуз дегендер четтен чыгат. Иликтеп, гезит беттерин карап көрсөк, мындай популисттик ойлор четинен саналат. Бизге окшогон карапайым адамдарга иштеген, иштин көзүн билген адамдар керек.
Дагы кошумчалай кетсек, биздин аймакка «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын программасы менен МТС мындан 2-3 жыл мурда эле ачылып жер менен иштеген карапайым дыйкандардын ишин жеңилдетип берген. Бул идеяны дагы бир партия өзүнө «ээлеп алып», «МТС ачтык» дегенин укканда, бул саясатчылар иштегенди билбегени аз келгенсип, идея уурдаганга да машпы деген ойлор келет экен. Мен партиялардын жакшы жөрөлгөнү туурашына эч кандай ич күйдүлүгүм жок. Болгону, идеясы жок болуп, башкаларды туураса дагы аны жакшы деңгээлде ишке ашырып, шайлоонун шарапаты менен элди куру алдабай, чын жүрөктөн жардам берсе деген тилек.

Жолболду Мамасадыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
kepka
2015-06-29 22:47:09
СДПК да туурап айылдарды шайлоо алдында кыдырып журот((((Онугуу партиясы силерге рахмат!!АЛгалай бергиле!!
+1
kobra86
2015-06-30 15:46:59
туура айтыптыр
0
Merry-RFDV
2015-07-01 16:18:28
технично "Онугуу прогресс" партиясын мактап койдуго))) главное тех-нич-но...
+2
Azura
2015-07-02 19:19:45
Же онугуу прогресске чан жугузбайсынарбы?
+1
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан