«Прогресс фонду» коомдук фондунун төрагасы, оппозициядагы жаш саясатчылардын бири Адиль Турдукуловдун жубайы Чолпон Касымбекова редакциябызга кайрылды. «Өлкөнү башкарып жаткандарды көз ачырбай сындап жүргөн бул инсандын үй-бүлөгө болгон мамилесин коомчулук билип, анан чечим чыгарса деген тилекте келдим. Өз үй-бүлөсүн эптей албай жатып, бирөөлөрдү сындап отурганына жол болсун»,- дейт Чолпон айым.
«БИР ЖЫЛДАН БЕРИ АЖЫРАШЫП ЖҮРӨБҮЗ»
– Адиль Турдукулов экөөбүз 8 жылдан бери мыйзамдуу никеде турабыз. Ортодо 7 жаштагы кызыбыз жана 4 жаштагы уулубуз бар. Тилекке каршы, бүгүнкү биздин жашоодо ажырашуу деген кеп жаңылык деле болбой калбадыбы. Биз дагы мамиленин келишпестигинен эки айрылыш жолго түшүп, акыркы бир жылдан бери мен ата-энемдин үйүндө жашап жатам. Эки балабыз мени менен калды. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, төбөм менен жер казсам дагы балдарымды өзүм эле багып алам. Мен силердин гезитке балдарым каралбай калды, аларды бага албай калдым деп окурмандардын боору ачышын каалап келген жокмун. Коомчулукта төбөсү көрүнүп, журналист кесибин аркалап, элдин маселесин чечүүгө жан үрөмүш болуп жүргөн Адиль Турдукуловдун эң жөнөкөй «кичинекей мамлекетин» эптей албаганын ачыктоону туура көрдүм. Бирок биз ажырашып жатканда, мен ага «ажырашуу маселеси экөөбүзгө гана тиешелүү болсун. Ансыз деле балдардын психологиясы бузулуп жатат. Эгерде аларга тиешелүү маселе чыгып калса, биологиялык атасы жана энеси болгондон кийин, чогуу чечели, жоопкерчиликтен качпайлы» дегем. Менин мындай сунушум аткарылбай, балдарынан безип жүргөнүнө, мен ал адамды 7 жылдан бери жашап билгендиктен анчейин таң калган жокмун. Бирок адам катары, балдарынын атасы катары жоопкерчиликтен качпайт деп жаңылыптырмын.
«АЛГАН НАСЫЯСЫН ТӨЛӨБӨЙ, МАГА ООДАРЫП КОЙДУ»
– 2013-жылдын апрель айында Адиль Бишкектеги насыя берүүчү компаниялардын биринен 150 миң сом насыя алган. Үч жылга берилүүчү насыя үчүн менден суранып, ата-энем сатып берген автоунааны күрөөгө койгон. Ал алган насыясын төкпөй коюп, компания менин машинамды алып койду. Унаамды чыгарып алыш үчүн Адилдин 137 951 сом карыз акчасын насыя берген компанияга төлөп беришим керек.
150 миң сомдон 137 951 сомго сумманын азайышын да түшүндүрө кетейин. 2015-жылдын январь айында оппозициячыл топ АКШга сапар тартты. Арасында Адиль да бар болчу. Бирок анын карызы бар болгондуктан, чек ара кызматы сот токтомунун негизинде ага Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө тыюу салып койду. Ошондо ал өзүнө керек болгондо кайдан жайдан 27 миң сом таап келип компанияга төлөп, сыртка чыгууга уруксат кагазын ала коюп, кечиксе да топтун артынан Америкага барып келди. Ошол кездерде Адилге кайрылып, «жок дегенде балдарга сүт алып берип койчу» десем, ошону да алып берген эмес.
«БАЛДАР БАЛА БАКЧАДАН ЧЫГЫП КАЛЫШТЫ»
– Кызым менен уулумду кезегинде Адиль өзү келишим түзүп, шаардагы жеке менчик бала бакчалардын бирине бергенбиз. Ал жакка да атадай болуп акысын төлөбөй жүрүп, карызыбыз 59 миң сом болуп кетти.
Июнь айынын башында 1 жылдан бери толук кандуу үй-бүлө болуп жашабагандыгыбызды эске алып, бизди ажыраштыруу тууралуу арызды сот кароодо. Муну менен эмне дегим келип турат? Адиль Турдукулов коомдо болуп жаткан ар түрдүү кырдаалдарга, мамлекет башчыларына жана алардын ишмердүүлүгүнө тиешеси болсо болбосо деле сын тагып, күнүнүн дээрлик бардыгын интернеттеги социалдык тармактарда ар түрдүү постторду жарыялоо менен өткөрөт. Колун жоорутуп, маңдай тер төгүп, майда иштен баштап, бийиктикке жетүү деген нерсе түшүнө да кирбейт. Ал асмандан «топ» этип түшө калып, оңой-олтоң мамлекеттин бир майлуу-сүттүү жерине отуруп калууну көздөгөн адам. Эл адамы болом деп дымагы көккө жеткен, эзели эч нерсеге ынанып, эч кимге ыраазы болбогон, топук кылбаган саясатчы сөрөйдүн анык жүзүн эл билип алышы керектигин туура көрдүм. Бул чындыктан кийин Адилден баарын күтсө болот. Пиар, жалган, виртуалдуу, самындын көбүгүндөй болгон образын сактоо үчүн керек болсо балдарынан да баш тартууга барарын билип туруп коомчулуктун көзүн ачуу ашыктык болбойт.
Жаш саясатчы Адиль Турдукуловдун жубайынын оюн угуп, бул боюнча Турдукуловго да байланыштык. Анын да пикирин кийинки сандарыбызда бермекчибиз.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg