ӨНҮККӨН МАЛАЙЗИЯДА АТА-ЖУРТУН САГЫНГАН КЫРГЫЗДАР

Өткөн саныбызда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВдун чакыруусу жана каржылоосу менен аталган өлкөгө барып келген кыргыз делегациясынын сапары тууралуу жазганбыз. Анын жүрүшүндө Малайзиядагы мекендештерибиз менен жолугушуп, ал-абал сурашып, алардын аталган өлкөдө жаратып жаткан ийгиликтерине суктандык. Биз менен сүйлөшүп отурган мекендештерибиз Кыргызстанды сагынганын, ошондой эле кайсы бир күн болсо да, сөзсүз кайтып келишерин айтышты.

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТАГЫ ТЕМИРДЕЙ ТАРТИП
Малайзияда жумушка, айрыкча мамлекеттик кызматка ишке орношуу татаал. Кыргызстандан барып иштейм деп чемоданын даярдап аткандарга кеңеш: «Эптеп жетип алсам бир айласы болор» деген ойду унутуңуз. Жогорку билимге жана малай, англис же кытай тилин билүүгө талап күчтүү жана маселе чечилбей жатканда «сүйлөшпөйлүбү?» деп пара сунуштоо буларда жок.
Мамлекеттик жумушта иштеген аялдарга декреттик өргүүгө 3 ай берилсе, жеке менчик ишканаларда иштегендерге 6 ай берилет. Мамлекеттик ишканалардын көбүндө атайын кызматкерлердин балдары үчүн акысыз бала бакчалар иштейт.
Аталган өлкөдө IT-адистери, программист, техниканы жакшы өздөштүргөн адистер жана тейлөө тармагында кызмат кылгандарга суроо-талап жогору.

«БИЗ БАТЫШТЫН ҮГҮТТӨӨСҮНӨ КИРИП, ТАРЫХЫБЫЗДЫ, ТАМЫРЫБЫЗДЫ УНУТУП БАРАТКАНДАЙБЫЗ...»
Мекендешибиз, малай элинин күйөө баласы ТААЛАЙ МУСАЕВ да кызыктуу маек куруп берди.

– Мен Фрунзеде төрөлүп, ата-энемдин жумушуна байланыштуу Нарын, Ат-Башы, Казарман, Чүйдө да жашадым. Ал эми Малайзияга келип калганымды тагдыр десем болот. 1996-жылы Японияга окуганы барып, келинчегим Жамиля менен тааныштым, малай улутунан экен. Экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, 1998-жылы үйлөнүп, Малайзияга келип калдык. Бир аз жашаган соң эле кайра Японияга барып, 10 жылдай ал жерде иштеп, 2007-жылы гана Куала-Лумпурга келдик. Азыр Жамиля экөөбүз Малайзиянын университетинде япон тилинен сабак беребиз. 2 кыз, 1 уулубуз бар. Улуу кызыбыз Айнура 12де, уулубуз Айдан 6да, кичүү кызым Айхана 5 жашта. Ата-энем башка улуттун кызына үйлөнгөнүмө каршы чыгышкан жок, жигит болгондон кийин бул менин тандоом болду. Бишкекке барып, кыргыз салты менен эле үйлөнгөнбүз. Ал эми келинчегимдин үй-бүлөсүндө башка улутка турмушка чыгуу биринчи жолу болуп жатпагандан кийин түшүнүү менен кабыл алышты. «Негизгиси өзүңдүн тандооң, өкүнбөй тургандай бол» дешкен.
Кыргызстанга барам деп эле жүрөбүз, жарандыгымды да алмаштырган эмесмин. Шарт болсо Кыргызстанды өнүктүрүүгө салым кошсом деген ойлор бар. Малай элиндеги жакшы сапаттардын бардыгы эле бизде бар. Бизге эң негизгиси экономикалык тармактан билимдүү болушубуз керек. Элге акча деген эмне, аны туура пайдалануу, экономиканын пайдубалы деген эмне экенин баарын майдалап үйрөтүү зарыл. Бирөө мага жасап берет дебей, айланадагы майда-чүйдө иштерди өзүң жасай берсең эле чоң иш жаралат. Анан да биз батыштын үгүттөөсүнө көбүрөөк кирип кеттик, тарыхыбызды, тамырыбызды унутуп бараткандайбыз. Япония, Малайзия кандай гана өнүгүп кетти, бизде деле ушул мамлекеттердей болуп өнүгүүгө бардык шарттар бар. Колдон келет, негизгиси эрк керек.

«МАЛАЙ БИЙЛИГИ ӨЗҮ ҮЧҮН ЭМЕС, ЭЛИ ҮЧҮН ИШТЕЙТ»
Учурда Малайзияда жашап жүргөн дагы бир жердешибиз, Кыргызстандын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу КАЛЕН АСАНОВ БИЗГЕ маек куруп берди:
– Өзүм Бишкек шаарында төрөлүп өскөм, Дене тарбия институтун бүтүргөм. Келинчегим Фарида менен да ошол жерден таанышып, табышканбыз. Малайзияга кандайча келип калганым тууралуу айтсам, 2 жылдай Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштедим. 2000-жылы Австралиянын Сидней шаарында өткөн жайкы XXVII Олимпиадалык оюндарга кыргызстандык команда 5 лицензия утуп алып катышканбыз. Менин кол алдымда Алмазбек Раимкулов, Алексей Катулевский, Музаффар Юсупбеков, Владислав Визильтер сыяктуу мыкты спортчулар машыгышты. Сиднейде Малайзиянын курамасын жетектеген адамдар менен таанышып калып, алар мени чакырышты. Келишим түзүп, 2001-жылы Малайзияга үй-бүлөм менен көчүп келдик. Ал убакта Малайзиядагы бокс эң артта эле. Улуттук кураманы 8 жыл жетектедим. Мурунку Британиянын колониясындагы мамлекеттердин арасында 1948-жылдан бери 4 жылда бир бокс боюнча мелдеш болуп турат, мен келгенден бери ошол мелдеште 2 окуучум медаль алды. Буга чейин 1-этаптан өтпөй жүргөн малайзиялык спортчулар 2 медаль алганда дуу эле болушкан. 8 жылда мага кандай жоопкерчилик артышса, баарын аткардым. Элимди уят кылбай жакшы иштейин деп жүрдүм. Бирок чарчап-чаалыгат экенсиң, эл-жеримди сагынып 2009-жылы Кыргызстанга кайттым. Өлкөдө бийлик талаш, кризис болуп турган экен. Барганым менен мени эстеген адам болгон жок. 2 жылдай кагылып-согулуп шарт жоктугунан улам кайра Малайзияга келе бердим. Ооба, мага окшогондор көп. Муну кийин түшүндүм, канчалык оор болсо да адам өзүнүн коомдогу орду үчүн күрөшүшү керек экен. Бир сындырым нан жесе да өз жериңдикин жегенге эч нерсе жетпейт. Малайзиялыктардан үйрөнчү сабак көп, биздин чиновниктер булардан үйрөнүшсө болот. Бардыгы өзү үчүн эмес, эли үчүн иштешет.
Жакында келишимдин мөөнөтү аягына чыгат. Болду узартпайм, мекениме кетем. Чет жер жаштар үчүн экен, жаш өткөн сайын мекениңди баалап, сагынып калат экенсиң. Бул жерден терезени карасаң күнүгө жаңылануу, алдыга жылууну байкайсың, биздин жер да ушундай өнүксө деп тилейбиз. Азыр Малайзияда көп кыргыз жаштары билим алып жатат, ошолор бул жерден алган билим, тажрыйбасын колдонуп Кыргызстанды да ушундай өнүккөн мамлекеттердин катарына кошот деп ишенебиз.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Малайзиядагы кыргыз жарандарынан кабар алабыз
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Ledi89
2015-07-01 23:21:13
Россиядагы кыргыздар документ жагынан кыйналыштыго, качан иш жузуно ашат ? Ушул тууралуда билип бериниздерчи.
0
elif
2015-07-04 05:59:07
emnege men +nu bassam 0 bolup kalip atat?
0
elif
2015-07-04 05:59:58
Azamatsinar bar bolgula,dayim ushunday tirgilikke tin bolup,kaerde jursonor naninardi taap jegendi uyrongulo
0
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан